Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Кларк: Өз алдынча ойлонуп, анализдөөнү окутабыз


Жон Кларк.
Жон Кларк.

Борбор Азиядагы эл аралык университет Токмок шаарында жаңы имаратын кура баштады. Он миллион доллардан ашуун каражатка курула турган жаңы университет 2023-жылы август айында ишке кирери пландалган. Окуу жайдын президенти, доктор Жон Кларк менен бул долбоор тууралуу маектештик.

- Сиз Кыргызстан, Казакстандын билим берүү тармагында иштеп келатканыңызга 20 жылдан ашыптыр. Бул аймакка кандайча кызыгып калдыңыз эле, алгачкы сапарыңыз эмнеден башталган?

- Эң биринчи жолу 1994-жылы АКШнын Фулбрайт программасы боюнча үч ай иштегени Ош мамлекеттик университетине келгем. Андан кийин агартуучу Камила Шаршекеевага Борбор Азиядагы Америка университетин уюштурууга жардам бергени Бишкекке келип иштеп калдым. 2001-2002-жылдары Камила Шаршекеева билим берүү министри болуп турганда ОРТ же мектеп бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалаган Жалпы республикалык тестирлөө системасын киргизүүгө жардам бердим.

Азыр да ийгиликтүү иштеп жаткан ошол системаны Шаршекеева баштап берген. Кайра Казакстанга барып төрт жыл университетте иштегенден кийин 2007-жылы кайтып келип, калифорниялык доктор Янга жолугуп калып, анын билим берүү аркылуу гана коомду өзгөртүп өнүктүрө алабыз деген идеясын колдоп, ушул азыр биз отурган Токмоктогу Борбор Азия эл аралык университетин ачып уюштурууга кириштик. Ага чейин Ян мырза Чүй өрөөнүндө беш-алты мектеп ачып, алардын бүтүрүүчүлөрү жогорку билимди кайдан алат деген суроого жооп издеп жаткан экен. Бишкектеги Америка университетине баралы десе, ал жер кымбат. Мамлекеттик жогорку окуу жайына баралы дешсе, ал жерде окутуу деңгээли ойдогудай эмес. Ойлонуп отуруп, Токмокто Борбор Азия эл аралык университетин ачтык. 2011-жылы ушул университетке президент болуп калдым. Ошондон бери ушул жердемин.

- 1994-жылдан бери көпчүлүк мезгил Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагында иштеп келатыптырсыз. Башка жакка кетип калбай, ушул жакта калууңузга эмнелер себеп болду?

- Мен ушунча жылдан бери агартуучу Камила Шаршекеева менен жакындан иштеп келатам. Ал мурдагы советтик жылдардын аягында эле ал кездеги коомдун эң башкы көйгөйү – чынчылдык жок болгонун тушүнгөн экен. Эгемендиктин башында эле дагы бир аялдар тобу менен акылдашып, "келгиле, коомго жетпеген чынчылдыкты жайылталы" деген ойго келишет. Камила Шаршекеева өзү англис тил мугалими, келгиле англис тилине байланыштырып бир окуу жай ачабыз деп отуруп, адегенде америкалык факультет ачып, кийин аны жогорку окуу жайына айландырышты. "Сорос" фонду аралашканда, мен Казакстандагы КИМЭП университетине кеттим. Эң башкы айырма – өзүңүз деле билесиз, диктатура гүлдөгөн өлкөлөрдө балдарды, жаштарды баарын жаттатып окутушат. Жаттаганын эч жерин өзгөртпөй таптак кайталап айтып берсе, мыкты баа алат. Кайталап айтып бере албаса, начар баа алат. Биз студенттерибизди өз алдынча ойлонуп, анализдөөгө, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөтөбүз. Өзүңдө идея барбы? Ошол идеяны андан ары өнүктүрүп турмушка ашыра аласыңбы? Ошол идеяны башкалар кабыл алгыдай так, даана жазып бере аласыңбы? Ушуларга үйрөтөбүз. Айырмабыз ушул.

- Сиздердин университет каражатты кайдан алат? Студенттер төлөгөн каражат жетеби? Демөөрчүлөрдүн идеологиялык же диний максаты жокпу?

-Кандай болбосун иш башташ үчүн акча керек. Биз Калифорниядагы айрым бизнеси бар кишилерден колдоо алып келатабыз. Окуу жайыбыздын каражатынын үчтөн экисин Америкадагы демөөрчүлөр беришет. Былтыркы бюджетибиз 600 миң АКШ долларын түзсө, анын 400 миңдейин демөөрчүлөр камсыздашты. 200 миңдейи окуунун акысынан чогулду. Ян мырза, анын билим берүүгө инвестиция салууну колдогон шериктери – калифорниялык христиандар. Ага карабастан, биздин университеттин динге эч тиешеси жок. Андай болбосо, биз Кыргызстандын Билим берүү министрлигинен лицензия ала албайт элек. Мен өзүм деле динчил адам эмесмин, динге ишене бербейм, анан кантип аны таратмак элек?

- Токмок – Кыргызстандагы эң чоң же ар тарабынан өнүгүп өскөн шаар эмес. Анан кантип акча төлөп окуй турган менчик университетке ушунча студенттерди тартып атасыздар?

- Окуу жайында чынчылдыкты, ачыктыкты баалаган адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөр анча деле көп эмес. Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Түрк Манас университети, анан биз. Биздин университетте иштеп аткан мугалимдердин бири буга чейин иштеген окуу жайдагы коррупцияны айтып чыкканда, ал жактагылар "эмне сен биздин калыптанып калган салтка каршы чыгып атасың" деп айыпташыптыр. Коррупцияны салт деп калдыкпы? Андайдан кудай сактасын. Биздин окуу жайды ачкан демилгечилердин бири Токмокту аябай жакшы көрөт. Бишкекке барсак, албетте, азыркыдан көп студент, киреше тапмакпыз. Ушу тапта университет менен коллежде баары 600дөй студент билим алып атышат. Коллежде англис тилинен мугалим, педагогикалык кесипке, маалымат технологиясы же компьютердик адистиктерге кызыккандар көп. Университетте окугандар юридика, бизнес, маалымат технологиялары, эл аралык мамилелер, кытай, англис тили жана педагогика боюнча бакалавр дипломуна ээ болушат.

- 28 жылдан бери Борбор Азияда, көпчүлүгү Кыргызстандын билим берүү тармагында иштеп жатыптырсыз. Мындай чечимиңизге эмне себеп болду? Кандай мотивация кармап турат?

-Бул абдан кызыктуу иш. Анткени билим берүү аркылуу коомду өзгөртүп жатканыбыз көзгө бажырайып көрүнүп турбайбы. Америкадагы Гарвард, Колумбия өндүү алдыңкы университеттерде иштегенде студенттер кандай өзгөрүп жатканы мага көп деле сезилчү эмес. Алардын жашоосу түп тамырынан өзгөрүп деле кетпейт. Бул жакта бизде окуган балдардын көз карашы, жашоосу канчалык өзгөргөнү даана көрүнөт. Мисалы, коллежибизде педагогика кесибине окуган сегиз студентти бир семестр Норвегияга окуганга жибердик. Ал жакта төрт ай окугандан кийин алар таптакыр башка адам болуп келишти. Элестетиңиз, атайын орто билим берген коллежде окуган балдар. Биз студенттерибизди мындан тышкары АКШнын Иллинойс штатындагы эки университетке алмашуу программасы аркылуу жиберип турабыз. Жакында Миссисипи штатындагы коллеж менен келишим түзгөнү турабыз. Азыр кыргыз тилин окутуунун ыкмасын, программасын жакшыртуу жолдорун издеп жатабыз. Кыргыз эместерге кыргыз тилин окутуу начар деңгээлде экенин билдик. Ушул маселе жаатында түрк тилдерин окутуу жагынан лидер саналган Америкадагы Индиана университети менен сүйлөшүп жатабыз. Тайвандагы эки университет менен кызматташуу боюнча суйлөшүүлөр журүп жатат. Студенттерибизди чет өлкөлөрдөгү тажрыйбалуу окуу жайларына бир семестрге жиберсек да, алардын көз карашы, жан дүйнөсү, билими үчун канчалык маанилүү экенин түшүнүп, ушуга басым жасап жатабыз. Биздин университетти бүтүргөндөр Германия, АКШда илимий изилдөөлөргө катышып, алдыңкы компанияларда, эл аралык уюмдарда иштеп жатышат.

- Билим берүү аркылуу адамдардын, жаштардын өзгөргөнүн көрүп, Кыргызстандын келечегине бекем ишенесиз деп айтсак болобу?

- Кыргызстанды артка тартып жаткан эң чоң көйгөй – бул коррупция. Коррупцияны жеңмейинче, чет элдик инвесторлор да келбейт, жергиликтүү эл да тапкан акчасын сыртка чыгарып кетет. Коррупцияны жок кылып, тамырын кыркып, реалдуу иштер жасалса, бизнесте, жаратман чөйрөдө иштегендер өлкөнүн келечегине ишенип, чет элдик байлар акчасын бул жакка салып, өнүккөн, алдыңкы мамлекетке айланууга көп деле убакыт кетпейт. 10-20 жылда жаңыланган мамлекетти куруп койсо болот. Токмок андай деле чакан шаар эмес. Биз Алматыны Токмок менен Кант курду деп тамашалап калабыз. Бул жакта өндүрүлгөн цемент, кум, айнек тынымсыз эле Казакстанды көздөй ташылып турат. Коррупция тыйылса, өнүгүүгө жол ачылат. Жапония, Түркия, Европадагы бир катар өлкөлөрдүн тарыхы буга ачык, айкын далил эмеспи.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG