Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:15

Бал аарыларды чалгынчылыкка колдонуу аракети


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Индиялык окумуштуулар суудан уран алууну өздөштүрсө, алардын кытайлык кесиптештери бал аарылардын учушун башкарып, чалгындоо үчүн колдонууга далалат кылышууда. Ал ортодо гориллалар адамдарга кайрылуу үчүн жаңы үн ойлоп табышты. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому.

Суудан алынган уран

Атомдук электр станциялардын ишин камсыздаган урандын запасы алдыңкы жүз жылда түгөнүшү мүмкүн. Учурда дүйнөдөгү урандын запасы 7,5 млн. метрикалык тоннаны түзөт. Бул жагдай өндүрүштүн альтернативалык жолдорун издөөгө мажбур кылууда.

Бул көйгөйдү чечүүгө Индиянын илимий билим берүү жана изилдөө институту да аракет кылып көргөн. Натыйжада институттун окумуштуулары уранды суудан чогултуучу фильтр жасай алышты. Окумуштуулардын изилдөөсү жөнүндө баян Energy & Environmental Science илимий журналына жарыяланды.

Металл-органикалык иондук фильтрди Мумбайдагы Араб деңизинен алынган сууда сынап көрүшкөн. Жаңы табылга болгону 25 күн ичинде бир граммга карата 28,2 мг уран чогултуп, буга чейинки белгилүү бардык коммерциялык фильтрлердин арасында рекорд койду. Эми суудан уран алуу натыйжалуу альтернатива болуп калышы ыктымал.

Адам башкарган аарылар

Пекин техникалык институтунун инженерлери мээнин атайын бөлүктөрүн имплантталган электроддор аркылуу бал аарылардын учушун так башкарууга мүмкүн экенин көрсөтүштү. Бул жөнүндө илимий иш Cyborg and Bionic Systems илимий журналына жарыяланды.

Изилдөөнүн авторлору мээни стимуляциялоонун ар кандай түрлөрүн да байкап көрүшкөн. Эгер аарынын кыймылы толук чектелсе, 87%, эгер сойлоо мүмкүнчүлүгү калтырылса, 50% башкарууга мүмкүн.

Аары сыяктуу ар кандай курт-кумурскалардан башкарылуучу киборг жасоого мурдатан эле аракет көрүлүп келет. Жасалма майда учуучу каражаттарга караганда, тирүү жандыктар бир топ артыкчылыктарга ээ. Мисалы, бал аарылар саатына 20-40 чакырым уча алат. Бирок бул артыкчылыктарды туура пайдалануу үчүн алардын учуусун ишенимдүү башкаруучу система зарыл.

Киборг курт-кумурскалар аскердик чалгындоодо, био ар түрдүүлүктү изилдеп, коргоодо жардам берет.

Горилланын жаңы “тили”

ScienceAlert басылмасы зоопарктагы гориллалар ал жайдын кызматкерлерине кайрылуу үчүн башкача үн чыгара баштаганын жазды. Алардын жүрүм-турумундагы мындай өзгөрүүнү Жоржия университетинин окумуштуулары байкаган.

Тыянак чыгаруудан мурун, окумуштуулар сегиз горилла менен тажрыйба жүргүзүшкөн. Алгач алардын алдына зоопарктын жөнөкөй кызматкерин коюп көрүшкөн. Экинчи жолкуда тамактын өзүн, ал эми үчүнчүсүндө зоопарк кызматкери тамакты колунда кармап турган. Үчүнчү тажрыйбада жаныбарлар мурда белгисиз үн чыгарышкан.

Мындай үндү АКШ менен Канаданын башка дагы зоопарктарындагы гориллалар дагы чыгарары белгилүү болгон. Гориллалар бул үндү тамак көтөрүп келе жаткан зоопарк кызматкеринин көңүлүн буруу үчүн колдонушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG