Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Таажы вирусунун тарбия сабактары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк пандемиянын, таажы тумоосунун кесепети бизге сабак боло алабы? Кептин баары ошондо.

Кыргыз коомчулугу кадыресе байлар, орто катмар жана жарды катмар болуп бөлүнүп калганын моюнга алышыбыз керек.

Байларга эч нерсе болбойт. Кыймылсыз мүлкү, андан түшкөн ижара акысы, ар түрдүү кызмат көрсөткөн фирмасы, акционердик коомдорунун дивиденди, сый акысы бар. Кыскасы, булардын каржы булактары толтура, кабак-кашына чаң жукпайт. Декларация деген булар үчүн мамлекеттин көзүн боёгон эле кагаз, ырымына эки-үч мүлкүн көрсөтүп, калганына эсеби жетпейт. Саналуу кишилер болгонуна карабай, өндүрүштүк ишканалары, завод-фабрикасы жок (болсо да ижара акы алышат же башкалар иштетет), столдо отуруп алып, калем сабы, чөнтөк телефону менен акча тапкандардын категориясы кимдер экени коомчулукка белгилүү. Мамлекетке ар кайсы фонддон, ар кайсы донор уюмдардан келген акча каражаттары булардын көзөмөлүндө, булардын кийлигишүүсүз бөлүнбөйт, өөнөлүп-кертилип, бөлүнүп калган тыйындын кайсы бир бөлүгү чыныгы ээсин табат. Отчётко керек эмеспи.

Пандемия убагында, орозо айында, шайлоодо булар кол куушуруп отурбайт. Берчүсүн көз көрүнөө, көмүскө берип туруп, коомчулуктун алкоосун, жетим-жесирдин, бей-бечаранын, кыскасы жакырчылыкта жашагандардын да батасын алат. Эмне себептен дайыма ушундай оор, кыйчалыш мезгилде кайрымдуулук, соопчулук иштер жасалат да (мажбур түрдө, эл көрсүн деп), башка жөн-жайда арызданып барган кишини адамдай кабыл алып койгонго убакыт табышпайт?

Кыргыз «сен мага, мен сага» деген эсептешүүдөн, ооз басырык мамиледен, «биздин бала же кыз» деген жердешчиликтен, ишенчээк, карапайым адамдардын укугун талаша албаган мажүрөө, сабатсыздыгынан пайдаланган куулуктан, айлакерликтен арылса, мыйзам баарына тегиз иштесе, аз да болсо жашоо жакшы жагына өзгөрөбү дейсиң.

Булардын жеке жашоосу, турмуш образы дароо эле 180 градуска бурула калат деген жомок. Кан сарайда жашап, болбоду дегенде кара-кызыл икра, казы-карта жебесе башы айлангандардын эсептелүү тобунун, өздөрү айткандай «элитанын» пандемия кылын да кыйшайтпайт.

Орто катмардагылар - көбүнесе өз бешене тери менен бизнес жасаган ишкерлер, орто жана чакан бизнес ээлери, казынадан айлык акы алгандар. Бул категорияга киргени-кирбегендери да бар, айрымдары тыйын санап жашагандай көрүнөт, алардын арасында өзүн байлардын катарынан көргүсү келгендер көп. Өкмөттүн ишинде иштегени менен менчиктештирүүү мезгилинде эки-үч обьектини ээлеп коюп, ошонун ижара акысын канттай шимип, чээндеги май таманын соргон аюудай камырабагандар.

Ишкердик жүргүзгөн, товар өндүргөн же кайра иштетүүдөн өндүрүм чыгаргандарды ойлондурган нерсе - насыя маселеси. Банктардан насыя алып, этап-этап менен бизнесинин кем-карчын бүтөп, өз убагында эсептешип, ишин илгерилеткендер да бар. Очойтуп алган (ач көздүк , куру кыял жана эсеп-кысаптын реалдуу эместигинен) каражатын төлөй албай, бийликтен, банктардан ырайым сурагандар да кездешет. Кыскасы, карантин көп маселелерге шылтоо болору анык. Ал банкроттукка объективдүү фактор катары каралары турган иш. Дүйнөлүк кризис болорун бакубат мамлекеттер алдын-ала болжошкону жөндүү. Бирок экспорту өп-чап, импорт менен жан баккан, башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырганда масштабдуу өндүрүшү жок, биздеги чаканыраак, филиал өңдүү ишканалардын арабөк абалына карап каатчылыктын капшабына кабылды деп эсептөөгө болобу? Шылтоо айтканга, шылтоо издегенге көнгөн калк элек, кудай берди деп, «эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болбосок эле болгону.

Өкмөттө атайын экономиканы чемичкедей чагып, эртеңки күндүн болжолун так, туура, көрөгөчтүк менен айтсын деген эксперттер (олчойгон эмгек акы алган) бөлүмдөр, комитеттер, институттар бар. Алардын кризике каршы же каатчылыктын алдын алуу боюнча долбоорлору даяр болуш керек. Кандай дейсиз?

Үчүнчү катмардагылар социалдык жактан корголууга, кам көрүүгө муктаж (тубаса оорулуу, оорусу боюнча майыптар, багар-көрөрүн жоготкондор, пенсиядагылар ж.б. у. с). Алардын оорусу, абалы мурункудан да оорлоп, мурункудан да мүңкүрөп-мукурап калбасын, дагы үстөккө-босток кошулуп, жакырчылык тереңдебесин десек атайын программа иштеп чыгуу зарылдыгы турат. Эң жөнөкөй мисал - оорукчан адамдардын социалдык абалы курчуп, дары-дармеги, жөлөк пулу, күнүмдүк керектөөсү, кыскасы тамак-ашына чейин көз карандылыгы тиешелүү мекеме-уюмдардын, жоопкерчилиги мойнуна жүктөлгөн соцфонд, соцкоргоо кызматындагылардын азыртан баш катырган маселеси болсо.

Таажы тумоосунун пандемиясы бир чындыкты ачыкка чыгарып койду. Кызматынан пайдаланып уурулук кылып, коомдун мүлкүнө кол салып, тез эле байып кетүүнү көздөгөндөр анысы ашкереленсе, чет жактарга качып чыгып кете албай турганын тастыктады.

Таажы тумоосу күчөгөндө кайсы улуттун, кайсы өлкөнүн жараны болсоңуз да башыңызга иш түшкөндө ошол сен туулуп-өскөн ата мекениң гана күйөрүн, жердин жети катар түбүндө болсоң да алып келерин, тумоо жуктубу-жукпадыбы деп арттан сая түшүп, кам көрөрүн билдик. Ата мекенден айлансак болот.

Таажы тумоосу кудай жалгап бай-кедей, депутат же кара таман, олигарх же тентимиш деп бөлбөгөнү жакшы экен. Мейманкана тандагансып, мамлекеттин ооруканасына мурдун чүйрүгөндөргө «люкста, апартаментте жатам...» деп тандаганга жол бербей, таанышың эмес , жакын тууганың да жаныңа жолой албаган абалга көпчүлүктүн бири катары сенин кимдигиңди уруп ойнобогон илдет күчтүүлүгүн көрсөттү. Демек, руханий тазалануунун кези келгенин эскертти.

Таажы тумоосу дарыгер менен мугалимдин статусун өзгөртүүгө, коомчулуктун көз карашын, мамилесин жакшыртууга мезгил жеткенин айкындады. Мугалимдер балага терең билим бергидей, дарыгерлер бейтапка күйүп-жанып карагыдай шарт түзбөсөк, кандайдыр бир апааттын (дагы кандайлар алдыбызда турарын кудай билет) алдында алсыз, жараксыз, айласы куруган шордууга айланарыбызды кулак кагыш кылды.

Таажы тумоосу адамдын адам сындуу эле жашашы зарыл экенин таамай ишарат кылды. Табиятты сүйүп, жан-жаныбарларга жан тартып, эртең менен аман-соо тургандын өзү, эки бутуң менен басканың, бирөөгө пайдаң тийбесе да, зыян келтирбегениң, мээрим менен боорукерлик, адамгерчилик менен ыйманды кучагыңа батырып жүрүүнүн өзү бакыт экенин таанытты. Аа биз, пенделер, өмүр бою бакыт издеп, бакыт күтүп, чачылып-чарпылып жүрөбүз. ..

Биз, кыргыздар куру намыс үчүн баарына даярбыз. Ошол оолукма мүнөзүбүздү жоё турган убак келди. Аш-тойго, мааракеге, куру шаан-шөкөткө азгырылып, чөнтөгүбүз куру калганына карабай карыз, насыя алып, «эл көрсүндү» токтотушубуз керекпи дейм... Сиз кандай дейсиз? Аял аттуулар ар жерге барса түрлөнүп кийинип, түсүн сулуулап, табият берген өңдүн кадырын тебелегенди токтотсо, үйгө карамдуу, сарамжалдуу салтыбыздын санжырасын уласа, эркектерибиз улутка мүнөздүү үй-бүлөнүн тирөөчү болуп, коломтонун отун өчүрбөй, бүлөсүн багып, боз үйдүн түндүгүндөй кебелбей, жаратмандыкты, түзүүчүлүктү колго алса, коомубуз оң жолго барары шексиз. Ишениңиз!

Ал эми байлар, олигархтар, ишкерлер, молдокелер, эң башкысы - эл башкарган бийлик төбөлдөрү элдин маңдай теринен жаралган оокатка, эл байлыгына кол салганды токтотсо; кымбат мейманканага, чет жактагы бейиштей болгон жерлерге эс алууга, саякатка барарда, ажылыкты ниет кыларда өзү жашаган шаардагы, айылдагы, көчөдөгү же кварталдагы бей-бечараларга, аксап-тексеп жүргөн майыптарга, бир сындырым нан үчүн керели кечке кайыр сураган байкуштарга бир карап, ойлонуп, өзүнө салыштырып, чын дилинен жардам берип, адамгерчиликтин эң бир бийик үлгүсүн көрсөтүп турушса - таажы тумоосунун апаатынан, сабактарынан кыргыз коомчулугу, өзүбүз үчүн жыйынтык чыгарганыбыз болору айдан ачык. Бир муштумдай түйүлүп, чогуу аракеттенсек, күрөшсөк, баары жакшы болот. Ишениңиз!

Ризван Исмаилова, жазуучу, журналист

(Эскертүү: Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG