Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:36

"Орусияга жардам берүүнүн кесепети оор болот". Европарламенттин талабы, Бишкектин жообу


Садыр Жапаров жана Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды. 24-август. 2023
Садыр Жапаров жана Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды. 24-август. 2023

Европа парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация Бишкекте президент Садыр Жапаров, жарандык коом жана журналисттер менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык келишими, санкциялар, демократия жана сөз эркиндиги тууралуу сөз болду.

Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга 24-августта келди. Аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, кызматташтык, өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө пикир алмашты.

Европарламенттин резолюциясы, Жапаровдун жообу

Президенттин аппараты жарыялаган жолугушуунун видеосунда Садыр Жапаров Европарламент жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюциясына жооп берди:

“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуусу жана Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда. Ошондуктан бул резолюцияны даярдоодо Кыргызстан тараптан тактоочу же кошумча маалымат суралбаганы өкүндүрөт”.


Президент Кыргызстан айрым учурларда бир тараптуу мамилеге дуушар болуп жатканын белгилеп, жолугушууга тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырганын жана алар маалымат берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Президенттин айткандарына Дэвид Макаллистер эмне деп жооп бергени белгисиз. Бирок ал Кыргызстанга келген максатын айтты:

"Биз Кыргызстанда кандай иш-чаралар болуп жатканын көрүп, сиздерден угалы деген максатта келгенбиз. Европарламент Кыргызстанга керектүү колдоо көрсөтүү менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр. Европа Биримдигинде 27 өлкө мүчө болгондуктан, келишимге кол коюу процесси создугуп жатат. Биз, Европарламент, өз комментарийибизди бергенге даярбыз".

Макаллистер Кыргызстан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, мамлекет башчынын чек араларды чечүү аракеттерин колдогон.

13-июлда Страсбургда жайгашкан Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына жасалган кысым тууралуу резолюция добушка коюлган. Жыйынга катышкан 469 депутаттын 320сы аны колдогон.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленген.

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешинин мүчөсү болуп шайланганда адам укуктарын эл аралык деңгээлде колдоого милдеттеме алганы, бирок өлкөнүн өзүндө “авторитаризме карай регресске ыктап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун эркиндигин чектеп жатканы алган милдеттемесине төп келбейт” деп айтылган.


Европарламент кыргыз бийлигин кармалган укук коргоочуларды, журналисттерди жана медиа кызматкерлерин бошотууга, эркин медиа менен сөз эркиндигин кысымга алууну токтотууга чакырган. Мындай аракеттер Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдебей турганын белгилеген.

Бул Кемпир-Абад иши боюнча бир катар саясатчы, укук коргоочу, актисттер кармалып, айрым медиаларга кысым жасалып, анын ичинен "Азаттык" радиосунун сайты, банктык эсеби бөгөттөлүп, соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда болгон.

Ушул эле күнү Дэвид Макаллистер баштаган делегация Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге жолугуп, Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөөнү талкуулашты.

Нурлан Шакиев менен Дэвид Макаллистер.
Нурлан Шакиев менен Дэвид Макаллистер.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты былтыр апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине жасалары кабарланган.

Европарламент бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тыкыр көз салат

24-августта Дэвид Макаллистер баштаган делегация укук коргоочу, журналист, жарандык коомдун чакан тобу менен жолугушту.

Жолугушууда негизинен адам укуктары, сөз эркиндиги жана аймактар менен биргелешип иштөө маселелери талкууланганын "Бир дүйнө" программасынын координатору Мурат Карыпов "Азаттыкка" билдирди:

"Биз "Бир дүйнөдөн" Кыргызстан аймактарды өнүктүрүү үчүн биргелешкен изилдөө жүргүзүүнү сунуштадык. Болгондо дагы аларды кайсы бир маселени чечүүгө көбүрөөк катыштыруу зарыл экенин белгиледик. Аймактарда жергиликтүү тургундар көбүнчө эл аралык донорлор демилгелеп жаткан ири долбоорлорду билбейт. Макаллистер менен болгон жолугушууда биз Европа Кеңеши, Европа парламентине чек арадагы чыр-чатактарга көңүл бурууну сурандык. Кыргыз-тажик чек арасындагы Тажикстандын агрессиясы баарыбыздын эсибизде. Мындай учурда биринчи кезекте аялдар, балдар, кары-картаңдар жабыркап, кыйналат. Ошондой окуялар кайталанбашы үчүн Европа парламентининин деңгээлинде каралышы керек. Мындан сырткары Еврокеңеш жана жарандык коомдун жардамы менен өлкөдөгү абал боюнча ар төрт жылда альтернативдүү доклад даярдоону сунуштадык".

Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Бишкекте чакан брифинг өткөрүп, Европа Биримдиги Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тыкыр көз саларын билдирди.

“Биз бул боюнча Кыргызстандын бийлиги менен Европарламентте кабыл алынган резолюциянын алкагында сүйлөштүк. Жарандык коом менен пикир алмаштык. Өлкө президенти жана парламент өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүү болду”, - деди ал.


Ал Европа Биримдиги өнөктөш катары Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин сактай турганына үмүт кыларын айтты.

Дэвид Макаллистер Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу үчүн өлкө президенти Садыр Жапаров Брюсселге чакырылганын да билдирди.

Европарламент резолюцияда кыргыз бийлигин төрт мыйзам долбоорун - “Жалпыга маалымдоо каражаттары”, “Бейөкмөт уюмдар”, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскерткен.

Орусияга каршы санкцияларды аткарбоонун кесепети

Дэвид Макаллистер брифингде Орусияга каршы санкцияларды аткарбоо, кыйгап өтүүнүн кесепети тууралуу да айтты. Ал Европарламент Орусияга каршы санкцияларды сактабагандарды кескин айыптай турганын билдирди.

Европарламенттин өкүлү Евробиримдиктин санкциялары эң ириде Украинага кол салганы үчүн Орусияга багытталганын белгилеп, башка өлкөлөр аны кыйгап өтүүгө көмөктөшпөшү керектигин эскертти:

"Эл аралык санкциялар Кыргызстанга эмес, Орусия, Беларус сыяктуу агрессор өлкөлөргө багытталган. Биз Кыргызстандын абалы, анын ЕАЭБ, ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө экенин билебиз. Бирок кандай гана мамлекет болбосун санкцияларды аткарбоо аракетин айыптайбыз. Бул санкциялык тизмеге туш болгон товарларды экспорттоо жана импортоо аракетине байланыштуу", - деди Макаллистер.


Европарламенттин мүчөсү санкцияларга байланыштуу маселе президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда талкууланганын кошумчалады. Ал санкциялык тизмеге кирген товарлар кыйгап өтүүчү жолдор аркылуу Орусияга жеткирилбесе эле санкциялар өз максатына жетерин билдирди.

Европарламентте Борбор Азиядагы өлкөлөргө байланыштуу бир катар статистикалык маалыматтар бар экенин жана бул жаатта иштер жүрүп жатканын билдирди.

Президенттин аппараты тараткан маалыматта тараптардын санкциялар тууралуу сүйлөшкөнү айтылган эмес.

Украинага согуш ачканы үчүн Евробиримдик, АКШ Орусияга катаал санкцияларды киргизген. Буга чейин бул өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Кыргызстанга сапар менен келип, Орусияга аталган санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшпөөнү эскерткен.

Экономикалык эксперт Искендер Шаршеевдин санкцияларды аткарбоонун кесепети тууралуу айтты:

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

"Батыш өлкөлөрү санкцияларды аз-аздан сала баштайт. Экинчи ирет илинсе компаниялардын саны жана ага кирген адамдардын саны өсүшү мүмкүн. Эң катуу келгенде SWIFT (банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасы -ред.) өчүрүү же чектөө маселеси коюлушу мүмкүн. Бул маселе азыр деле өлкөдө орчундуу болуп турат. Кыргызстандын көп банктары эгемендик күндөн баштап эле орусиялык банктар менен иштеше баштаган. Кошумча санкциялар Европа жана башка өлкөлөргө чакан экспортубуз бар, ошону чектеши мүмкүн. Бул Кыргызстандын Кытай менен тыгыз иштешүүгө түрткү болушу ыктымал. Ошондуктан аны түшүнгөндөр, санкцияны колдогон өлколөр деле Кыргызстанга катуу кысым жасабайт деп ишенем".

Өткөн айда АКШнын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен катар Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салган.

Аталган мекеменин маалыматында, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Ага чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

Мындан кийин кыргыз бийлигинин өкүлдөрү АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлашкан.

"Кара тизмеге" киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG