Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Башкы чекисттин шайлоо алдындагы эскертүүсү


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке шайлоого айрым талапкерлерди “үгүт жүргүзбөй эле бийликти каралоого өтүп алды” деп катуу сындады. Башкы чекист кайсы бир атты атабаганы менен коомдо бул Адахан Мадумаровго карата айтылды деп кабыл алынууда.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 10-ноябрда Кара-Көл шаарындагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып парламенттик шайлоодо талапкерлердин добуш сатып алуусуна жол берилбесин айтты. Ал мамлекеттик кызматкерлер саясий иш-чарага аралашса, жумуштан алынып жоопко тартыларын, ал эми добуш сатып алгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккан күндө да жарыштан четтетилерин эскертти.

“Биздеги маалыматтарга караганда, айрым талапкерлер шайлоого аз калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатат. Шайлоого бир жума калгандан тартып, УКМКнын кызматкерлери уктабай, күнү-түнү көзөмөл кылышы керек. Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбай койгон кызматкерлер жазага тартылат”.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-ноябрда өлкөдө үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 73 факты катталганын билдирди. Алардын ичинде “Шайлоочуларды сатып алуу”, “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ушул тапта 37 иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана шайлоону таза өткөрүү жөнүндө президенттин жарлыгын жетиштүү аткарбагандыгына байланыштуу Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, педагогика факультетинин деканы жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу иштен алынды. Ошондой эле билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Бийлик менен Мадумаровдун кайым айтышы

Камчыбек Ташиев 10-ноябрдагы сөзүндө айрым талапкерлер эл менен жолугушууда бийликти каралап атканын кошумчалап, аларды сынга алды.

“Кээ бир талапкерлер программасы менен тааныштырбай бирөөнү жамандап, жасалып жаткан иштерди каралап, эл арасында туура эмес маалыматтарды таратууда. Ошол сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Тилин тыйып, элге туура маалымат берип, программасын түшүндүрүп добуш алып келсин. Биз шарт түзүп берип жатабыз. Биз мыйзамдуулукту камсыз кылып берип атабыз. Талапкерлер да эрежени сакташ керек. Кайдага калп маалыматтарды таратып, мамлекет башчыга, бизге окшогон мамлекеттик кызматкерлерге ар кандай сөздөрдү айтып жүрүшөт. Бирок ошол тилинин азабын тартат”.

Камчыбек Ташиев мүмкүнчүлүк болгон жерде эле шайлоо таза өтөт деп убада берип келет. Ал "бийликти каралады" деген талапкердин аты-жөнүн ачык айткан жок. Бирок коомчулукта бул сөздөр “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун дарегине айтылды деп боолголонуп жатат. Буга бир нече себептер бар.

Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Чүй облусунун Кемин шаарында диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылышына катышып, ал да Камчыбек Ташиевдин сөзүнө үндөш эле билдирүү кылган.

“Шайлоого ким кааласа катышып жатат. Оппозициясы, позициясы бар. “30 жылдан бери келаткан эски жүздөр, сайраган сагызган” деп айтып атасыңар. Эч кимисине бут тоскон жокпуз. Мурда бийликтин гана партиясына иштешчү. Оппозиция көчөдө калып аларга свет, залды, керек болсо көчөнү да берчү эмес. Анын баарын жок кылдык. Биз демократиялуу өлкөбүз”.

Президент Садыр Жапаров Адахан Мадумаров тууралуу 23-октябрда жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында да сөз кылган. Өлкө башчы Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айткан.

Мадумаров үгүт өнөктүгүндө эл менен жолугушуп жатып президенттин дооматын четке каккан жана ал кол койгон протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталаган. Ал документти көтөрүп чыккандарды "сабатсыз" деп атаган.

Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаровго кайра жооп кайтарып, Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу саясатчы туура эмес маалыматтарды айтып, элди адаштырып жатканын билдирген. Эки тараптын ачык болбосо да кайым айтышуусу уланып келет.

Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоого оппозициялык күч катары катышып жатат. Саясатчы 11-ноябрда Токтогул шаарында шайлоочулар менен жолугушууда өзүнө айтылган акыркы сөздөргө жооп бергендей болду.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Арамдыкты көрүп турсаң колуң менен токтот деп буйрук берилди. Кайдыгерлик өтө чоң күнөө деп айтып жатат. Колуңдан келбесе, тилиң менен токтот деп атат. Кээ бир тили жоктор тилге асылып атат. Тилден айланып кеткирлер. Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнү десе кимди түшүнөбүз? Токтогулду. Токтогул эмнеси менен таанылган? Тили менен да. Ал кетмен чапкан жок. Банк курган жок, банкты уурдаган жок. Саякбай да тили менен таанылды. Кыргыз кылымдардан бери сөз баккан, сөздүн баркын билген. Кылычына баш ийбесе да, сөзүнө баш ийген касиеттүү элбиз го. Муну кээ бир азаматтар түшүнбөйт. Алар көк кагаздын алдында гана баш ийип калышкан”.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов бийлик шайлоону адилеттүү, таза өткөрүү тууралуу кат-кат убадаларды берип, бирок атын атабаса да айрым талапкерлерди зекигени айтылган сөздөргө каршы келерин билдирди.

“Кээ бир талапкерлерди каралоону жергиликтүү бийлик буйрук катары кабыл алат. “Демек мен президентке, Камчыбек Ташиевге жакпаган талапкерлерге каршы иштешим керек экен” деген ойду пайда кылат. Ошондуктан өлкө жетекчилери, айрыкча президент шайлоодо бир да талапкер, партиянын атын айтпай, шайлоонун жалпы эрежелери тууралуу гана сүйлөш керек. Азыр бийликтин берген убадасы менен кылган иши төп келишпей калууда”.

Талкууга түшкөн билдирүү

Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде Адахан Мадумаровдун дагы бир сөзү коомчулукта талкуу жаратты. Ал шайлоочулардын 2010-жылы апрель окуясында ок жеп каза болгондор тууралуу суроосуна мындайча жооп берген.

“Мен көз карашымды 11 жылдан бери айтып келатам. Бардык нерсени өз ордуна коюш керек. Эч ким далилдей алган жок. Ошол өлгөн балдардын бирөөнө да алдынан ок тийген эмес. Бирөөнүн да денесинен алынган ок Кыргызстандын аскерлеринин мылтыгынан чыккан ок эмес. Көбүнө ок аркасынан тийген. Аңчылыкка колдонулган мылтыктан чыкканы аныкталды”.

2010-жылы апрель окуясында ок жеп каза болгон 90го жакын баланын өлүмү тууралуу саясатчынын бул сөзү социалдык тармактарда сынга кабылды. Революциядан кийин мамлекетти башкарган Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев Адахан Мадумаровдун сөзүнө жооп берди.

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

“Адахан Мадумаровдун өзүнөн кайсы медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен сүйлөп жатканын сураш керек эле. Ала-Тоо аянтында ок жеген ар бир кишиге соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, каягына эмне ок тийгени, кандай жаракат алганы аныкталган. Анын баары далилденген. Прокуратура, тергөө иликтеп сот чечим чыгарган. Адахан Мадумаров айтып койсо эле боло береби? Же тергөөдө аңчылык курал колдонулганы жазылыптырбы? Андай жок да. Саясий упай топтойм деп эле ар кайсыны сүйлөй берген болбойт”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG