Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

"Озоди": Орусиядан кийин Казакстан да тажик мигранттарын текшерүүнү күчөттү


Алматы шаары. Мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд.
Алматы шаары. Мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд.

Тажикстандык мигранттарды текшерүү, кармоо жана депортациялоо Казакстанда да күчөгөнүн бүгүн 7-майда «Азаттык» радиосунун тажик кызматы аларга кайрылган тажик жарандарынын айткандарына таянып жазды.

Казакстанда жашаганына алты жыл болгонун айткан жарандардын бири: «Тажикстандыктардын абалы начарлады. Рейддер уюштурулуп, көбүн депортация кылып жатышат. Бул өлкөдө жашоого убактылуу уруксаты барларды да кармап, депортациялаган учурлар бар», - деген.

5-майда Казакстандын полициясынын расмий сайтына Улытау облусунун аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда «мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүк 16 кишинин жетөө Өзбекстандын, тогузу Тажикстандын жараны экени аныкталганы» тууралуу маалымат жарыяланган. Алар баары тийиштүү документи жок иштеп жүрүшкөнү жана өлкө аймагынан мажбурлап чыгарылганы кабарланган.

Тажикстан бийлиги 7-майда Казакстандын эл аралык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү тууралуу билдирүү таратып, тажик жарандарына бул өлкөгө бардык документтерин текшерип, даярдап, тактагандан кийин баруу керектигин эскертти.

Казакстан өлкө аймагында иштеген тажикстандык эмгек мигранттарынын саны жагынан Орусиядан кийинки мамлекет. Бул республикада, “Озоди” радиосунун маалыматына караганда, Тажикстандын 10,5 миңдей жараны иштейт. Алар негизинен курулуш жана соода тармагында эмгектенет.

22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG