Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Европада жарнамага тартылган кыргыз кыздары


Европада жашаган музыкант мекендештерибиз Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева. "Vodafone" компаниясынын расмий сайтынан алынган сүрөт.
Европада жашаган музыкант мекендештерибиз Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева. "Vodafone" компаниясынын расмий сайтынан алынган сүрөт.

Европада жашаган музыкант мекендештерибиз Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева жакында эле "Vodafone" уюлдук байланыш операторунун видео жарнамасына тартылышты.

Белгилүү уюлдук оператордун жарнамасында эки башка шаарда жашаган кыргыз кыздары Дина Шүкүрова менен Айнур Дурусалиева видео аркылуу байланышып, төрт кол менен чогуу пианинодо ойноп жатканын көрүүгө болот.

Аталган компания жарнамага тартыла турган адамдарды издеп жатканы тууралуу маалыматты биринчи Дина уккан. Ал беш жылдан бери Амстердам шаарында жашайт.

Дина Шүкүрова
Дина Шүкүрова

«Кокусунан эле "пианинодо төрт кол менен ойногон эки адам керек" деген жарнаманы окуп калдым. Ошол эле жерде "биз издеген адамдар эки башка шаарда жашаса андан да жакшы болот" деп жазылган экен. Мен дароо "бул бизге туура келет турбайбы" деп жарнаманын алдындагы почтага кат жиберип койдум. Анан бизди тандап алышты. Ошол маалда Айнур ооруканада жаткан. Анан бизди башка катышуучулардын арасынан тандап отуруп, финалга жеткенде Айнурга чалып "тартыла берелиби?" деп уруксат сурадым. Курбум азамат, кыйналып турса да баарына макул болду».

Айнур Дурусалиева болсо бир топ жылдан бери Лондондо жашайт. Учурда ал рак илдети менен күрөшүп, дарыланып жаткан кези.

Айнурдун пианинодо ойногондо баарын унутуп, эс аларын түшүнгөн Дина жарнамага тартылууну да колдоо көрсөтүү үчүн, экинчи чети курбусун алаксытуу үчүн сунуштаган.

«Тартуу иши эки күнгө созулду. Компания ар бир күн үчүн бизге гонорар төлөп бере турганын айтты. Мени бир сааттай боёшту окшойт. Өзүмдү сахна жылдызындай эле сездим. Маектер сааттап созулду. Абдан жакшы суроолорду беришти. Менимче, ошол материал кыска метраждуу даректүү тасмага деле жарамак. Бирок алар ошол эң кызыктуу, эмоционалдуу кадрларды тандап, үч мүнөттүк видеого камтышыптыр».

Дина Шүкүрова (көк көйнөк) жана Айнур Дурусалиева (ак кийимчен) курбусу Чынара менен.
Дина Шүкүрова (көк көйнөк) жана Айнур Дурусалиева (ак кийимчен) курбусу Чынара менен.

Бул эки курбунун алгачкы дуэти эмес. Мындан 35 жыл мурда да экөө пианинодо кол ойнотушкан.

Ал кезде Бишкектеги Шубин атындагы балдар музыкалык мектебин аяктаган Дина Шүкүрова менен Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатын бүтүргөн Айнур Дурусалиева Улуттук консерваторияда окуп жатышкан.

«Анда чогуу ойноп көрүүнү Айнур сунуштаган. Төрт кол менен пианинодо бардык эле музыканттар ойной албайт. Бирок экөөбүздүн музыкалык табитибиз, сезимдерибиз дал келгендиктен дуэт жаралган. Ошентип кесиптеш гана эмес, абдан жакын курбуларга айланганбыз», - деп эскерди Дина Шүкүрова.

Көп өтпөй эки студент кыз турмушка чыгып, балалуу болушат. Өздөрү окуган консерваторияда мугалим болуп иштешет. Союз ыдыраганда курбулар музыкадан алыстап, башка жумушка кетүүгө аргасыз болушат.

«Ошол кездеги өзгөрүүлөр өзгөчө биздин эркектерге катуу тийди. Аялдар көп жүктү өз мойнуна алышты. Дина экөөбүз дагы чет тилдерди үйрөндүк. Ал эл аралык уюмдарга иштеп кетти, мен банкка ишке орноштум. Ошол маалда уулум Жумаштын музыкалык таланты билине баштады. Ал дагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте, кийин Алматыдагы К.Байсейитова атындагы атайын мектепте билим алды. Анан Британиядагы Иегуди Менухин атындагы эл аралык музыкалык мектебине кабыл алынды. Мен уулума жакын болуу үчүн бул жакка келдим», - деди Айнур Дурусалиева.

Айнур Дурусалиева уулу Жумаш менен. 2019-жыл.
Айнур Дурусалиева уулу Жумаш менен. 2019-жыл.

Ошентип эки курбу кайда болбосун жолуккан жерден төрт кол менен пианино ойноп, дуэт да алардын достугундай эле уланып келген. Ал арада Дина Шүкүрованын тун уулу Москва мамлекеттик университетин бүтүрүп, учурда Орусиянын баш калаасында Молекулярдык генетика институтунда эмгектенет. Кичүүсү энесинин жолун жолдоп, Гаагадагы консерваторияга тапшырып жатат.

Айнурдун уулу Жумаш Дурусалиев болсо таанымал скрипкачы. Британиядагы Падышалык музыкалык академияны артыкчылык менен аяктап, ушул тапта Копенгагендеги консерваторияда эмгектенет. Эки эне тең уулдарынын ийгиликтерине кубанып, айтып жетине алышпайт.

Айнур Дурусалиева Британияда бир нече музыкалык мектептерде иштеген. Учурда оорусуна байланыштуу толук кандуу иштей албай жатканын, он чакты балага гана сабак берерин айтты. Ал эми Дина Шүкүрова Голландияда пианинодон сабак берет.

Эки курбу бош убакыт тапканда пианинодо ойноп, видео жаздырышат. Аны Шүкүрованын уулу монтаждап, үндөрүн шайкеш келтирип социалдык тармактарга жайгаштырат.

Курбулар пандемия бүтөрү менен көзмө көз жолугуп, төрт кол менен бирге пианино ойной турган күндү эңсеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG