Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Минскиде пенсионерлер көчөгө чыгышты


Митинг учурунда. Октябрь, 2020-жыл.
Митинг учурунда. Октябрь, 2020-жыл.

Лукашенко бийлик бөлүшүүгө даяр.

Минск менен бир катар шаарларда пенсионерлер жүрүшү өтүп жатат.

Беларус борборунда «Биз ишенебиз, биздин колубуздан келет, биз жеңишке жетебиз» деген ураандарды кыйкырып, ардагерлер Эгемендик аянтына бир колонна менен чыгышты.

Пенсионерлердин маршында Беларустун ички иштер министри Геннадий Казакевич «Минскидеги митингдер радикалдык көрүнүшкө айланганын», күч түзүмдөрү өздөрүн коргош үчүн аскердик курал-жарак колдонорун айтып чыкты.

Дем алышта Беларуста өткөн «Ар-намыс» жүрүштөрүндө 500дөн ашуун адам камакка алынган. «Весна» укук коргоо уюму дем алышта өткөн митингдерде жалпысынан 586 киши кармалганын, анын 40ка жакыны журналисттер экенин кабарлаган.

Лукашенконун авторитардык режимине каршы Минскиде көчөгө чыккан миңдеген беларустарга полиция суу бүркүп, кулак тундуруучу граната менен көздөн жаш агызчу газ колдонуп, көчөлөрдү тосуп, метролорду жаап, чогулган адамдарды таркатууга аракет кылды.

Интернетте таркаган видеолордо күч түзүмдөрүнүн беткапчан кызматкерлери демонстранттарды ур-токмокко алып, чакан автобустарга салып алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Ал арада президенттин басма сөз кызматы Александр Лукашенко «президенттик бийликти өкмөт менен башка органдарга бөлүштүрүүгө даяр» экенин айткан видеосун тарката баштады.

«Акыркы убакта ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча көп сөздөр айтылып жатат. Мындай укуктар бирөөлөргө жетишпей жаткандай. Жалпысынан бул туура. Өкмөттү башка түзүмдөр менен бийлик органдарга бөлүштүрүш керек. Президентке ылайык келбеген милдеттерди бериш керек», - дейт видеодо ал.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларуста 26 жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенкого каршы элдик жүрүштөр эки айдан бери токтобой келет. 9-августта президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп нааразы болгондор жума сайын жапырт жүрүштөргө чыгышууда.

Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Буга чейин элдик жапырт жүрүштөр үчүн тышкы күчтөрдү айыптап, оппозициялык кыймыл менен сүйлөшүүлөргө баруудан баш тартып келген 66 жаштагы Лукашенко ишембиде абакта отурган оппозиция өкүлдөрү менен жолугушууга барган.

Лукашенконун басма сөз кызматы тараткан сүрөттө ал президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөн кийин камакка алынган мурунку банкир Виктор Бабарико, оппозициянын Координациялык кеңешинин өкүлү Лилия Власова, саясат таануучу Виталий Шкляров менен бир үстөлдө отурат.

«Белта» агенттиги жолугушуу төрт саатка созулганын, Лукашенко абакка тараптардын пикирин угуп, диалог түзүү ниети менен барганын кабарлады.

Литвада жүргөн оппозиция лидери Светлана Тихановская бул жолугушууну «Лукашенконун өлкөдө саясий туткундарды тааныганы» деп баалап, ошол эле кезде «түрмөдө диалог түзүүгө болбойт» деп билдирди.

Президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Тихановская шайлоодо эң көп добуш топтогонун айтып, 5-ноябрда Лукашенконун президенттик мөөнөтү аяктай турганын белгилеп жүрөт.

Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Ал эми бир катар саясат таануучулар Лукашенконун абакка барып оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуусун, ошол эле кезде көчөгө чыккан демонстранттарды таркатыш үчүн кескин чара көрүлгөнүн «артка чегинүүгө мажбур болгон Лукашенконун күчүн көрсөтүү аракети» катары баалашат.

Саясий серепчи Виталий Карбалевич ички жана тышкы басымдан улам Лукашенко оппозиция менен диалог түзүүгө аргасыз деген ойдо.

«Бир четинен нааразылык жүрүштөрүн түп-орду менен басуу мүмкүн эмес, - деди ал. - Жер-жерлерде чакан бирикмелер түптөлүп, Интернетте байланыш каналадары түзүлүп калды. Каалаган убакта каршылык жүрүштөрү жаңы күч менен кайрадан башталышы мүмкүн. Эл бир саам тынчый түшсө да, каалагандай бир себеп аларды көчөгө алып чыгып кетет. Бул факторду Лукашенко түшүнүп, жүрүштөрдү кара күч менен басып коюуга болбой турганын билип, башка жолдорду издеп жатат. Диалогду имитациялоо да ошондой бир аракет».

Европа Биримдиги жана АКШ 9-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгын жасалмалаган деген негизде Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу президенти катары тааныбай келатат.

Бул күнү Люксембургда жолугушкан Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Александр Лукашенкону санкциялык тизмеге киргизүү боюнча орток чечимге келгени жарыяланды.

Европа кеңеши беларустук 40тай аткаминерди санкциялык «кара тизмеге» киргизгенин эки жума мурун жарыялаган. Ал «кара тизмеде» Александр Лукашенконун аты-жөнү жок болчу. Европа кеңешинин дипломаттары ал кийинчерээк тизмеге кошулушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен каршылык акциясына чыккандарга күч колдонгондор жазасыз калбай турганын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG