Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Бейшеналиевдин иши: башкы прокурор кызматтан убактылуу четтетилди


Курманкул Зулушев, Алымкадыр Бейшеналиев.
Курманкул Зулушев, Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишти. Бул тууралуу маалымат 4-июнда президенттин расмий сайтына жарыяланып, эки жетекчи ишинен “тергөө мезгилине” четтетилгени маалымдалды.

Анда айтылгандай, эки жетекчи “Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде аныкталган “Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет” деген күнөөсүздүк презумциясынын конституциялык принцибин, ошондой эле иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принцибин көңүлгө алып, министр менен Башкы прокурорунун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып” убактылуу четтетилишти.

Президент Садыр Жапаров 3-июнда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жалпы жети кылмыш иши тергелип жатканын билдирип, бир орун басарын жана эки бөлүм башчысын 2-июнда камакка алган.

Коюлган кинелердин түшүндүрмөсү

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жалпы жети кылмыш ишин козгоду. Тагыраагы, бир кылмыш иши “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелери боюнча ачылган.

Министр жеке чечими менен коронавируска каршы акысыз вакциналар келгенине карабай, Кытай жана Орусиядагы жеке компаниялардан вакцина сатып алып, мамлекеттик бюджетке 1 млрд. 581 млн. сомдон ашык зыян келтирилгени айтылат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, акча каражаты чет өлкөлүк жеке компаниялардын офшордук аймактагы эсебине которулуп, 21 млн. сомдун вакцинасы ушул күнгө чейин келген эмес.

Бул иш боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова жана министрликтин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков дагы кармалды.

Башкы көзөмөл органы мындан тышкары Бейшеналиевге карата козголгон дагы алты коррупциялык кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берди.

“Эки кылмыш иши Бейшеналиев ээлеп турган кызмат ордунда калтыруу үчүн кол астындагы кызмат адамдарынын биринен 100 миң сом жана кеңсе креслосун алдырганы, экинчисинен 500 миң сом опузалап пара алган факты боюнча. Төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча”, - деди башкы көзөмөл мекемесинин маалымат бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов.

Айтылган төрт кылмыш иши дары-дармектерди жогору баада сатып алуу, кызматкерлерди негизсиз бюджеттин эсебинен Түштүк Кореяга кызмат сапарына жиберүү жана Бахрейн мамлекети менен дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын акысыз орнотуп берүү жөнүндө меморандумга кол койгонуна карабай, анын ордуна ошондой эле системаны түркиялык компаниядан сатып алуу үчүн 55 млн. сом которгону боюнча экени белгилүү болду.

"Опузалап талап кылуу" боюнча прокуратурага саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов кайрылган. Мекеменин билдиришинче, министр орун басарын былтыр май айынан баштап "кызматтан кетирем" деген коркутуп, 1 млн. сом пара талап кылган.

“Бектурганов 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген”, - деп айтылат билдирүүдө.

"Өзүм үчүн билейин деп комиссия түздүм"

Саламаттык сактоо министринин кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров дагы үн катты. Өлкө башчы Бейшеналиев боюнча иштин жагдайын иликтөө үчүн комиссия түзгөнүн "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

“Эсиңиздерде болсо, 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүлөргө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылышкан. Эгер чындап эле мамлекетке зыян келтирсе, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. “Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап бергиле” деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошон үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат берет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз”.

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу мындай комиссиянын мыйзамдуулугу тууралуу суроо салды.

"Урматтуу мекендештер, тергөө жүргөндө эч кандай комиссия түзүлбөйт, тергөө көз карандысыздыкка ээ. Бул мыйзам! Мыйзам эки гана учурда комиссия түзгөнгө жол берет. Депутатты же президентти жоопкерчиликке тартканда. Юристтер, мен адаштымбы?".

Буга чейин баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, министрге карата чара көрүлүп жатканын, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин айткан.

Бейшеналиев Германияда иш сапарда жүргөндө “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, "аны камоо аракети болгонун" айткан.

“Алты ай мурда бир генерал мага “сени мен отургузам” деп балдарын жөнөткөн болчу. Бул экинчи жолу көрүлүп жаткан аракет”, - деген ал.

Ал тапта министр Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров Бейшеналиевге кире албай жатканын, коюлган айып менен адвокаттарды тааныштырбаганын билдирди.

“Абал такыр өзгөргөн жок. Биз күтүп жатабыз. Мыйзам боюнча киргизиш керек болчу. Жетекчилер чече элек деп жооп берип жатышат”.

"Министр суракка чакыруу менен деле бармак"

Бейшеналиевдин артынан бир катар чуулгандуу сөздөр айтылып келгени менен анын кармалышы коомчулук үчүн бир жагынан күтүүсүз болду. Бейшеналиев 1-июнда Ысык-Көлдө жайгашкан "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин ачылышына катышкан. 2-июнда президенттин басма сөз кызматы президент Садыр Жапаров министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Ысык-Көлдө таланттуу балдар үчүн салынып жаткан мектеп менен таанышканы тууралуу маалымат тараткан.

Бейшеналиевдин тарапташтарынын бири, жарандык активист Атай Бейшенбек министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы "жогорку бийликтеги адамдардын тирешин ачыкка чыгарды" дейт.

“Атайын кызматтын ыкчам бөлүгү барып басканы Кыргызстандагы ички саясий тирешүүлөр Бейшеналиевге келип такалганынан кабар берет. Министр - кызмат адамы. Эгер айыбы болсо Германиядан келбей коймок. Ал качпастан Кыргызстанга келген. Чакыруу жиберсе деле бармак. Бирок коомчулукка демонстрация жасап, президент менен жолуккандан кийин "спецназ" менен кармаганы достордун тирешинен кабар берет”.

Министр Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки жолу суракка алган. Атайын кызмат 2-майда Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. Андан соң бул иш боюнча министрдин кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган.

Министр Германияда иш сапарда жүргөндө орун басарлары жана бөлүм башчылары маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн. Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча комиссия түзгөн.

Бейшеналиев өлкөгө кайтып келгенден кийин нааразылык билдирген үч бөлүм башчысын кызматтан алып, үч орун басарын жумуштан кетирүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына сунуш берген. Кызматтан алынган бөлүм башчылар өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктай электе чечим чыкканына нааразы болуп президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага кайрылган.

"Министр эбак эле кетиши керек болчу"

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Бейшеналиевдин ишине канааттанбасын айтып, эбак эле кызматын тапшырышы керек эле дейт.

“Алымкадыр Бейшеналиевди министр кылгандан бери бир дагы концептуалдык реформа жөнүндө сөз болгон жок. Жалаң чыр, интриганын үстүндө келе жатат. Акыркы жолу тарыхта болбогондой үч орун басары маалымат жыйын берди. Кыргызстанга ири инвестиция алып келип жаткан 17 университетти жабам деп, ыйгарым укугунан аша чапкан аракет көрдү. Бир дагы университет жабылган жок. Университеттерди жабам деп акча алган деген сөздөр чыгып жатат. Бишкектеги май куюучу жайларды жаап салдым деп чыкты. Эки күнгө жабылып, азыр бардыгы иштеп жатат. Маалымат жыйынында орун басары 10 миң доллар бергем деп жатат. Бул адамды кызматтан алып, жоопко тартыш үчүн дагы кандай факты керек?”.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровдун ишенимдүү кадры катары белгилүү. Ал кызматка 2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуудан кийин келген. Анын коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары жана башка бир катар чечимдери коомчулук тарабынан сынга кабылган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG