Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Илим: балыктын чийки эти тери рагын козгойт


Өз "тилин" ойлоп тапкан жасалма интеллект. Окумуштууларга жардамга келген жөргөмүш желеси. Куурулбаган балыктын тери рагы менен байланышы. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Жөргөмүш желеси аба көрсөткүчү боло алабы?

Ольденбург университетинин окумуштуулары микропластиктин абадагы курамын аныктоонун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Жардамга кадимки жөргөмүштүн желеси келди. Жөргөмүш желеси шаар абасынын оор бөлүкчөлөр менен канчалык булганганын аныктоодо укмуштуудай органикалык каражат экени анык болду.

Аталган университеттин изилдөөчүлөрү Ольденбург шаарындагы аялдамаларда, жерден эки метр бийиктикте топтолгон жөргөмүш желесин чогултуп, атайын анализден өткөрүшкөн. Желеге микропластиктин ар кандай түрү жабышып, желенин жалпы салмагынын он пайызын түзгөн. Чогулган заттар көбүнесе полиэтиленден жана унаалардын дөңгөлөктөрүнөн бөлүнүп чыккан микро бөлүкчөлөр болуп чыкты.

Изилдөөчү топ абадагы микропластиктин мындай көлөмү жаңылык болбогону менен, аны аныктоодогу жаңы жөнөкөй, жеткиликтүү ыкма ачылганын айтат.

Пластикти өндүрүүдөн улам дүйнөнү булгап жаткан микропластик бардык жерге жеткени белгилүү. Океандардарда, бийик чокуларда кездешкен бул микроскопиялык таштанды адам канынан да табылган эле.

Булак: ScienceAlert

Балык менен тери рагынын байланышы

Браун университетинин окумуштуулары куурулбаган балыкты көп жеген адамдарда теринин рак оорусуна чалдыгуу ыктымалдуулугу жогору экенин айтып чыгышты. Алардын эсебине ишенсек, жумасына 300 грамм балык жеген адамдардын меланомага чалдыгуу ыктымалдуулугу күнүнө 3,2 грамм жегендерге салыштырмалуу 22% жогору.

Мындай жыйынтыкка келүүдөн мурда окумуштуулар балыкты дайыма жеген 491 367 кишинин катышуусунда тажрыйба жасашып, тери рагынын жайылуу көрсөткүчүн эсептешкен. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай байланышка балыктын денесине топтолгон диоксин, мышьяк, сымап сыяктуу ар кандай зыяндуу заттар себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле балык жегенден кийинки адамдын жүрүм-турумундагы башка өзгөрүүлөр да теринин оор илдетине алып келиши ыктымал.

Окумуштуулар бул изилдөө жөн гана байкалып жаткан тенденцияны көрсөтөрүн, изилдөө балыктан толук баш тартууга себеп болбошу керектигин, анын пайдасы алда канча көп экенин кошумчалашат.

Булак: ScienceAlert

Жасалма интеллект өз "тилин" ойлоп тапты

OpenAI компаниясы иштеп чыккан DALL-E 2 нейротармагы өзүнүн "тилин" ойлоп тапканы байкалды. Бул нейротармак берилген тексттин негизинде сүрөттөрдү таап берүүгө ылайыкташкан.

Көп өтпөй колдонуучулар бул нейротармактын иштөө процессиндеги кызык жагдайды байкашкан. Нейротармак түшүнүксүз сөздөргө да тиешелүү сүрөттөрдү таап бере баштаган. Бир караганда жөн гана тамгалардын туш келди жыйындысы катары сезилген бул сөздөрдү кайрадан жазганда, нейротармак ошол эле жыйынтыкты берген.

Мисалы, Apoploe vesrreaitais деп издегенде чымчыктардын сүрөтүн берет. Ал эми Contarra ccetnxniams luryca tanniounons деген сөздө курт-кумурсканын сүрөттөрүн чыгарат. А эгер экөөнү бириктирип, Apoploe vesrreaitais eating Contarra ccetnxniams luryca tanniounons дегенде курт-кумурска жеп жаткан куштун сүрөттөрүн таап чыгат.

Нейротармактын бул жаңы "тили" кандай жагдайда пайда болгону жөнүндө ар кандай божомолдор айтылганы менен, азырынча так тыянак жок.

Булак: ScienceAlert

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG