Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

"Дин аркылуу упай топтоо". "Райым миллиондун" муфтиятка жардамы


Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы коомчулукта талкуу жаратты.

Сындагандар Матраимовдун бажыда коррупциялык схема түзгөнүн, саясаттагы таасирин эске салды.

Каржысы күмөндүү бажычынын кайрымдуулугу

Бажыда коррупциялык схема түзгөн деген айып менен соттолуп, акча төлөп абактан чыккан Райымбек Матраимовдун "Исмаил ата" фонду Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башкы имаратын куруп жатканы бир жыл мурда белгилүү болгон.

Ал үчүн Матраимов муфтияттан ыраазычылык кат дагы алган.

27-августта муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына бир тууган Матраимовдор сыйлуу конок катары чакырылып, депутат Искендер Матраимов сөз сүйлөсө, Райымбек Матраимов куттуктоосун Фейсбукка жарыялады.

Ачылышына парламент депутаттары, диний ишмерлер, ырчы-блогерлерден бери чакырылып, алардын айрымдары социалдык тармактар Райымбек Матраимовду "меценат" катары сыпаттап, ыраазычылык билдирип чыгышты. Матраимовдор курулушка канча каражат кеткенин жана каржы булагын айткан жок.

Саясий актоо аракетиби?

Журналист, жарандык активист Перизат Сайитбурхан Райымбек Матраимовдун коррупция менен соттолгонун эске салып, анын кайрымдуулук иштерин “саясий актоо” аракети катары баалады.

“Азыркы учурда саясатта дин менен өзүн актоо, саясий упай топтоо тренд болуп калды. Ошондуктан муну саясий упай топтоо аракети деп ойлойм. Диний уюмдар коомчулук алдында моралдык жактан жоопкерчиликтүү болушу керек. Мамлекеттин казынасын уурдаган кишини актоо аракетин коомго каршы иш деп эсептейм", - деди журналист.

Социалдык тармакта айрымдар диний мекемелер күмөндүү демөөрчүлөрдүн жардамын албашы керек деген пикирде.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы “биз кайрылгандардын арасынан аталган фонд имарат куруп берүүгө макул болгон, башка комментарий бере албайбыз” деп оозеки гана жооп беришти.

Матраимовдордун кланы

Автандил Жоробеков.
Автандил Жоробеков.

Жарандык активист Автандил Жоробеков Матраимовдун бажыдагы коррупциядан сырткары саясий коррупция, мамлекеттик башкарууга аралашуу аракетин белгилейт. Активист 2020-жылы Октябрь окуясына себеп болгон добуш сатып алуу менен өткөн парламенттик шайлоодогу Матраимовдор кланы болгонун, алардын таасирин эске салды.

“Муфтият акыркы беш жылдагы кырдаалга ким күнөөлүү деп ойлонушу керек эле. Башка жерден демөөрчү издесе тапмак. 2020-жылдан кийин эле булар (Матраимовдор - ред.) өздөрү саясаттан кетиши керек болчу. Алар болсо кайрадан ар кандай долбоорлорду каржылап, муфтиятка кеңсе салып берди. Демек, мунун баары бийликтин макулдугу менен болуп жатат. Президент чын эле бийликти тазалайм десе, мындайларды жолотпошу керек болчу", - деди активист.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Сот чечимдеринде Матраимов күнөөлүү экени так жазылып турат.

Сот чечими.
Сот чечими.

"Райым миллион камалат"

2020-жылдагы Октябрь окуясынын кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров Райымбек Матраимов камаларын эл алдында айткан.

2017-жылдардан баштап эл арасында “Раим миллион” деген ат менен таанымал Райымбек Матраимов жергиликтүү эмес, эл аралык медиалардын резонанстуу иликтөөлөрүндө аты аталган. Журналисттер Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадырга кантип жардам бергенин ашкерелеген.

Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдон Матраимовду камакка алуу талабы менен бир нече акциялар өткөн. Матраимов артында турган “Мекеним Кыргызстан” партиясы 2020-жылкы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо көпчүлүк добушту алган. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөгө чыгып бийлик алмашкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG