Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:24

Кайра шайлоо: үгүт жана айыптоо


2021-жылы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо.
2021-жылы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун үгүт өнөктүгү өтүүдө. Былтыр өткөн парламенттик шайлоодо баарына каршы добуш бергендер басымдуулук кылган шайлоо округдарында шайлоо өнөктүгү кызыды.

БШК эки округдан шайлоого катышууга 53 талапкерди каттаган, үгүт өнөктүгү башталгандан бери беш талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын арыз-даттанууларды каттаган бирдиктүү реестринде 18-февралга карата 14 арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгү үгүт материалдарын туура эмес жерге илип, мамлекеттик мекемелерге жакын жерде үгүт иштерин жүргүзүп жатканы тууралуу.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов азыркы убакытка карата өтө чоң мыйзам бузуу болбогонун айтты.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Шайлоонун үгүт иштеринин жол-жоболору бузулганы тууралуу арыз-даттануулар түшүп жатат. БШКнын алдындагы жумушчу топ ал арыздарды тыкыр иликтеп чыгып Боршайкомдун кароосуна киргизүүдө. Көбүнчө үгүт материалдары мамлекеттик мекемелерге илинип жатканы боюнча. Ошондой эле талапкерлер маалымат каражаттарында ырасталбаган материал чыкканы үчүн арызданышты. Ал кайрылуулар дагы каралып, интернет басылмалар мыйзам чегинде маалыматын төгүндөп жатат”.

Айыптоо жана төгүндөө

БШКнын арыз-даттанууларды каттаган бирдиктүү реестрине "Биринчи май округунан талапкер Элвира Сурабалдиевага үй комитетинин башчысы үгүт жүргүзүп жатат" деген маалымат түшкөн. Тергөө кызматы аталган факт аныкталбаганына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Свердлов районунан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевге үгүт материалдарын мамлекеттик мекеменин жанына жайгаштырды деген төрт арыз түшкөн.

Ушул эле округдан талапкер болуп чыккан Аскар Алмаз уулунун үстүнөн дагы үгүт иштеринин мыйзамын бузду деп эки арыз жазылып, БШКнын жумушчу тобунун кароосунда.

Борбордук шайлоо комиссиясына “Жалпы иш” коомдук фонду Свердлов шайлоо округунан талапкер Элнура Алканова добуш сатып алууга аракет кылууда деп кайрылган. Тергөө тобу добуш сатып алуу фактысы аныкталбаганы үчүн кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Ошондой эле, БШКга Свердлов шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазов “Вечерний Бишкек” басылмасына жарыяланган макала боюнча арызданган. БШК арызды карап чыгып “Вечерний Бишкек” маалыматын төгүндөсүн деген чечим чыгарган.

Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Элнура Алканова “Кактус медиа” басылмасына ал жөнүндө чыккан маалымат боюнча арызданды.

Кайра шайлоого байкоо салып жаткан “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэл Аалиев үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу буларга токтолду.

“Биздин фонд тарабынан добуш сатып алуу боюнча бир факт берилген. Бирок укук коргоо органдары факт аныкталган жок деп кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Тилекке каршы, бул шайлоодо дагы үй комитеттеринин, квартал башчыларынын кийлигишүүсү болуп жатат. Байкоочулардын айтымында, шайлоочулар менен жолугушууда алар келип үгүт жүргүзүүдө. Андан тышкары шайлоо комиссияларынын өз иштерине кыянаттык кылганы, үгүт мыйзамдарын бузганы боюнча арыздар округдук шайлоо комиссияларына жибердик".

2021-жылы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов райондук бир мандаттуу округдарында “баарына каршы” деген добуш көп болгон. Бишкектеги Ленин шайлоо округунда дагы аз жерден “баарына каршы” добуш бергендер көпчүлүктү түзүп кала жаздаган.

Медиа эксперт Семетей Аманбеков былтыркы шайлоодо Бишкектеги шайлоо округдарында “баарына каршы” добуш бергендердин көп болушу шайлоочулардын талапкерлерди жакшы тааныбастыгынан болгонун айтууда. Аманбеков бул жолку шайлоодо талапкерлер болушунча шайлоочуларга таанылганга аракет кылып жатат деген пикирде.

“Албетте, жалпы шайлоо өткөндөй эмес. Бирок эки районго чоң-чоң саясатчылар кошулду. Ошолор үгүт иштерин жакшы өткөрүп жатат. Өзүм Биринчи май районунда турам, биздин короого чейин келип үгүт иши жүрүп жатат. Бул эки райондо эмнеге “баарына каршылар” уткан? Анткени, талапкерлер активдүү болгон жок, жалпыга тааныла алган жок деген сын болгон. Менин байкоомдо, бул жолу талапкерлер ошол катаны эске алып жаткандай”.

Көп акча короткон талапкерлер

Мыйзамга ылайык, кайра шайлоонун мөөнөтү үчтөн экиге кыскарып, 20 күндүк үгүт иштери 7-февралда башталган. Талапкерлердин шайлоо фонду 10 миллион сомдон ашпай, талапкерлердин, жеке жарандардын каражатынан түптөлөт.

18-февралга карата Биринчи май шайлоо округунда эң көп акчаны үч талапкер коротту. Алар - Элвира Сурабалдиева – 2 млн. 171 миң, Бектур Абдыкадыр уулу – 989 миң жана Данияр Ибраймакунов – 290 миң сом.

Ал эми Свердлов шайлоо округунда эң көп акча короткон талапкерлер, Абдурахманхажи Муртазалиев - 3 млн. 226 миң, Элнура Алканова - 1 млн. 209 миң, Бакыт Саадабаев - 931 миң сом.

Саясий эксперт Марс Сариев бул жолку шайлоодо деле ким шайлоо кампаниясын жакшы уюштура алса, ошол утарын айтат.

“Бишкектиктер шайлоого аз катышары белгилүү. Андан тышкары президенттик башкарууга өткөндөн кийин парламенттин ролу төмөндөдү. Ошондуктан мен ким шайлоону жакшы уюштурса ошол жеңет деп айтат элем. Жакшы талапкерлер бар экени анык. Бирок жакшы ат үчүн гана добуш бербейт”.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 миң 599 киши. Тизме тактоо 16-февралда жыйынтыкталды.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 2021-жылы 28-ноябрда шайланып келди. 90 депутаттан турган VII чакырылыш 29-декабрда ишин баштаган. 2021-жылы жүргөн конституциялык реформага ылайык 90 депутаттын 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG