Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Атакама чөлүндөгү "ажыдаардын" калдыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы аптада илим дүйнөсү табылгаларга бай болду. Чилиде 160 миллион жыл мурда жашаган "учуучу ажыдаардын" калдыктары, Германиянын Любек шаарында согуш убагында бомба түшкөн үйдүн астында калган жаңгак торту табылды. Түркияда байыркы мозаика изилденүүдө.

Учуучу ажыдаардын калдыктар

Чилидеги Атакама чөлүнөн “учуучу ажыдаардын”, тактап айтканда, юр дооруна (мезозой эрасынын экинчи доору) таандык птерозаврдын (архозаврлар же байыркы кескелдириктердин түркүмү) калдыктары табылды.

Буга чейин ал Жердин түндүк жарым шарын гана байырлап келгени белгилүү болчу. Түштүк Америкадагы бул ачылыш тууралуу толук маалымат Acta Palaeontologica Polonica журналына жарыяланды.

Жырткычтын калдыктарын Атакама чөлүнүн тарыхы жана маданияты улуттук музейинин директору Освальдо Рохас тапкан. Табылганы Чили университетинин окумуштуулары изилдөөгө алышкан. Учуучу жандык птерозаврлардын тобуна кирип, мындан 160 миллион жыл мурда жашаган. Учтуу узун куйругу, канаттары жана сыртка карай өскөн курч тиштери болгон.

Юр дооруна таандык мындай жандыктын алгачкы ирет Жердин түштүк жарым шарында табылып жатканы да дагы кызыктуу жагдай болуп калды. Изилдөөнү жетектеген Чили университетинин окумуштуусу Жонатан Аларкон “Ачылыш бул топтогу жаныбарлардын жайылышы буга чейин белгилүү болгондон да кеңири экендигин көрсөтөт. Ушул эле топтогу птерозаврлар Кубада да бар. Демек, алар Түндүк жана Түштүк жарым шарлардын ортосунда учуп же кайсы бир мезгилде келип, ошол бойдон байыр алып калышы мүмкүн”, – дейт.

Булак: reuters.com

(Шилтеме: https://www.reuters.com/lifestyle/science/flying-dragon-dinosaur-roamed-southern-skies-too-scientists-say-2021-09-10/)

Бомба түшкөн шаардагы торт

Германиянын Любек шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы жардырууда бузулбай калган торт табылды. Немис археологдорунун колуна тийген жаңгактан жасалган торт 1942-жылы британиялыктар Любек шаарын бомбалаган күнү жасалган.

Ал бомбалоодо 320 киши каза таап, шаардын 15 миң тургуну үй-жайынан ажыраган. Бирок жаңгактан жасалган торт сынык идиштер жана пластинка менен кошо үйдүн жер төлөсүндө сакталып калган. Десерт жергиликтүү соодагер Иоганн Хитценин (Johann Hitze) үйүндө Пальма жекшембисинин урматына жасалганы маалым болду.

Любектеги археологдордун тобунун жетекчиси Лиза Ренндин (Lisa Renn) айтымында, торт күйүп, ышталып калган. Жардыруу учурундагы жогорку температурадан улам көлөмү да кичирейип кеткен. Ошентсе да ал сакталып калган. Атүгүл, кооздук үчүн коюлган розалары да ошол бойдон сакталган. Бул жана башка табылган буюмдар каргашалуу ошол күндүн картинасын чогултууга көмөкчү болду. Эми жаңгак торт атайын анализден өтүп, келечекте да бузулбай тургандай кароодон өткөн соң музей экспонатына айланмакчы.

Булак: dw.com

(Шилтеме: https://www.dw.com/ru/v-ljubeke-nashli-tort-ucelevshij-vo-vremja-bombardirovki/a-59141401?maca=rus-facebook-dw&fbclid=IwAR2NQmNZib0UzKVXAQm6vSfhKqOrEA_61oBmJ69QZIiItC_CAN4kCP4VKVM)

Түркиянын байыркы мозаикасы

Түркиянын археологдору Ушаклы коргонундагы казуу иштери учурунда мындан 3500 жыл мурдагы мозаиканы таап алышты. Жакын арада бул табылга дүйнөдөгү эң байыркы мозаика катары расмий таанылышы мүмкүн. Бул жөнүндө Daily Sabah басылмасы билдирди.

Ушаклы коргону Йозгат провинциясынын Соргун районунда жайгашкан. Бул жердеги алгачкы археологиялык чалгындоо иштери 2008-жылы жасалып, 2012-жылы казуу иштери башталган. Аны Түркиянын маданий мурастардын жана музейлердин Башкы башкармалыгы, Бозок университети жана Италиядагы Пизан университети биргеликте өткөрүүдө.

Узак убакытка созулган казуу иштери эми гана натыйжа берип жатат. Табылган мозаиканын узуну жети, туурасы үч метр келип, 3147 таштан турат. Айрым окумуштуулар анын курагы 3500 жылдан да көп болушу мүмкүн деп божомолдошот. Маданият жана туризм боюнча аймактык департаменттин директору Хусейн Чифтчи “Бул дүйнө тарыхындагы алгачкы мозаика” десе, Пизан университетинен тандалган казуу иштеринин жетекчиси Анаклето Д'Агостино “Мындай мозаикалар Грецияда бар экени белгилүү. Бирок бул мозаика алардан мурда жасалган”, – дейт.

Булак: dailysabah.com

(Шилтеме: https://www.dailysabah.com/arts/excavators-find-3500-year-old-mosaic-in-central-turkey/news)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG