Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Матраимовдун тойдогу чуулгандуу видеосун тарткан жаран сабалганы кабарланды


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Бишкекте Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу видеону тарткан жаран сабалганын, машинасы талкаланганын, бирок ал арыз жазуудан баш тартканын күч органдарындагы жеке булактарына таянып Kaktus.media 4-майда жазды. Басылманын маалыматына караганда, милиция кармаган эки кишини кайра коё берген.

Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" сабалган киши ким экенин так маалымдаган жок, бирок 1-майда “Асанбай” кичи районунда мушташ болгонун, 35 жана 36 жаштагы эки киши милицияга жеткирилгенин, тергөөгө чейинки териштирүү башталганын бышыктады.

Бир нече күн мурда Интернетте тойдо Матраимовдун колун бир киши өөп жаткан кыска видео тараган. Ал Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы жетекчиси Кылычбек Саркарбаев экенин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары жазып чыгышкан.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген.

Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айыппул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке эки миллиард сом төгүп берген.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан. Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырга кантип жардам бергенинин бети ачылган. (RK)

Президенттерди жандаган көмүскө инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG