Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:28

Парламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду


Талант Мамытов парламенттин жыйынында. 29-декабрь, 2021-жыл.
Талант Мамытов парламенттин жыйынында. 29-декабрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, ишке киришти. Алгачкы сессияда "Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды.

Анын талапкерлигин 87 депутаттын 63ү колдоду. Бул кызматка "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан сунушталган Адахан Мадумаровдун талапкерлигин 10 депутат колдоп, 14ү экөөнө тең каршы добуш берди.

Добуш берүү бюллетень салуу аркылуу өттү. Анын жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы, депутат Таалайбек Масабиров жарыялады.

VII чакырылыштын депутаттары бүгүн, 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Добуш берүүдөн мурда алар парламенттин ишин илгерилетүү, аброюн көтөрүү жана айрым мыйзамдар боюнча ойлорун айтышты.

Талант Мамытов - президент Садыр Жапаровдун саясаттагы эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин 6-чакырылышка төрага болуп шайланган.

Спикер шайлоого чейин парламенттин алгачкы отурумун шайланып келген эл өкүлдөрүнүн эң улуусу, "Ынтымак" партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып, депутаттар ант беришти.

№30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берген жок. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Эл өкүлдөрү ант бергенден кийин депутат Бакыт Төрөбаев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы түзүлгөнүн жарыялап, ага 33 депутат киргенин билдирди. Фракциянын лидери болуп Төрөбаев дайындалган.

Аны улай Улукбек Ормонов "Ишеним" фракциясы түзүлгөнүн айтып, лидери өзү экенин, ага 12 депутат киргенин билдирди.

"Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев ушундай эле аталышта фракция түзүлгөнүн, анда тогуз 9 депутат бар экенин айтты. Бирок алар башка топко бириге турганын жарыялады.

"Биз менен чогуу бир мандаттуу округдардан чыккан депутаттар менен башка топко барууну чогуу, биргеликте чечтик", - деди.

"Альянстын" лидери Алтынбек Сулайманов алардын фракциясы бүгүнтөн баштап эркин фракция болорун жарыялады. Курамында жети депутат бар.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Жогорку Кенеште фракцияларга биригүү тартибине токтолду. Ал учурда күчүндө турган регламентке ылайык, парламенттик фракция бул - тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган Жогорку Кенештин депутаттарынын бирикмеси экенин айтты. Андыктан фракцияларга биригүүгө шашылбай турууга чакырды.

"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Адахан Мадумаров учурда иштеп жаткан регламентке ылайык, депутаттар ант бергенден кийин биринчи жыйын жабылышы керектигин эскертти.

Бакыт Төрөбаев парламенттин аппаратына сын айтып, мындай катачылыктарга жол бербеш керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында талаш-тартыштан кийин парламенттин алгачкы отурумун алып барган Шарапаткан Мажитова жыйынды жаап, саат 15:00гө чейин танапис жарыялады.

Парламенттик шайлоо

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды.

"Баарына каршы" көп добуш берилген Биринчи май жана Свердлов округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК жараксыз деп тапты. Бул округдарда 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

Парламентке кимдер келди?

Алтынчы чакырылыштын 30дай депутаты кайра шайланып келди. Жаңы курамда жашы 30дан эми ашкан ишкерлерден тартып, блогер, бийликти кескин сындаган активист, мурунку аткаминерлер бар.

Элдин элегинен өткөндөрдүн арасындагы коомчулук көңүл бурган талапкерлер кимдер? Коомдук тамактануучу жайларды, тамак-аш саткан дүкөндөрдү кыдырып, санитардык абал жөнүндө видео тарткан блогер Эрулан Кокулов, таанымал акын Мирлан Самыйкожо, диний насааттары менен белгилүү болгон мурдагы министр Нуржигит Кадырбеков, социалдык тармактарда бийликти кескин сындаган активист Орозайым Нарматова мандат алды.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин бийлигинен бери оппозицияда жүргөн саясатчы Адахан Мадумаров, 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча айыпталып, жаза өтөп чыккан, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, Ошто "таасирдүү фигура" аталган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Сүйүн Өмүрзаков, камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаедин уулу Сеид Атамбаев, бийликти кескин сындап жүргөн эл өкүлү Дастан Бекешев депутат болду.

Парламенттеги билдирүүлөрү элдин талкуусунда калган алтынчы чакырылыштын депутаттары Тазабек Икрамов жана Дастан Жумабеков да шайлоодо өз атаандаштарын утуп чыгышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG