Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:56

Кыргыз минимализмине кайталы


Бакай Алмаз.
Бакай Алмаз.

Дүйнө жүзүн кара баскан вирус каптап, үйдөн чыкпай камалып отурган кезде ойго эмнелер гана келген жок?

Айрыкча келечегин, алдыдагы турмуш пландарын, ой-максаттарын жаңыдан түптөп келе жаткан мен сыяктуу жаштар үчүн ошол учурдагы пандемиялык абалды көрүү оңой болгон жок.

Каргыш тийген илдеттин дүйнөнүн, дүйнөлүк экономиканын айласын алты кетирип туруп алганы, алдыдагы белгисиздик, эртеңки күндүн кайгы-асырети жаш муундун жашоого болгон көз карашын кайсы бир деңгээлде өзгөртүп салды десем жаңылбайм.

Эки айдан ашуун созулган көзөмөлдөн кийин алгачкы жолу көчөгө чыгып, жаркыган күндү, сейрек каттап калган автоунааларды, жапжашыл болгон көк майсаңды көргөндө ичим уйгу-туйгу болуп, көңүл-көөдөнүмдү кызыктай сезимдер бийлеп турганы өмүр бою эстен чыкпас.

* * *

Албетте, карантинде дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү адамдардын кызыктуу жашоолорун Интернеттен көрүүгө убакыт кенен болду.

Ошолордун ичинен дүйнөлөшүүнүн шары менен акпай, агарып аткан ар бир таңдын, өткөн күндүн маңызын, жашоонун баркын сезип, гармонияга ээ болуш үчүн жер кезген саякатчылардын, же болбосо шаардын ызы-чуусунан тажап, карьерасынан баш тартып, айыл-кыштактарга, токой четине, табият коюнуна чакан үй (tiny house) куруп, жупуну жашоону тандап алган дербиштердин турмушу тууралуу видеолор көңүлүмө төп келди.

* * *

Өз алдынча турмушка аттанып, тиричиликке умтулуп, өз келечегимдин жоопкерчилигин сезген сайын мага «Өмүрдүн, жаштыктын баркын билбеген ылдам, маани-маңыздан жөө калган системада өмүрүм өткөнчө капитализмдин кулу болуп жашап өтөмүнбү?» деген ой келе баштады.

Технологиянын болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өзгөрүшү, күн өткөн сайын керектөөнүн күч алышы адамзатты көр тирликтин сазына батырып, чөгүп бара жаткандайбыз.

Элден кем калбаш үчүн бири-бирибиз менен жарыша жаңы үлгүдөгү чөнтөк телефон көтөрүп, эң кымбат автоунаа айдап, кара жаныбызды карч уруп эртели-кеч иштеп тапкан каражатыбызга заңгырата үй салып, аны эмеректин кымбатына толтуруп, кийимдин түрүн кийип, эл көзүнө той берип, үч-төрт кара мал союп, кыскасын айтканда материалист коомго айландык.

* * *

Көптөрдүн өмүрүн жалмаган, ким бирөөлөрдү жакындарынан ажыратып сыздаткан алааматтан кийин бир топ адамдардын жашоого болгон көз карашы, ой-тилеги, максаттары меникине окшоп өзгөргөн чыгар.

Мурда мен да курбалдаштарымдай шаардын чок ортосунан үйүм, астымда минген автоунаам, чакан болсо да бизнесим болушун самап келсем, азыр анын баары арзыбаган нерсе экенин түшүндүм.

Азыр эми табият койнунда, бак-шактуу токой четинде чакан үйүм, түрдүү мөмөсү төгүлгөн багым, жашылча-жемиш эгилген чакан бакчам, күнүгө эртең менен жылуусу тарай элек жумуртка берген тоокторум болушун ниет кылчу болдум.

Таң эрте тоокторго жем чачып, бакчадан терип келген мөмө-жемиштерден үй-бүлөм менен ооз тийгенге эмне жетсин? Адамга мындан ашык көп деле нерсенин керек эмес тура.

Азга топук кылган минималист болуу канчалык баалуу-барктуу экендигин бүткүл аң-сезим менен кабылдоо да бакыт. Эң башкы максат – жашоого, тагдырга каниет кылууну үйрөнүү эмеспи.

* * *

Минимализмден сөз кылганда оболу баарыбыздын оюбузга жапон философиясындагы жөнөкөйлүктүн мааниси жана орду келсе керек. Ал эми жөнөкөйлүктүн, чакан өмүр сүрүүнүн түп-тамыры будизмдеги дзен философиясына барып такалат.

Адамзаттын жашоодогу мүдөө-максаттарынын бири - бактылуу болуу. Бирок агымы шар турмуштагы керектөөлөрдү таңуулаган коомдогу көз караштар кишини бакыттан алыстатат. Бул багытта дзен философиясы минимализмдин принциптери менен жашоого чакырып, адамзатты түбөлүк бакытка тунуп жашоого жетелейт деп ишенишет.

Жапониядагы чакан жашоо образына мисал катары дүйнө жүзүндө популярдуу болуп жаткан капсула мейканканаларын атоого болот. Мындай отелдер адамдын өзү эле араң баткандай көлөмдө, тыштан караган кишиге кадимки эле табытты элестетет.

Жапон жергесинде мындан башка чакан жашоонун формуласын чагылдырган чакан үйлөр, «гардероб» батирлер кеңири жайыла баштады.

* * *

Минимализм жалаң эле материалдык максаттан куткарбай, убакытты жана кишини жөнү жок чарчаткан керексиз ойлордон да арылтарын айта кетиш керек.

Көөнө кыргыз нарк-насилинде ысырапкорлукка, бейчеки кор тутууга каршы чыккан насааттар арбын эмеспи.

Керек болсо бөлмөбүздө жанган бир лампочканын жарыгы климаттын кескин өзгөрүшүнө салым кошуп турганда, бүткүл адамзаттын ысыраптан качып, чакан жашоо образын өздөштүрүүгө убакыт-сааты келип жетти деген ойдомун.

Бакай Алмаз

XS
SM
MD
LG