Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

"Жүн менен кошо миң сомдуктарды өрттөйбүз"


Койдун жүнүндө өсүмдүккө өтө керектүү элементтер бар. Учурда Батыш өлкөлөрү жүндөн жасалган жер семирткичтин пайдасын көрүүдө. Кыргызстан дагы ушул ыкмага өтсө болобу?

Мурдагы айыл чарба министри, ишкер Тилек Токтогазиев "Азаттыкка" жүндүн касиети жана андан киреше табуу жолун айтып берди.

- Тилек мырза, жакында эле социалдык баракчаңызга койдун жүнүнөн жер семирткич жасаса болорун жаздыңыз. Жүн оңой менен чирибейт эмеспи. Мындан улам сиздин постуңузду окуганда таң калдым.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

- “Жүн оңой менен чирибейт” деген миф. 2018-жылы Германияда жүргөндө Вюрцбург-Швайнфурт илимий изилдөө институтунун атайын чарбасына баргам. Ал жерде органикалык айыл чарба бар экен. Күнөскана болчу. Адистери акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, ар кандай жер семирткичтерди көрсөттү. Алардын арасынан мага белгисиз гранула көрүп калдым. “Бул эмне?” десем “Сен кандай деп ойлосуң?” деп кайра өзүмө суроо беришти. Ойлонуп, эмне экенин таба албай койдум. Көрсө табигый жүндөн жасалган жер семирткич экен. "Эч кандай аралашмасы жок, 100% койдун жүнү” дешти. Жүндү майдалап, анан пресстеп, гранула жасашат экен. Аны көрүп, аябай таң калгам. Ошол жерде иштегендердин айтымында, бир килограмм жүндө 100 грамм азот, 50 грамм калий, 18 грамм күкүрт бар экен. Андан тышкары 760 грамм органикалык зат бар дешти. Германияда жүн органикалык жер семирткич катары кымбат бааланат экен. Азыр ал жакка жүн Монголиядан ташылып жатат. Немистер аны 3,5 еврого алып жер семирткич жасап, кайра эле бир килограммын 10 еврого сатышат. Бул биздин 1000 сомго барабар акча. Андыктан мага Кыргызстанда жүндү өрттөп жатышканда, жүн эмес, миң сомдук купюралар өрттөлүп жаткандай эле көрүнөт.

- Келиңиз, химия сабагын бир эстеп коелу. Жүндө калий, күкүрт, азот бар деп жатасыз. Адис катары бул химиялык заттардын касиети, өсүмдүккө пайдасы тууралуу азыноолак айта кетпейсизби?

- Өсүмдүктүн тамырын күчтөндүрүү үчүн фосфор берүү керек. Мисалы, картөшкөгө фосфор көбүрөөк керек. Жүндүн курамында фосфор жок, бирок азот бар. Азот өсүмдүктүн жалбырактары жашыл, сабагы жоон болушу үчүн керек. Гүлдөп жана мөмө түйгөнгө, анын чоңоюшуна калий жооп берет. Күкүрт өсүмдүктүн ден соолугун чыңдап, ар кандай мителерден коргойт. Жүн андан тышкары топуракты байытканга жардам берет, анткени курамында май бар. Бул жөнүндө уккандан кийин, 2018-2019-жылдары өзүмдүн күнөсканамда эксперимент кылып бадыраң өстүргөм. Түшүмү жөн эле өстүргөн бадыраңга караганда мол болду. Эки жыл өзүмдүн тажрыйбамдан өткөргөндөн кийин 2020-жылдан баштап элге акырындап жайылта баштадым. Жабык семинарларда айтып жүрдүм.

"Картөшкөнүн астына жүн салып койсоңор болот” деп видео тартып, YouTube каналга да чыгаргам. Албетте, жүн 100% башка жер семирткичтерди алмаштыра албайт. Бирок кандайдыр бир деңгээлде аммиак селитрасынын (аммоний нитраты) ордун алмаштырышы мүмкүн. Бир килограмм селитрада 340 грамм азот бар. Ал эми жүндө 100 грамм. Демек, 1 килограмм селитраны 3 килограмм 400 грамм жүнгө алмаштырсак болот.

Эмнеге немис фермерлер жүндүн килограммын биздин акча менен 1000 сомго сатып алышат? Эгерде жаман жер семирткич болсо, илимге таянган немистер аны эч качан 1000 сомго сатып алмак эмес.

- Жүндө калий барын айтып өттүңүз. Кыргызстандын дыйкандары калийди Өзбекстандан аларын уккан элем. Минералдык жер семирткич менен органикалык жер семирткичтин айырмасы барбы дегеним?

- Бизде стереотиптер күч, ошол эле минералдык жер семирткичтерди зыян деп жүрүшөт. Бирок илимдин тили менен айтсак, органикалык жер семирткичтер деле минералдаштыруу процессинен өтөт. Ошонун негизинде тамыр аркылуу өсүмдүктүн жалбырактарына, мөмөлөрүнө керектүү минералдар тарайт. Муну илимде “транспирация процесси” деп аташат. Байкашымча, эл арасында малдын кыгы минералдык жер семирткичтен жакшы деген түшүнүк орноп калган. Бирок кыкта аммиак көбүрөөк болуп калышы мүмкүн. Малга туз берилет да, туз кыкка аралашып, жерди туздуу кылып салышы мүмкүн. Кыктын арасында ар кандай отоо чөптөрдүн уругу, микробдор болушу мүмкүн. 2012-жылдан берки тажрыйбама таянып айтсам, ченемден ашырбаса минералдык жер семирткичтин зыяны жок. Бул биз жеп жүргөн туздай эле. Тузду көп жесек ден соолукка зыян, бирок аны жебей койсок да ооруга чалдыгабыз. Минералдык жер семирткичтер деле ошондой эле.

- Айылдарда сиз айткандай, чарбакка кыштай күл жана кык төгүп чыгышат эмеспи. Жол-жобосун билбесе ал деле өсүмдүккө зыяндуу болсо керек?

- Жүндүн эмнеси жакшы, анын химиялык курамы бардык жакта бирдей. Нарындын жүнүбү, Оштукубу, ал тургай Германиянын жүнүбү айырмасы жок. Кыктыкы ар кандай, малга берилген жемге жараша болот. Акыркы кезде биогумус дагы мода болуп кетпедиби. Анын дагы курамы ар кайсы жерде ар кандай болушу ыктымал. Анткени сөөлжанга бирөө кык, башкасы картөшкөнүн кабыгын же дагы башка калдыктарды бериши мүмкүн. Агрономиялык жактан караганда ар бир өсүмдүктүн өзүнүн диетасы бар. Ошого ылайык азот, фосфор, калий, цинк, марганец, темир жана башка макро, микро, мезо-элементтер керек экени аныкталган. Минералдык жер семирткичтерди туура колдонгондо өсүмдүк өзүнө керектүү көлөмдө ушул заттардын баарын алат.

- Сиз келердин астында маалыматтарды карап чыктым. Норвегияда илгертен эле жүндү жерге көөмп коюшчу экен. Ошол жерге чөп калың чыгарын байкашыптыр. Бирок азыр ал жактагы фермерлер дагы жүндөн жер семирткич жасоого өтүшкөн экен.

- Органикалык чарба өнүккөн мамлекеттердин баарында жүндөн жасалган жер семирткичти колдоно башташты. Эгер биз ушул ыкманы өнүктүрүп кетсек, дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирип калабыз. Дүйнөлүк рынокко өз атыбыз менен чыгышыбыз мүмкүн. Бизде бейрасмий 8 миллион кой бар. Расмий маалыматта малдын саны азыраак. (Айыл чарба министрлигинин 2022-жылда жүргүзгөн эсептөөлөрүнө ылайык, Кыргызстанда 1 млн 800 миңге чукул бодо мал бар, кой-эчкинин саны 6 миллиондон, ал эми жылкынын саны жарым миллиондон ашык-ред.) Жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөм. Фермерлер ар кандай убаракерчиликтен качыш үчүн малдын санын азыраак көрсөтүп коет экен. Эми ошол 8 миллион койдон бир жылда ар биринен 3 килограмм жүн чыгат дейли, жалпы эсептесек 24 миң тонна же 24 миллион килограмм жүн топтолот. 24 миллион килограмм жүндү 3 евродон эле Европага сатсак, мамлекетке жылына экспорттон 72 миллион евро киреше алып келе турган тармакка айланып кетиши мүмкүн. Биз мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек.

- Кыргызстан суу башында турганы менен өткөн жылдары кургакчылык кээрин тартпадыбы. Жүндөн жасалган жер семирткич жердеги нымды жакшы кармайт деп окуп калдым. Демек, сууну да үнөмдөйт тура.

- Ишенсе болот. Жүн топуракты борпоңураак кылып берет. Жалаяктай болуп (памперс), сууну кармайт. Азыр минералдык жер семирткичтер өтө кымбат. Акыркы жылдары баасы эки-үч эсе өстү. Андыктан жүндү иштетүү дыйкандарга жеңилдик бермек, сууну да үнөмдөмөкпүз.

- Бир жакка импорттоло турган продукция лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек да, туурабы? Кыргызстандын жүнү ошол лабораториялык текшерүүдөн өттүбү? Европанын стандарттарына туура келеби?

- Жүн боюнча видеолорду чыгаргандан кийин Айыл чарба министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн мага “Биз жүндү кайра иштетүү долбоорун баштап жаттык элек. Сиз жүн боюнча теманы Кыргызстанда биринчилерден болуп көтөрүп жүрдүңүз, ушуну элге жайылтуу керек” деп кайрылышкан. Коммерциялык жактан карай турган болсок, ал мага кызыксыз, анткени башка тармакта бизнестерим бар. Бирок элге жайылта турган долбоор болгону үчүн катышып, грант утуп алганбыз. Ага Ысык-Көлдө ушундай цех ачкан Бегимжан Молдобаева деген келинге жабдыктарды сатып бердик. Ошонун базасында Кыргызстан боюнча 120 фермерди окутууга милдеттенме алдык. Бегимжан айым өз акчасына Кыргызстандын жүнүн Германиянын лабораториясына жиберген. Ал жактан текшерүүдөн өткөндө биздеги жүндүн сапаты аябай жогору экени аныкталды. Германияда биздикине карганда нымдуулук жогору, бизде андай эмес. Кайсыл жерде аба кургак болсо, жүндө азот ошончо көп болот экен. Демек биздики талапка жооп берет.

- Акыркы жылдары айылдарга барып калсаң, жүн талаада же таштандыда чачылып жаткан болот. Жер-сууну булгабаш үчүн аны өрттөп салгандар да бар.

- Жүндү өрттөө табиятка зыян.

- Бирок ал желим эмес да?

- Илимпоздордун айтымында, өрттөлгөн жүндүн түтүнү абадагы көмүр кычкыл газын көбөйтөт.

- Мисалы, айылдагы бир адам сиздин маегиңизди окуп, кызыгып калышы мүмкүн да. Анда жүндү кантип даярдайт, жолдору кандай деген суроо туулушу ыктымал. Жүндөн жер семирткич жасоо үчүн аны ачытуу керекпи же жөн эле кургак салса болобу дегендей?

- Эч кандай маселе жок. Жүндү жуубай, башка нерсе менен аралаштырбай өзүн эле жасайт. Аны иштетүүгө суу деле кетпейт.

Биздин окутуудан өткөн дыйкандар ар бир айыл өкмөткө чакан ишкана ачса, жогорудагы көйгөлөрдөн арылабыз деген үмүт бар.

Жүндөн жасалган жер семирткичти адегенде өзүбүздүн талааларга эле жеткирсек чоң жеңиш болмок. Бара-бара бул рынок калыптангандан кийин ишкерлер пайда болуп, ири көлөмдө жер семирткич өндүрүп, экспортко чыгарып калышы мүмкүн.

- Сыр болбосо жабдыктар канча турат?

- Жабдыктардын түрлөрү аябай көп. Мисалы, биз Кытайдан алдырттык. Кубаттуулугу бир саатта 150 килограмм жүндү иштете турган орточо жабдык. Андан кичинекейлери, чоңдору бар. Ошого жараша баасы арзаныраак же кымбатыраак болушу мүмкүн. Чакан ишкананы 1-2 миллион сом менен деле уюштуруп койсо болот.

Бегимжанга баасы 3.5 миллион сомго жакын үч жабдык сатып бергенбиз: биринчиси - жүндү майдалайт; экинчиси - пресстеп, гранула чыгарып берет; үчүнчүсү - таңгактап, чоң каптарга салат. Муну автоматташтырылган линия деп койсок болот. Ушунун ичинен таңгактоо гана кымбатка түшөт. Майдалап, гранула чыгарган чакан ишкананы айыл өкмөттүн деңгээлинде уюштурса болот.

- Долбоорду ким каржылап жатат?

- IFAD (International Fund for Agricultural Development) уюму. Биздин тилге которсок “Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду”. Айыл чарба министрлигинин алдында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү аркылуу бул уюм бизге акча бөлөт.

- Бейөкмөт уюмдун акчасы турбайбы?

- Ооба, эл аралык уюмдун акчасы. Биздин ассоциацияга акча бөлүүнү өздөрү сунуштаган. Биз конкурска катышканбыз. Ошону утуп, Бегимжан Молдобаевага жабдык сатып бердик, фермерлерди окутуу милдетин алдык. Буюрса, анын базасында жазында, жайында окутуу уюштурабыз. Планга киргизгендей эле Кыргызстан боюнча 120 фермерди Ак-Сууга чакырабыз. Бул долбоор үчүн бюджетибиз чакан. Ошол үчүн чындап ынтызарлар менен иштешели дедик. Кызыгып, кийин ишти алып кете алгандарды гана үйрөтөбүз.

Подкастты толук аудиодон уксаңыз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG