Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Балыкты колдон талашкан браконьерлер


Соңку жылдарда Кыргызстанда жасалма балык өстүрүү көбөйдү. (Иллюстрациялык сүрөт)
Соңку жылдарда Кыргызстанда жасалма балык өстүрүү көбөйдү. (Иллюстрациялык сүрөт)

Ысык-Көлдө жасалма уруктандыруу жолу менен өстүрүлгөн Ысык-Көл жилингир (форель) балыгынын майда чабактары көлгө коё берилди. Бул иштер жыл сайын көлдөгү балыктын санын сактап гана эмес, көбөйтүү максатында жүргүзүлүп келет. Белгилей кетсек Ысык-Көлдүн балыгын кармоого мораторий салынган.

Балык чарба департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык бөлүмү 2008-жылдан бери көлдүн балыктарын икра чачуу мезгилинде кармайт. Ихтиологдор балыктын уругун алып, аны балык чарба заводунда 4 айдан жарым жылга чейин өстүрүп, көлгө коё берип келатат.

Асан Жапаев “Көлдүн төрү” балык чарба ассоциациясынын төрагасы. Анын айтымында, бул жолу көлгө форелдин малёктору салынды, ал үчүн балык чарба департаменти эки жеке чара менен келишимдин негизинде иштеген:

"Карптын эне балыктарын апрель айында кармай баштайбыз. Алардан икра алынып, инкубацияга салынат. Былтыр мисалга 16 млн. икра чыгарып, аны чоңойткондон кийин көлгө салганбыз. Бул жолу дагы мындан да көбүрөөк салабыз деп ойлоп жатабыз. Балык чарба департаменти бизге малёкторду өстүрүүгө эмне керек болсо ошо менен камсыздап, 4 ай бою кабардар болуп турушат. Малёктордун тамагы дагы департамент аркылуу келет".

Асан Жапаевдин “Көлдүн төрү” жоопкерчилиги чектелген коому Түп суусуна 20 миң, Жыргалаң суусуна 37 миң Ысык-Көл форелинин майда балыктарын кое берди. Балык чарба департаментинин Ысык-Көл жана Нарын аймактар аралык бөлүмүнүн убактылуу өкүлү Адилет Иманбеков ушул сыяктуу иштер башка айылдарда да жүргөнүн айтат.

Григорьев айылындагы “Балыкчылар” жоопкерчилиги чектелген коому болсо көлгө форелдин 294 миң майда малёгун быйыл салган. Ал эми Тоң мамлекеттик балык чарба заводунда форелдин 302 миң икрасы өстүрүлүп жатат. Бул компания көлдө балык кармоого мараторий салынгандан бери жүргүзүлөт.

Кыргызстандын Чүй облусундагы балык чарбалардын бири (Фото архивден)
Кыргызстандын Чүй облусундагы балык чарбалардын бири (Фото архивден)

"Жасалма уруктандыруунун пайдасы чоң эле, 2019-жылы мисалга 9 млн. малёк салганбыз, былтыркы жылдын эсебинен 7 млн. 800 миңден ашык болду. Анын арасында форель, сига-лудога, сазан жана башка балыктар бар. Кайсы бир мезгилде көрүнбөй жоголуп кеткен чебак, чебачок, маринка, осман деген балыктарыбыз көрүнө баштады. Азыр Ысык-Көлдө эндемикалык балыктын 8 түрү бар, жалпысынан 27 түр балык бар экенин департамент белгилеп келет. Бирок, браконьерлер бул балыктардын көбү икра чача турган мезгилге тууралап, балыкка кол салуусун күчөтөт", - дейт Адилет Иманбеков.

Негизи көпчүлүк учурда балык уулаганды сүйүүчүлөр электр кайырмактарын колдонушат, бул балыкка өтө чоң зыян алып келет. 2020-жылы өкмөттүн жаңы чыккан чектөөлөрүнө ылайык синтетикалык торду колдонууга тыюу салынган. Андан сырткары электр кайырмактарын, электр кубаты менен иштеген балык уулоочу каражаттардын жардамы менен балык кармоого болбойт. Бул тууралуу Адилет Иманбеков кепти андан ары улады:

"2010-жылы бизге ПРООН кайык берген, андан бери 10 жыл өттү, техникабыз жаңыртыла элек. Ал эми ар бир браконьерде жаңы, өтө күчтүү кайыктар бар. Биз биринчи кезекте кытай торлорун киргизбегенге болгон аракетибизди көрүшүбүз керек. Негизинен ар бир 3 ай сайын биз мыйзамсыз балык уулоого чыккандар менен күрөшүүнү күчөтүп, кармалган браконьерлерге айып пул салып, ишин сотко өткөрүп берип жатабыз. Бирок бул аракеттер аздык кылат, комплекстүү иш болсо жыйынтык жакшы болмок. Октябрь, ноябрь жана декабрь айларында биздин иш кызыйт, себеби бул айларда балыктын көпчүлүк түрү икра чача баштайт дагы, суунун үстү жагына чыга баштайт. Бул учур браконьерлер үчүн ыңгайлуу болуп эсептелинет".

2008-жылы балык кармоого каршы мараторий жарыяланган, ал 2017-жылы алынган. Бирок, бүгүнкү күндө Ысык-Көл жана Соң-Көлдө, Орто-Токой суу сактагычында балыктын запасын аныктоо жана мониторинг жасоо иштеринин бүтпөй жатканына байланыштуу балык чарба департаменти балык кармоого уруксат бере элек. Ихтиолог Догдурбек Кабатаев мораторийге карабай браконьерлер менен күрөш алсыз жүрүп жатканын жана балыкты жасалма уруктандыруу үчүн бул чоң тоскоолдук экендигин айтты:

"Биз көлгө кое берип атабыз, браконьерер болсо четинен кармап атат. Биздин иштен майнап деле чыкканын көрө элекмин. Албетте такыр эле көлдө балык жок дебейм, бар, бирок, аз. Мамлекет бул маселени тезинен карап, олуттуу көңүл бурушу керек. Мисалга, жеке балык чарбаларына көлдөн балык кармоого уруксат берип, ар бирине өз участогун бөлүштүргөнү жакшы. Себеби өз участогун алган чарба браконьерди киргизбейт, балыкка өзү да кол салбайт. Азыр болсо браконьерлер балык икра чачып аткан мезгилде кол салат, балыкка тукум калтырууга мүмкүнчүлүк бербейт. Сига-лудога балыгы мисалга 1-2 жылдык кезинде эле торго түшүп калып жатат, андан икра калбайт да, демек, жоголуп кетүү коркунучу сөзсүз бар. Илимий изилдөө академиясынан көлдөгү балыктын запасын көрөбүз деп келет, бирок канча жылдан бери запасты көргөнү менен алардын иштегенин мен көрө элекмин. Жөн гана кагаз иштери басымдуулук кылып, калганы көз жаздымда калып жатат".

Ысык-Көлдөн тышкары департаменттин Ысык-Көл жана Нарындагы өкүлчүлүгү Соң-Көлгө дагы сига-лудога балыгынын 1 млн 700 миңден ашуун малёгун 23-февралда салды. Бул малёктор Тоң мамлекеттик балык чарба заводунда жасалма уруктандыруу жолу менен 4 ай багылган. Ысык-Көлгө кое бериле турган сига-лудога балыгынын малёктору эки жеке балык чарбасында жана Тоң мамлекеттик балык чарба заводунда өстүрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG