Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

Бажыдагы коррупция: Матраимовдун "керектен чыкпаган" схемасы


Экс-бажычы Райымбек Матраимов, кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жана алар менен иштешкен, киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаити. Иллюстрациялык сүрөт.
Экс-бажычы Райымбек Матраимов, кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр жана алар менен иштешкен, киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаити. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев бажыдагы коррупцияга байланыштуу кармалгандар тууралуу билдирүү жасап, алардын арасында баш прокурордун кайниси бар экенин ырастады.

Алты бажычы жашыруун схема менен мамлекетке 1 млрд. сомдой зыян келтирген деп шек саналууда. Бул “Райым миллион” атыккан экс-бажычы Райымбек Матраимовдун схемаларын эске салды.

Ташиевдин билдирүүсү, Зулушевдин кайниси

Атайын кызмат кармаган ар бир шектүү жөнүндө адатта билдирүү жасай бербеген Камчыбек Ташиев бул ирет журналисттердин бирине бажычылар тууралуу учкай комментарий берди. Видеону кайсы кабарчы тартып, кайсы медиа биринчи чыгарганы белгисиз. Тасма бийликке жакын сайттарга жана мамлекеттик телеканалдарга удаа жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев анда кармалгандардын иши жана ага байланыштуу саясий суроолорго жооп берди.

“Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилеринин арасында ар түрдүү пикир келишпестик болуп жатат деген сөздөргө түшүндүрмө бере кетейин. Мени менен Курманкул Токторалиевичтин ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Биз мыйзам чегинде, өз милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Биз эки күндөн бери бажыдагы чоң коррупциялык схеманын бетин ачтык. Анын негизинде сегиз адамды кармадык. Алар бажыда иштегендер, жүктөрдү каттагандар жана жүк ташыгандар. Кытайдан Өзбекстанга жүк ташып өткөргөндө чоң коррупциялык схема иштеп турган. Алдын ала эсепке ылайык, Бюджетке 1 млрд. сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Кармалгандар арасында Курманкул Токторалиевичтин бир тууган кайниси бар экени чындык. Ал азыр башка кармалгандар менен кошо көрсөтмө берип жатат. Бирок бул ишке ишке башкы прокурордун эч кандай тиешеси жок”.


Бажыдагы коррупция боюнча кармалгандар жөнүндө атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-мартта маалымат тараткан.

Анда Мамлекеттик бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын үч өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Мекеме өз билдирүүсүндө, алар Кытайдан Кыргызстанга эл керектөөчү товарларды системалуу түрдө мыйзамсыз ташып келүү боюнча туруктуу каналды уюштурууга шек саналып жатканын тактаган.

Мунун артынан эле айрым сайттар кармалгандар арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тууганы бар экенин жазып чыгышкан. Муну чечмелегендер эки органдын жетекчилеринин тиреши катары да мүнөздөшкөн.

Зулушев өзү жана анын жакындары буга комментарий бере элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов бул иш тууралуу алардын мекемеси маалымат бере албай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Бул иш боюнча тергөөнү биз жүргүзүп жаткан жокпуз да, маалыматты УКМКдан ала бергиле. Иш бизде эмес да, ошого комментарий бере албайбыз. Ким жоопкерчиликке тартылып жаткан, ким шектүү, баары атайын кызмат маалымат берди го. Кармалган киши кайниси же кайниси эмеспи, мен билбейм. Тааныбайм дагы. Курманкул Токторалиевичтин аты аталганы менен тиешеси жок. Мында кадимкидей эле кызматкер кармалып жатат. Камчыбек Кыдыршаевич да “ал кишиге дагы, бизге дагы ким экени айырмасы жок, ишти тергейбиз” деп айтты. Эгер мыйзамды бузса, кимдир бирөөнүн кайнисиби, бир тууганыбы, баары жазага тартыла турганын айтышты. Камчыбек Кыдыршаевич деле, Курманкул Токторалиевич деле, ушундай эле позицияда”, – деди ал.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат бөлүмү УКМК колго түшүргөн кызматкерлеринин ишине байланыштуу буга чейин өздөрү да иликтөө жүргүзүп келгенин билдирди. Алар мекеме өз ичиндеги коррупцияны жоюу үстүндө иштеп жатканын кабарлашты.

Баса, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев өз сөзүндө буга чейинки коррупцияга күрөштүн алкагында “керек болсо президент Садыр Жапаровдун кудасы, мамлекет башчынын агасынын бажасы кармалганын” мисал келтирди. Ал ошондой эле мыйзамсыз иш жасаганы үчүн өзүнүн да жакындары, тагыраагы өкүл балдары да колго түшкөнүн белгилеп, “мунун баары жемкорлукка каршы күрөш тегиз жүрүп жатканына далил” экенин айтты.

Ташиев баш прокурордун жакын тууганынын кармалышын саясатка байланыштырбоого чакырып, муну “кайсы бир адамдардын тиреши” деп атоодон карманууга чакырды.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, саясатчы Өмүрбек Суваналиев мындай өңүттөгү билдирүүнү төмөнкүчө баалады:

“Ташиев “башкы прокурор менен мамилебиз эч кандай бузулган жок, биз анын кайнисин эле камадык” деп айтып жатат. Негизи укуктук мамлекетте бир чоң жетекчинин бир тууганы болобу, жакыны болобу, ушундай кылмышка барса, муну кескин айыпташат. Бири-бири менен сүйлөшпөйт, учурашпайт. Цивилизациялуу мамлекетте мындай интервью бербеш керек. Тескерисинче, “сенин туугандарың кылмышкер экен, ушундай мыйзамсыз иштерди жасады, мен сен менен сүйлөшпөйм” деп айтыш керек эле. Бизде ошондой болбой жатканы үчүн коррупция токтобой жатат”.

Былтыр декабрда УКМКнын кызматкерлери Сузакта үч милиция кызматкерин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде шектүү катары кармагандан кийин, Ички иштер министрлигинин аймактык жетекчилери иштен кеткен.

Аларды көзөмөлгө албаганы үчүн кийин Жалал-Абад облусунун, Сузак районунун прокурорлору жана алардын орун басарлары, башкы прокурордун орун басарлары да кызматтан алынган.

Мындан көп өтпөй, быйыл январда Башкы прокуратура менен ИИМдин кызматкерлери УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын тергөөчүсүн 15 миң доллар өлчөмүндө пара алууга күмөн санап, кармаган. Алар имараттын эшигин талкалап кирип, операция жүргүзүшкөн. Бул окуялар да кезинде күч кызматтарынын ортосунда тиреш болуп жатканы жөнүндө талкууларды күчөткөн. Мекеме жетекчилери өз билдирүүлөрүндө муну төгүндөп чыгышкан.

Кармоо жаңы, схема эски

Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция тууралуу өлкө эгемендик алгандан бери эле айтылып келет. Буга өзгөчө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода статистикасындагы чоң айырмачылыктардан көрсө болот.

Маселен, Орусиядагы көз карандысыз Евразия аналитикалык клубу 2018-жылдагы баяндамасында 20 жылдагы кыргыз-кытай соодасындагы расмий көрсөткүчтөрдүн айырмасы 50 млрд. долларды түзгөнүн аныктаган. Бул аралыкта Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61,667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөнү айтылган.

Иш жүзүндө мындай айырмачылыктар соңку жылдардагы көрсөткүчтөрдө деле бар. Бирок азыркы бийлик акыркы эки жылдан бери бажы кызматындагы коррупцияны кескин бууганын, натыйжада соода көрсөткүчтөрү жогорулап, андан алынган төлөмдөр да арбыганын билдирүүдө.


Президент Садыр Жапаров 11-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде буларга токтолгон.

“Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акча агып кирип турган. Ал система азыр жок. Мындан ары да - мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул деген сөз мурдагы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деген план коюп бердим. Албетте, коррупцияны жүз пайыз жок кылдык дегенден алысмын. Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп да жатышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз. Убакыт керек”.

2018-2019-жылдары “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемалардын бетин ачышкан.

Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, биринчиден мында карго компаниялар кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып турганы көрсөтүлгөн.

Экинчиден, бажы кызматынын жетекчилери бекеттен өткөн жүк ташуучу автоунаалардан үлүш алып, алар ташыган товарларды эсептен чыгарып турганы такталган. Үчүнчүдөн, Кытайдан чыккан жүктөр документтерде транзит катары таризделип, бирок Кыргызстанда калганы белгилүү болгон.


2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин иликтөөлөрдө аты аталган бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, күнөөсүн моюнуна алып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп берип, эркиндикке чыккан.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бирок атайын кызматтын соңку кармалгандар тууралуу маалыматында белгилүү болгондой, бажы тармагында мындай коррупциялык схемалар мурдагыдай эле уланып жатканы ачыкка чыгууда. Анткени, бул ирет колго түшкөн бажычылардын калкалоосу менен айрым компаниялар Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстан транзиттик жүктөрдү жиберип турган. Бирок товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, Өзбекстанга жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу автоунаалар гана кете берген.

Саясатчы Өмүрбек Суваналиев мунун баарын тиешелүү адамдардын жоопкерчиликке тартылбай калганы менен түшүндүрдү:

“Матраимовду “кустуризация” кылып, бошотуп жибергенден кийин эле көп эксперттер “укуктук баа берилген жок” деп айтышкан. Ошол ишке аралашкан бажычылардын эч кимиси түрмөгө кесилген жок. “Алар болгону айып пул менен чыгып кеткенден кийин мындай иштер дагы кайталана берет” деп эл аралык да, жергиликтүү эксперттер да эскертишкен. Укуктук мамлекетте кылмыш үчүн жазага тартылат, коррупцияга барган киши чыгымдын ордун толтурат, мыйзамсыз тапкан үй-мүлкү конфискацияланат. Бизде биртике акча төгүмүш болуп, кутулгандан кийин кайра баягы ишин улантып жатышат. Айрымдары болсо депутат болуп парламентке барууда. Анан ошолор жебегенде ким жейт? Жанагы товарды мыйзамсыз ташууну “лжетранзит” же “жалган транзит” деп коюшат, ал бир күндө уюштурулбайт. Демек кеминде бир-эки жылдан бери болуп жатат экен. Ал схемалардын ар биринин артында “крышалары” бар”.


“Райым миллион” атка конгон экс-бажычы Райымбек Матраимовдун өнөктөшү, карго компанияларына ээлик кылган кытайлык, уйгур тектүү ишкер Хабибулла Абдукадыр марттын башында Кыргызстанда ири мейманкана жана мечит сала баштаганы коомдо кызуу талкууланган.

Буга байланыштуу сын пикирлерге президент Садыр Жапаров өзү жооп берип, мейманкананы алар мурда сатып алган жерине курушарын, ал эми мечитти сооп үчүн акысыз салып бере турганын тактаган.

Жапаров Хабибулла Абдукадыр Кыргызстанда кылмыш иши козголбогонун белгилеп, ал өлкөгө ири инвестиция салып жатканын айткан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG