Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Эң байыркы Homo sapiens канча жашта?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эң байыркы Homo sapiens канча жашта? Ай-Күндүн гравитациясы Жерге кандай таасирин тийгизет? Геноцид адам ДНКсын кантип өзгөрттү? Илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктардын топтомун сунуштайбыз.

Чыгыш Африкада табылган Homo sapiens тукумуна таандык эң байыркы адам калдыктары буга чейин эсептелгендей 197 миң жыл эмес, 233 миң жыл мурдагы мезгилге таандык экендиги анык болду. Мындай кайра эсептөөлөр баяндалган илимий иш Nature журналына 12-январда жарыяланды.

Omo I деп аталган адам сөөгүнүн калдыгы 1967-жылы Эфиопиянын түштүк-батышында табылган. Алгачкы изилдөөлөр адам сөөгү 197 миң жыл мурдагы мезгилге таандык деген жыйынтык бергени менен, аны каптап турган тоо тектерине андан да көп убакыт болгону божомолдонгон эле.

Кембриж университетинин окумуштуулары Omo I табылган жерден 350 чакырым алыстыктагы мындан 233 миң жыл мурда атылган Шал вулканын изилдеп көрүшкөн. Натыйжада, сөөктү астынан, үстүнөн каптап турган тоо тектери дал ошол вулкандын таасиринен улам пайда болгону белгилүү болгон. Эми окумуштуулар калган вулкандардын кыймылга келген мезгилдерин жана алардын табылган адам сөөктөрү менен байланышын изилдөөнү улантышат.

Булак: Science News

Ай-Күндүн гравитациясынын Жерге таасири

Жер, Күн жана Ай айлампасынын өз ара тартылуусу жердеги биологиялык организмдердин, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жашоо-турмушу менен тыгыз байланышта. Мындай жыйынтыкка Бразилиядагы Кампинанс университетинин окумуштуулары бир катар изилдөөлөргө жүргүзгөн метаанализден кийин келди.

Окумуштуулар мурда жасалган бир топ изилдөөлөргө таянып, негизги үч ири изилдөөгө метаанализ жүргүзүшкөн. Алар кайрылган алгачкы изилдөө 1965-жылы жасалган. Анда изопод майда жандыгынын сууда сүзүү модели деңиздеги тартылууга дал келери аныкталган болчу. Окумуштуулар таянган экинчи изилдөө 1985-жылы жасалып, анда Күн менен Айдын тартылуу агымы менен кораллдардын көбөйүшү жана өсүүсү байланышта экени белгилүү болгон. Ал эми күнкараманын өнүп чыгышын Ай менен Күндүн гравитациялык моделине байланыштырган 2014-жылы жасалган изилдөө окумуштуулардын үчүнчү булагы болуп берди.

Окумуштуулар метаанализге таянып Күн менен Айдын тартылышы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн кыймыл-аракетине, өсүшүнө түздөн-түз таасир этерин жар салышты. Бул нерсе илимде мурдатан айтылып келгени менен, изилдөө иштеринде көп эске алына бербейт. Метаанализдин авторлору дал ушул маселени чечүүнү максат кылышат.

Булак: Science Alert

Адам ДНКсын өзгөрткөн геноцид

1994-жылы Руандадагы тутси эли хуту эли тарабынан геноцидке учураган. Ал окуяларда бир миллиондон ашуун адам, тутси элинин 20%ы каза тапкан. Ошондой эле, массалык зордуктоо фактылары катталып, инфраструктура талкаланган болчу.

Түштүк Флорида университетинин окумуштуулары Руанда элинин психикалык ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн изилдөөлөрдү жасап, жаңы ачылыш жасай алышты.

Изилдөөчүлөр тутси элинин кош бойлуу 59 аялдын жана алардын балдарынын генин изилдеп чыгышкан. Бул аялдардын бир бөлүгү геноцид учурунда зордукталган, туткундан качып же ырайымсыз мамилеге кабылып, адам өлтүрүүгө күбө болушкан.

Изилдөөнүн натыйжасы көрсөткөндөй, алар башынан өткөргөн окуялар өздөрүнүн жана балдарынын ДНКсынын өзгөрүшүнө алып келген. Азыр изилдөөчүлөр аялдар конкреттүү кандай психологиялык өзгөрүүлөргө дуушар болгонун аныктоого аракет кылып жатышат.

Бул изилдөө буга чейин кош бойлуу аялдар башынан өткөргөн окуялар түйүлдүккө таасир берет деген изилдөөнү дагы бир ирет ырастап, кош бойлуу аялдарга эмоционалдык жана психологиялык кам көрүү маселесин кайрадан актуалдуу кылды.

Геноцид учурундагы түйүлдүктөр жарыкка келип, өздөрү дагы балалуу болуп жатышат. Эми окумуштуулар кайгылуу окуялардан калган эпигенетикалык таасир үчүнчү муунга кандай таасир этерин изилдөөгө камынып турушат.

Булак: University of South Florida

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG