Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Акча санаганды качан үйрөнөбүз?


Айбек Молдокадыров
Айбек Молдокадыров

Бишкектик ишкер Айбек Молдокадыров кыргызстандыктар ашыкча саясатташып кетишкен, ошол эле маалда акча санаганды, бизнес баштаганды билишпейт деп нааразы. Жакында облустарды кыдырып жүргөндө топтогон байкоолорун "Азаттыкка" жазып берди.

Саясатты чаккан жердештерим

Көп эле өлкөлөрдү кыдырып көрдүм, Кыргызстандагыдай саясатчыл элди жолуктура албадым. Эки кишинин башы бириксе эле саясатты талдап киришет. Жашы деле, карысы деле Атамбаев-Жээнбеков эрегиши, парламенттеги депутаттардын айткан-дегени, керек болсо дүйнөлүк саясатты да “устукандап”, Трамп, Путин, Сирияны кошо кетишет. Ошого тынчсызданып жашап, энергиясынын көбүн ошого коротуп аткандай элес калтырат.

Экономиканы, канткенде эл турмушун жакшыртабыз, алыс барбай өз үй-бүлөбүздүн бюджетин кандай пландайбыз, канткенде кирешени көбөйтүп, аны балдарыбыздын, өзүбүздүн өнүгүүбүзгө жумшайбыз деп ойлонгон киши жоктой.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга бир жагынан саясатчыларыбыздын, өкмөтүбүздүн экономикалык жактан сабатсыздыгы, билимсиздиги, так, даана көрсөтүлгөн программалардын жоктугу өбөлгө болуп жатат. Кантсе да, көп эле бийликтерге элди экономика жагынан караңгы абалда кармаган ыңгайлуубу деп да кетесиң. Анткени катардагы жарандарыбыздын экономикалык билими күчтүү болсо, бийликке талапты катуу коймок. Экономикалык укуктарынан пайдаланганды үйрөнмөк.

Элдин аябай саясатташып кетишине эки ыңкылаптын салымы чоң болду. Ошондон бери эле саясаттан чыга албай, 120 депутаттын баскан-турганынан бери аңдышып, минтип койду, тигинтип койду деп майда-барат маалыматтарды кубалап окуйбуз. Ошол эле маалда короодогу малыбыз эмне болду, талаага айдаган эгин, жашылча-жемишибиздин түшүмү кандай болот деген экономикалык маселелер боюнча көз караш, түшүнүк анча жок.

Жеке иши бар, бизнес менен алектенген адамдардын саясат менен анча иши болбойт, ага убактысы да жок. Интернетте ар кимдин жазганына пикир кайтарып отурганга чамасы жок. Алар өз ишине тийиштүү, же пайдалуу гана маалыматты издешет. Негизи жалпы байкоолор көргөзгөндөй, кедей, туруксуз мамлекеттердин калкы саясатчыл болот. Бизде да жумушу жок, же жөн эле жумуш кылгысы келбеген адамдар көп окшойт, алар бош убактысынын баарын саясатты эрмектегенге коротушат.

Акча болсо жакшы, болбосо айла жок...

Кыргызстанга барып бир нече регионду кыдырып келдим. Азыр айылдарда, райондордо бирин-серин мал чарбачылык, же дыйканчылыктын жаңы усулдарын үйрөнүп, мыкты бизнес жүргүзүп жаткандар пайда боло баштады. Тилекке каршы, ошолордун тажрыйбасын жайылтып, же өнүктүрүүгө салым кошкондор аз.

Бул барганда облустарды да кыдырып калдым. Ошондо атайлап ар кандай үй-бүлө мүчөлөрүнөн “Үй-бүлөлүк бюджетти кантип пландайсыңар?” деп сурап көрдүм. Баары эле “кандай болмок эле, акча болсо коротобуз, жок болсо чыдап жашай беребиз” деп жооп берип жатышты. Ошентип жооп берген бир үй-бүлө, маселен, жерди ижарага алып жашылча-жемиш өстүрүп базарга алып чыгып сатат экен.

Дагы бир нерсени байкадым, "балдарга акча карматпаш керек, университетти бүткөнчө акчага кызыкпай эле койгону жакшы, бузулуп кетет" деген пикир бар экен. Азыр заман өзгөрдү. Айылдарда ар бир кожолуктун чакан чарбасы, мал жаны, же үлүш жери бар. Ошолорду иштетип, пландап, киреше-чыгашаны эсептеп жашаганды үйрөнө албай дагы эле кыйналып келатабыз.

Экономикалык билим, маалымат таратуу бизде жокко эсе. Буга өлкө жетекчилеринин да экономикалык билими, тажрыйбасы жок болгону кедергисин тийгизип жаткандай. Бүгүн биз базар экономикасында жашап жаткандан кийин акча тууралуу пикирибиз, ага мамилебиз өзгөрүшү керек. Мени менен сүйлөшкөн айылдыктардын 80% ар кандай кредит алып жашайт экен. Ошол алынган насыянын 75% ар кандай керектөө иштерине жумшалыптыр. Башкача айтканда, алынган карыз машине, үй сатып алууга, же баласын үйлөнтүп той берүү өңдүү чыгымдарды жапкан.

Бул абалды өзгөртпөсөк, Кыргызстандын кийинки өнүгүүсү кыйын болуп калат. Айылда жашагандар жакшылап түшүнүшү керек, алардын үйүндөгү чарбасы – малы, бакчасы, талаадагы үлүш жери – мунун баары бизнес. Биздин эл өз чарбасын өнүктүрүп бизнестей мамиле кылууну азырынча үйрөнө элек.

Мал киндиктүү Нарында сүт жок

Бир эле мисалды айта кетейин. Азыр Чүйдө иш баштаган “Үмүт” аттуу ири ишкана Нарында сүт иштетүүчү завод куруп жатат. Жайында ишке кирип калышы керек. Бирок, тилекке каршы, Нарында ушул заводдун ишин камсыздай турган сүт жок экен. Нарында мал көп дейбиз, көрсө ал жакта сүт жок экен. Жаңы завод күнүнө 120 тоннадан ашуун сүттөн ар кандай тамак-аш чыгара алат. Эми ошончо сүттү кайдан табат деген маселе кабыргасынан турат.

Нарында көп жылдан бери айыл чарба тармагы каралбай, мал чарбачылыкты өнүктүрүүгө тийиштүү көңүл бурулбай, азыр эми бул завод иштебей калабы деген коркунуч жаралууда. Биздин элеттеги элибиз короосуна малын байлап, жем-чөбүн берип коюп эле туягын санаганга ыраазы. Ар бир уйдан 3-5 литр сүт алса жетет деп ойлойт. А эгерде ошол эле уйларын жылуулап, жакшы карап, жем-чөбүнө витаминдерди кошуп берип, туура багылса, ар бир уй күнүнө 25-30 литрден сүт бермек. Ошол сүттүн ар бир литрине жаңы завод 22 сомдон төлөп бермек. Айыл чарба тармагында атайын саясаттын жоктугу, программа-пландар иштелбегени азыр эми инвесторлордун ишине кедергисин тийгизип жатат.

Маалымат технологиясы катуу өнүккөнү айрым натыйжаларды берип жатыптыр. Аз болсо да, ар кайсы жерде европалык стандарттарды үйрөнүп, 100 кой, же 100 уй, топоз багып киреше таап жаткандар бар экен. Ушулардын бизнесин жайылтып, тажрыйбасын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, ар кайсы жыйындарда көргөзүп, айылда жашагандар ушундай иш жасаса болот деп айтып турсак жакшы болот эле. Азыр эми мамлекет кылбаган ишти эл аралык уюмдар өзүнө алып, уйдун кандай түрүн бакса пайдасы көп болоорун, малга кандай жем-чөп бериш керектигин Жапониялык JIKA, америкалык ЮСАИД агенттиктери үйрөтүп жайылтып жатышат.

Биз, кыргыздар, байыртадан мал багып келаткан элбиз, мал чарбачылыкты мыкты билебиз деп төш какканыбыз менен, иш жүзүндө бул тармакты бизнеске айлантууда тажрыйбабыз жок экени билинип калды.

"Акча жаман", бирок жашоого зарыл нерсе экен

Жалпысынан акчага болгон мамилебизди өзгөртүп, “акча жаман нерсе” деген ойдон арылып, аны сактаганды, санаганды, көбөйткөндү үйрөнсөк мыкты болор эле. Акчаны көп тапкандан да, аны туура пландап, сарамжалдуу оокат кылгандар тапкан каражатынын үзүрүн көбүрөөк көрүшөт.

Бир аял менден "Үй-бүлөлүк бюджетти кантип туура пландаштырыш керек?" деп кеңеш сурап калды. Кирешеңер кандай, кайда коротосуңар деп сурасам, "бир жыл мурун банктан насыя алып үйдү ремонттогонбуз. Азыр ошону төлөп бүтсөк, дагы карыз алып дагы бир нерсебизди бүтүрөбүз" деп айтып калды. Мен “силердики карыздан карызга, андан кантип кутулабыз деген принципке негизделген жашоо экен. Андан көрө банктан алган насыяны киреше таба турган бир ишке салып, ошондон тапкан пайдага үйдү ремонттосоңор болмок" деп жооп бердим.

Көп эле кишилерге ар бир короткон акчаны дептерге жазып көргүлө, анан бир айда канча таптыңар, аны кайда короттуңар деген маселени карап чыгып, кийин башкача пландагандай болгула десем, “акчабыздын көбү эле тойлорго кетиптир. Ошол акчаны андан көрө ден соолукту текшерткенге, бир жакка барып эс алганга, саякаттаганга коротсом болмок” деп калышат.

Ар бириңер күнүнө, же айына тапкан акчаңардын жок дегенде бештен бирин балдардын билимине деп чогултуп көргүлөчү, пландоо ошондон башталат” деп айтып келатам. Кээ бирлер "банкта биринчи жолу эсеп ачып, ошол жакка сала баштадым. Мурун кокус бирдеме болуп кетип, акча керек болуп калса кайдан алам деген чочулоо бар эле, ошондой сезимден кутулдум. Банктагы акчам ошондой пландалбаган чыгымдарга сакталат” деп да айтышты. Акчаны санаганды үйрөнүү, жеке бюджетти пландоо ушундай жөнөкөй нерселерден башталат.

Бир иш баштап көрөм десе, азыр Интернетте малды кантип бордоп семиртип сатса болот, канткенде асыл тукумдуу музоолорду көбөйтүп, сүт сатып пайда тапса болот деген кеп-кеңеш, видеолор толтура. Телефонду чукулап, саясатчылардын жоругун аңдыгандан көрө короодогу чарбамды кантип өнүктүрөм, малдан тапкан кирешени кантип көбөйтөм деген маалыматты издесе, алда канча пайдалуу иш болот эле.

Айбек Молдокадыров, кыргызстандык ишкер

Тасмада: Ала-Бука районунун тургуну Аскаров Искак төрт-беш жыл мурда Орусияда жүрүп тапкан акчасына 200дөй кой сатып алган. Учурда койлордун саны жети жүзгө жетти.

Искактын байлыгы жана түйшүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:03 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG