Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Жумалиевдин обондуу ааламы


Сардарбек Жумалиев. Оңдо министр Кайрат Иманалиев. 2021-жылдын 11-февралы
Сардарбек Жумалиев. Оңдо министр Кайрат Иманалиев. 2021-жылдын 11-февралы

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор, III Даражадагы «Манас» орденинин ээси, Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты. Ал Кант районунан Жар-Башы айылында 1941-жылы 5-февралда туулган.

Обондору эл ичинде эң көп аткарылган композиторлордун бири Сардарбек Жумалиев. Анын “Бульварым”, "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", " Жаңы жылды тосолу","Кетпейм сага жолукмайча" баштаган бир катар обондору эл ичинде тынымсыз ырдалып жүрөт.

Февраль айынын 5инде 80 жашка толгон Сардарбек Жумалиевдин өзү менен да кабарлашып, куттук айтып, ал-жайын сурадык. Ал ноябрь айында тайгаланып жыгылып, бутун кокустатып алгандыктан азырынча үйдө дарылануу менен алек. Композитор алдыдагы ой-максаттары менен бөлүштү:

"Биринчиден өзүмө ден соолук каалайм. Алдыдагы убакытта чыгармачылыгымды токтотуп койбой, дагы да эл-журтума жаңы обондор менен кызмат кылгым келет. Биз чыгармачыл адамдар дайыма изденүүдө болушубуз керек. Пандемия маалында тыныгуу болуп калды бир аз. Эми күзүндө боло турган юбилейиме даярдык көрө баштайм. Көп чыгармаларды оркестрге салып, ырчыларга берем деген максаттарым бар".

Сардарбек Жумалиевдин "Таң сыры" ыры Мирбек Атабековдун аткаруусунда

Эл артистин туулган күнү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев үйүнө барып куттуктап келген. Министр өз сөзүндө Жумалиевдин эмгегин баса белгиледи:

"Сиздин искусствого болгон сүйүүңүз жана кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн көп жылдык эмгегиңиз жогору бааланат. Композитордун жана аткаруучунун көп кырдуу таланты, көөнөрбөс чыгармачыл күчү Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кесиптештеринин арасында татыктуу таанылып жана терең урматтоого татыйт. Кыргызстанда сизди өз ишиңизди сүйгөн, күйүп-бышып, жаңы профессионалдык бийиктиктерди багындырууга талыкпай умтулган жогорку адамгерчилик сапатыңызды баалайбыз. Быйыл, 2021- жылы Сиздин юбилейлик иш-чараңыз жогорку деңгээлде белгиленет".

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев Сардарбек Жумалиевдин обондорунда өзүнө таандык нукуралуулук бар деп эсептейт:

Турдубек Чокиев.
Турдубек Чокиев.

"1960-жылдары Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев баш болгон обончулардын мыкты тобу чыкты. Ошолордун катарында эле Сардарбек Жумалиев да бар. Анын алгачкы эле чыгарган “Бульварым” ыры популярдуу болуп кетти. Кийинки убакта дээрлик бардык обондору элге сиңип, элдик ырларга айланып кетти. Өзү да көп жыл бою Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринде дирижёрлук кылып келди. Башка обончулардын далай ырларын оркестр үчүн иштеп чыкты. Сардарбек Жумалиев бийик деңгээлдеги музыкант".

Эл артисти Саламат Садыкова акын Акбар Рыскуловдун сөзүнө Сардарбек Жумалиев обон жазган “Махабат аралы”, сөзү Анатай Өмүркановдун калемине, обону Сардарбек Жумалиевге таандык “Кетпейм сага жолукмайынча” аттуу ырларды аткарып жүрөт. Ал обончунун адамдык сапаттары өзгөчө деп белгилейт:

Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.

"Филармониянын босогосун аттагандан баштап бул инсан менен чыгармачылык жолдо эриш-аркак келе жатабыз. Сардарбек Жумалиевде талант эле эмес, адамдык сапат да мыкты. Кеменгер аксакалдарыбыздын бири. Мындайлар менимче кылымда бир жаралат. Тирүү кезинде сыйлаганды биле турган болсок, сый көрө турган нарктуу аксакалдардын башында ушул обончу турат".

Сардабек Жумалиев. "Кетпейм сага жолукмайынча"

Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Сардарбек Жумалиев оригиналдуу музыкалары менен жаш муунду тарбиялай алды деген пикирде:

"Сардарбек агай билимдүү музыкант. Ал обондору менен кыргыз музыкасына из калтырды. Жумалиев текст тандоо жагынан да чебер десем болот. Эмгек калтыруу кандай болот деп сурашса, ушул адамдын жолун өрнөк кылып айта алам. Эми биздин милдет аны баалашыбыз гана керек. Дагы узак жашасын. Чыгармачыл ийгиликтерди каалайм".

"Жаңы жылды тосолу". Сардарбек Жумалиев

Сардарбек Жумалиев 100дөн ашуун оркестрдик чыгармалардын автору, элдик аспаптар оркестрине 70тен ашуун кыргыз обончуларынын жана композиторлорунун ырларын аранжировкалаган.

Эл артисти тарабынан Чүй облусунун «Сары Өзөн» гимни, «Кыргыз Улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргызпатенттин гимни», Бишкек шаарынын «Бишкегим» аттуу гимндери жазылган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG