Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

Тажикстандын ИИМи “Крокус Ситидеги” окуяга үч жаранынын тиешеси жок экенин билдирди


Тажикстандын ИИМинин сайтындагы маалымат.
Тажикстандын ИИМинин сайтындагы маалымат.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан "Крокус Ситидеги” кандуу окуяга тажик жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтарды четке какты.

ИИМдин билдирүүсүндө ар кандай маалыматтарда аты аталып жаткан үч жараны жөнүндө текшерүү жүргүзүп, окуяга эч кандай тиешеси жок экени айтылат. Алар - Ривожиддин Исломов 25.09.1972-жылы туулган, Махмадрасул Насриддинов 20.11.1986-жылы туулган жана Рустам Назаров Исроилови 02.01.1995-жылы туулган жаран.

Тажик милициясынын маалыматында, Исломов менен Насриддинов 2023-жылы 26-ноябрда Орусиядан кайтып келип, учурда Тажикстанда жашап жатат. Ал эми Рустам Назаров учурда Орусиянын Самара шаарында такси кызматында иштеп жатканы аныкталган. ИИМ окуя болгон күнү ал Самара шаарында болгонун билдирди.

Screen shot of MIA Tajikistan
Screen shot of MIA Tajikistan

Буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги "Крокус Ситидеги” кандуу окуяга тажик жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтарды "фейк" деп атаган.

Буга чейин орусиялык бир катар Телеграм-каналдар кандуу окуяга тажик жарандарынын байланышы жөнүндө жазып чыгышкан.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Орусиянын Тергөө комитети окуяны "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG