Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Бейшеналиев кетирген башчылар бийликке кайрылды


Президент Садыр Жапаров менен министр Алымкадыр Бейшеналиев. "Алтын-Балалык" комплексинде. 30.10.2021
Президент Садыр Жапаров менен министр Алымкадыр Бейшеналиев. "Алтын-Балалык" комплексинде. 30.10.2021

Саламаттык сактоо министри чет өлкөдө иш сапарда жүргөндө министрликтин нааразылык билдирген үч бөлүм башчысын кызматтан алып, үч орун басарын жумуштан кетирүү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына сунуш берди. Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке, өкмөт башчыга жана Башкы прокуратурага кайрылды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядагы иш сапардан келгенден кийин, 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алды.

Министр маселе буга чейин эле бышып жетилгенин, мында эч кандай өч алуу жок экенин айтууда.

Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

“Мен мурда эле бошотом деп бошотуп салгам. Жумакеев төрт айдан бери оорудум деп жүргөн. Акматова дагы оорудум деп жумушка чыкпай жүргөн. Ибраева боюнча дагы ошондой. Орун басарларым боюнча дагы мурда эле Акылбек Жапаровго айткам, кызматтан алуу боюнча сунуш бергем. Бирок кетирген эмес. Мен жокто ошолорду пайдаланып калышты. Президент менен сүйлөшкөм, ага орун басарларды кызматтан алуу боюнча сунуш берем дегем. Эми өйдө жактагылар өздөрү чечет да. Мен аларга мурда деле тапшырма берчү эмесмин. Жөн эле “свадебный генералдар да”.

Министр эки аптадай мурун Германияга иш сапар менен кеткенде анын орун басарлары жана бөлүм башчылары маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен Бейшеналиевди кызматтан алууну өтүнгөн. Анда "министрдин этикасы, кызматкерлерге орой мамилеси жана кадрларды кызматтан негизсиз алышы" өңдүү себептер айтылган. Министрликтин борбордук аппаратында да моралдык абал оорлошуп кеткенин, сынак менен дайындалчу кызмат орундарына да "өз билгениндей дайындоолоорду жүргүзүп жатканын" жүйө келтиришкен.

Кызматтан алынган бөлүм башчылары президентке, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага кайрылды. Алар буга чейинки кайрылуудан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктай электигин, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин аракети мыйзамсыз болгонун айтууда.

“Мыйзам одоно бузулду. Өкмөттүн комиссиясы иштеп жаткан, жыйынтык чыккандан кийин чечим кабыл алыш керек болчу. Эмнеге мындай кылып жатат, түшүнбөй калдык. Министр кызматтан алуусун 15-берененин 16-пунктуна такаптыр. Анда сындоо деген жери бар. Биз сындаган жокпуз, биз мыйзам бузууну айтып чыктык. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын 14-беренесинде так жазылган, эгер кызматкер мыйзам бузуу жөнүндө билип калса милдеттүү түрдө жогорку жакка жеткириш керек”,-деди Юридика бөлүмүнүн мурдагы башчысы Азамат Жумакеев.

Кызматтан алынган дагы бир Коомдук саламаттык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айнура Акматова "коомчулук мыйзамсыздыкты колдоп жатканына" өкүнүчүн билдирди.

Айнура Акматова.
Айнура Акматова.

“Биздин кайрылуубуздан кийин өкмөт комиссия түзгөн. Ал жыйынтыгын чыгара электе түшүнүксүз берене менен жумуштан алып салыптыр. Мен кызматка жабышкан адам эмесмин. Ушунчалык адилетсиздик болуп жатканына күйөм. Маалымат каражаттары, коомчулук адилетсиздикти колдоп жатканы өкүнүчтүү. Бул киши уялып эле кызматтан кетип калыш керек болчу. Бир айдан бери иште болгон эмес. Алтын-Балалыкта жүрөм дейт, бир күнү Ошто, бир күнү көлдө, бир күнү Женевада, бирде Германияда. Кандай иш жүрөт?”.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн кырдаалды иликтеген комиссия ишин улантып жатканын билдирди.

Анткен менен буга чейин министр менен Бишкектеги мурдагы травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековго байланыштуу маселени дагы атайын комиссия иликтемек болуп, бирок кандай жыйынтык чыкканы белгисиз бойдон калган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев комиссиянын жыйынтыгын күтпөй чечим кабыл алганын мындай түшүндүрдү:

“Алардын комиссияга берген кинелери карандай калп. Орой, жыйналыш учурунда эскертүү берет деп айтылыптыр. Иштей албаса, эскертүү берем да. Көбү кечигип келчү, мен телефон чалып тургузчумун. Аны башкача кылып айтып жатышат. Башкы врачтарга өз адамдарын койду дептир. Мен өзүмдүн командамды алып келдим. Мага комиссиянын деле чечиминин кереги жок. Мага элдин, президенттин колдоосу керек”.

Бул Кыргызстанда министрге дээрлик бардык орун басарлары, бөлүм башчылары каршы чыгып, отставкасын талап кылган биринчи учур болду. Министр өзү жасап жаткан ишин реформа деп атаса, "укуктук башаламандык жасоодо" деп сындагандар да бар.

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барктабасова министрдин үч орун басары, бөлүм башчыларынын кайрылуусу көңүл сыртында калып жатат дейт.

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

“Мындай эч качан болгон эмес. Аны (министрди-ред.) эч нерсеге карабай колдоп кимдер колдоп жатканы белгилүү. Ушунча окуядан кийин ал кызматта калып, дагы бир нерселерди жасап жатат. Эмне кылабыз? Коомчулук, Жогорку Кеңеш, Эмгек кодекси макул болуп жатат. Биздин өлкөдө ушундай. Министрдин үч орун басары чыгып, элге мыйзам бузууларды жарыя кылышты. Качан мындай болду эле? Бийлик алардын үнүн угуунун ордуна, айтып чыккандарды кызматтан ала баштады. Мен болуп аткан иштерге тынч гана байкоо салып турам. Коомчулук мындай иштер болбошу керек экенин түшүнмөйүн, башкага ынандыра албайсың”.

Бул окуяларга байланыштуу президент Садыр Жапаров жана анын аппараты азырынча үн ката элек. Президент 30-майда улуттук "Кабар" агенттигине акыркы учурдагы актуалдуу маселелер боюнча кеңири маек берди. Бирок Саламаттык сактоо министрлигиндеги кырдаалга токтолгон эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров апрелде “Азаттыкка” берген маегинде Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу өкмөткө эки жолу кайрылганын билдирген. Ал "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып, министрге жакын арада чара көрүлөрүн маалымдаган.

"Ар бир атуул, ошонун ичинде өкмөткө жумушка кирген адам, министрлер кынтыксыз иштеши керек. Адам баласынын аброюна шек келтирбеши керек. Биз, мен дагы, президент дагы ал кишиден (Бейшеналиев - ред.) "улуу киши экенсиз, жүрүм-турумуңузду оңдоп, оюңуздун баарын айта бербей мыйзамдын чегинде иш алып барыңыз, реформаларыңызга эч ким тоскоол болбойт" деп айтканбыз. Бирок биз анын реформаларын да карайбыз, жакында чечим кабыл алабыз", -деген өкмөт башчы.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев министрликтеги тиреш жогорку бийлик жетекчилери тарабынан чечилиш керек деген пикирде.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

“Мындай жагдай коомчулукту бушайман кылып жатат. Бул иштерде эмоция дагы бар. Бирок кызматтан алуу эмоциясыз, мыйзамдын негизинде так чечилиш керек. Алдында иштегендер менен тиреш кызматка тескери таасирин тийгизет. Кырдаалдан чыгыш үчүн министрге ишеним көрсөткөн тараптар реакция жасаш керек”.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары, бөлүм башчыларынын кайрылуусунун астында 12-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору, шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору пара алууга шектелип кармалганын билдирген. Андан соң бул иш боюнча министрдин кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалган. Министр бул иш боюнча эки жолу сурак бергенин айткан.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядан келгенден кийин аталган иш боюнча суракка чакырылбагынын, эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG