Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:57

Бажыдагы жемкорлук: президенттин тууганы эмне үчүн камалды?


Бажы кызматынын имараты.
Бажы кызматынын имараты.

Президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган тууганы Улан Жапаровдун ишинин чоо-жайы айтыла элек. Президенттик администрация 32 жаштагы Улан Жапаров ишкерлер, бажычылар иши боюнча камалганын билдирди.

"Зыяндын ордун толтурат"

6-июлда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков, мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун тууганы кармалганы боюнча комментарий берди. Ага чейин күч органдарындагы булактарына таянып, бир катар медиалар бул кабарды жазып чыккан.

Орунбеков жана Султанбаев 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктап, Садыр Жапаров "эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт" деген таризде маалымат таратышты.

"Кармалган Улан Жапаров бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шек саналууда. Муну билгенден кийин президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабай, кылмыш кылып же укук бузган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат. Бул мамлекет башчысынын талабы", - деп жазды Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына.

Улан Жапаров деген ким?

Улан Жапаровду милиция кармап, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-июлга чейин №21 тергөө абагына камалганы белгилүү.

Ички иштер министрлиги шектүү жөнүндө эч кандай расмий маалымат тараткан жок.

Улан Жапаровдун таанышымын деген бир нече адамга байланышып, ал эмне иш кыларын билүүгө аракет кылдык. Бир нече таанышы Улан Жапаров соңку мезгилде Ысык-Көлдүн Түп районунда жашап, чарбачылык менен алектенерин айтышты.

32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири болгон.


Өзүн Мирлан Шерматов деп тааныштырган айылдашы буларды айтты:

“Жөнөкөй, карапайым эле бала болчу. Айылда деле чоң жумушта иштечү эмес. Мал чарбачылык алектенчү. Ошол ишке кандай жол менен кирип кеткени түшүнүксүз”.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы "жакындары мыйзам бузса, Садыр Жапаров эч кимди калкалабайт" деген маанайды соңку эки күндө коомчулукка жеткирүүгө аракет кылууда.

Айрым эксперттер президенттин командасынын мындай аракетин түшүнсө болорун айтышууда. Алар муну Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкө башчыларынын үй-бүлөсү, жек-жааттары саясатка, экономика жана бизнес чөйрөсүнө кийлигишип, мунун кесепети өлкөдөгү үч жолку элдик толкундоого жол ачканы менен негиздешүүдө.

Мындан улам Садыр Жапаров бийликке келген учурда жакындарын дал ушундай күмөндүү иштерге аралаштырбаганга убада берип келет.

Ташиевдин билдирүүсү, президенттин жакындары

Бирок президенттин аталаш бир тууганынын бажыдагы коррупциялык иштерге аралашты деген шек менен кармалышы Кыргызстандагы эң "майлуу" кызматтардын бири саналган бул тармактагы жогорку кызмат адамдарынын жакындарынын жемкорлукка аралашкан окуяларын эске салды.

Жазында эле башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бир тууган кайниси бажыдагы коррупцияга байланыштуу кармалган тогуз кишинин арасында болгон. Жакында эле парламент депутаты Надира Нарматованын бажыда иштеген баласы кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Зулушевдин кайниси жөнүндө айтып жатып, бажыдагы коррупция боюнча президенттин жакындары дагы кармалганын билдирген.

“Ачык айтканда көптөгөн чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузуп? кармалып калат. Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин кудасы дагы кармалды. Ал дагы отуруп чыкты. Садыр Нуркожоевичтин бир тууган агасынын бажасы чек ара бекетинде жетекчи болуп туруп, ал дагы кармалды. Азыр мыйзам чегинде жазасын алды. Менин жакындарымдан өкүл балам жана башкалар кармалууда. Мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдардын жакындары мыйзам бузса аяп койбойбуз”, - деген Ташиев.

Ташиев жогорку кызмат адамдарынын жакындарынын атын ачык айткан эмес.


Башкы прокурордун кайниси, депутаттын уулу аралашкан схемаларды тергөө кандай жүрүп жатканы жөнүндө кеңири маалымат коомчулукка бериле элек.

Буга чейин парламентте жарандык коомду чектөөнү көздөгөн демилгелери менен белгилүү депутат Надира Нарматованын уулу үй камагына бошотулганы белгилүү болгон.

Апрель айында бир топ ишкерлер бажыда “Милан” фирмасына артыкчылык берилип, ал монополистке айланганын айтып даттанышкан. Айрымдары бажыдагы калкалоого жогорку кызматтагылардын таасири күч жакындары аралашып жатканын кыйытышкан. “Милан” фирмасы дооматтарды четке каккан. Анткен менен парламентте жүк ташууда “көмүсө кардинал” пайда болгону айтылган.

Эксперттер эгемендик жылдардан тартып, бажы кызматында миллиондор айланып, мындан улам бийликке жакын таасирдүү адамдар же анын жакындары көмүскө система түзүп, коррупция тамыр жайганын айтып келишет.

Жарандык активист Автандил Жоробек уулу бажыдагы коррупцияга жөнөкөй киши аралаша албайт деген пикирде.

“Бажыда чоң акча бар экенин баары эле билет. Илгертеден бийликтин жакын адамдары иштеп жүргөн. Ошол эле депутаттардын, мурдагы президенттин кудасы Абжалиевдин инилери иштеген. Бажыдагы коррупция ошол бойдон калды. Азыркы камоолор эмнеге пиар катары кабыл алынып жатат? Анткени азыр бийлик бир кишинин колунда. Ал эми тазалануу жок болуп жатат”, - деди активист.

Бажыдагы коррупция соңку беш жылдан бери иликтөөчү журналисттердин негизги темаларынын бирине айланганы маалым. Кыргызстан эле эмес Борбор Азияда тамырлашкан схеманы аныктаган журналисттер иликтөөлөрүндө миллиондогон акча көмүскөдө айланып, бийликке таасир эткен, мамлекеттик саясатка аралашкан фигуралар ашкере болгон.

Саясат талдоочу Турат Акимов бажыдагы жемкорлук чөлкөм деңгээлиндеги маселе экенине токтолду.

“Коррупцияга каршы күрөш албетте болуп жатат жана болушу керек. Анткени президент өзү убада кылып, “Райым камалат” деген. "Жапаровдун өзүнүн жакындары тейлейт" деген сөздөр болду. Бир аз күрөш жүрүп жатат. Бирок, Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы айырмасы чоң. Ошондуктан коррупциялык схемалар боло берет. Анткени КМШда көпчүлүк мамлекеттер коррупциялашкан. Кыргызстандагы бажыдагы коррупция бул- транзиттик жүктөр”, - деди Акимов.

Акимов Украина-Орусия согушуна байланыштуу санкциялардан улам Кытайдан Борбор Азияга жүк ташуу жанданып, ага жараша аткезчилик дагы күчөрүн кошумчалады.

Бажы кызматынын жетекчиси Самат Исабеков мекемеде коррупция азайганын билдирген. Күч кызматтары бажы кызматындагы Нурбек Айбашев, Нурбек Айтмаматов, Адилет Кубанычбеков баштаган жетекчилер кармалганын жар салып, алардын сансыз байлыгынын сүрөт-видеолорун жарыялашкан. Көп өтпөй алар мамлекетке акча төгүп, абактан чыгышкан.

2018-2019-жылдары “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемалардын бетин ачышкан.

2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин иликтөөлөрдө аты аталган бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, күнөөсүн моюнуна алып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп бергенден кийин эркиндикке чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG