Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Ракты үн толкуну менен дарылоо ыкмасы


Рактын клеткаларын изилдеген окумуштуу иш учурунда. 2013-жыл. Саттон. Англия.
Рактын клеткаларын изилдеген окумуштуу иш учурунда. 2013-жыл. Саттон. Англия.

Окумуштуулар үн толкунунун жардамы менен чычкандын боорундагы залалдуу шишикти алып салышты. Таш бетине чегилген сүрөттөр байыркы «мультфильм» болушу мүмкүн. Рим империясындагы модага ылайык жасалган сандал Норвегиядан табылды. "Азаттык" илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайт.

Үн толкуну ракка дабабы?

Мичиган университетинин окумуштуулары чычкандын боорундагы залалдуу шишикти үн толкундарынын жардамы менен дарылады. Бул жөнүндө илимий иш Cancers журналына жарыяланып, ScienceAlert сайты аны кыскача баяндады.

Жаңы технология залалдуу шишикти талкалап, рак клеткаларын өлтүрүп жана иммундук система рактын андан ары жайылышына жол бербешине шарт түздү. Тажрыйба учурунда окумуштуулар боордогу шишиктин 50-75% жок кыла алышкан. Ал эми кемирүүчүнүн 80% иммундук системасы рактын калган белгилерин толук жок кыла алган.

Жаңы ыкманы окумуштуулар "гистотрипсия" деп аташты. Ага ылайык, ультра үндүү толкундар керектүү ткандарга багытталып, шишикти болуп көрбөгөндөй тактыкта буза алат. Изилдөөгө ишенсек, шишиктин көлөмүнө жана рактын өнүгүү баскычына жараша үн толкундары шишикти толук жок кыла албайт. Бирок жарым-жартылай алып салууга жардам бере алат.

Изилдөөдө боордун рагы дүйнөдө өлүмдүн 10 негизги себебинин бири экени айтылат. Жаңы ыкма мындан ары изилденип, болочокто боордун залалдуу шишигинен жабыркаган адамдарды куткарууга багытталмакчы.

Булак: ScienceAlert

Анимациянын тарыхы таш доорунан башталабы?

Улуу Британиядагы Йорк жана Дарем университетинин археологдору Франциянын аймагындагы Аверон дарыясынын боюнан табылган таш дооруна таандык сүрөт чегилген таштарга анализ жасашты. Анын натыйжасында, таштар отко көп какталганы анык болгон. Мунун себебин окумуштуулар кызык себеп менен түшүндүрүштү.

Белгилүү болгондой, байыркы адамдар түн ичинде сүрөт чегилген таштардын жанына чогулуп, сүрөттөргө отту жакындатышкан. Оттон улам пайда болгон көлөкөлөр сүрөттөр кыймылдап жаткандай таасир калтырган. Таштарда көбүн эсе жаныбарлардын – аргымактардын, бугулардын сүрөттөрү тартылган.

Буга чейин таштардын отко какталганы кокустук катары бааланып келген. Бирок кактоо ыкмасы бирдей болгондуктан, таш бетиндеги сүрөттөр атайын какталган деген тыянак чыккан. Эми окумуштуулар байыркы анимация жөнүндө божомолду далилдөө үчүн таш бетиндеги сүрөттөрдүн 3D-моделин түзүп жатышат.

Булак: ScienceAlert

1700 жыл мурунку сандал табылды

Норвегиянын аймагынан темир дооруна таандык сандал (бут кийим) табылды. Аны жергиликтүү турист таап алгандан кийин изилдөөчүлөр менен байланышканын Live Science сайты жазды.

Жай тургундун табылгасын радиоуглероддук анализден өткөргөн археологдор ал биздин замандын 300-жылына таандык экенин билдиришти. Ушул эле аймактан дагы башка да артефакттар табылган. Бирок алар кийинки мезгилдерге таандык болуп чыкты.

«Бул нерсе азыр бош жаткан тоолуу ландшафт качандыр бир мезгилде транспорттук маршрут болгонунан кабар берет» дешет окумуштуулар. Андан тышкары, табылган сандал Рим империясындагы моданын таасири менен жасалган. Демек, Скандинавия тоолору аркылуу саякаттаган адамдар сырткы дүйнө менен байланышып турган.

Булак: Live Science

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG