Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Коронавирус менен кошо абаны тазалайлы


Карантинге чейинки Бишкектин абасы.
Карантинге чейинки Бишкектин абасы.

Дуйнө эли коронавирус пандемиясынын запкысын тартып жаткан учурда Кыргызстанга да бул алааматтын залакасы тийүүдө.

Кытай окумуштуулары көптөгөн терең илимий изилдөөлөрдөн кийин шаардын абасы таза болбосо коронавирус адамдарды (өзгөчө карыларды) өлүмгө эки эсе ашыкча алып келерин жарыя кылышты. Демек шаардын абасы түздөн-түз коронавируска да байланышкан.

Акыркы убакта Бишкек шаарынын абасынын булганышы Кытайдын өнөр жайлуу, абасы бузулган шаарларынан да ашып кеткени белгилүү. Шаардын абасы жаш-карыга карабай Бишкекте жашагандардын ​баарын күнү-түнү ууландырууда. Азыркы Бишкектин абасынын курамында өсмө оорусун пайда кылган канцерогендик заттардан баштап адам өпкөсүн шахтёрлого тиешелүү силикоз оорусуна чейин алып баруучу фрагменттер өтө көп. Өзгөчө борбор шаардын абасы боюнча маалыматтар жетиштүү жана алар биздин шаарда аба Кытай шаарларынан бир канча эсе ашык булганганы белгиленип жатат. Натыйжада шаар тургундарын (карысын да, жашын да) күнү-түнү ууландыруу тынымсыз жүрүп жатат. Мунун өзү чоң кылмыш.

Жардылык кыргыздын тукум улай турган курактагы уул-кыздарын чет жерлерге кулчулукка таратты. Токсонунчу жылдарда ат көтөргүс сумкалар менен жүк ташып элди баккан кыз-келиндер азыр түрдүү цехтерде күң катары 10-12 сааттан иштеп жарыбаган маяна алышат. Алардын укуктарын ким коргойт? Профсоюздардын чама-чаркын билесиздер.

Цехтердин ээлери (жаңы манаптар) шаар абасынын циркуляциясын бузган, 4-5 метр бийиктикке жеткен дубалдарды салып (өз империясын чектеп), шаар архитектурасын көз көрүнөө жырткычтык менен бузууда. Мындай «Кытай сепилдери» эч бир шаар жетекчилерин тынчсыздандырбайбы? Шаарда архитектуралык көзөмөл дээрлик жок го?

Шаардын абасын булгагандар негизинен автотранспорт, ЖЭБ, жеке менчик үйлөрдү көмүр менен ысытуу, өнөр жай ишканалары болуп саналат. Абанын булганышына автотранспорт чоң салым кошот. Алардын ичинен кожоюндары бийликте отурган эски жана дизел моторлуу бусиктер өзгөчөлөнүп турат. Дизел моторуна дүйнөнүн көп шаарлары тыюу салган. Байкабаган адам да сөзсүз бусиктер аялдамадан узаганда артынан кара түтүн буркураганын көрөт. Ал негизинен өсмө оорусун пайда кылуучу канцерогендик газ эмеспи. Автоунаалар көптөгөн жөө киши өтчү өткөөлдөрдө, жолдогу бөгөттөрдө, аялдамаларда токтоп кайра ылдамдаганда чала күйгөн зыяндуу газдарды ашыкча бөлүп чыгарат. Мындай зыяндуу газдардын курамын эч ким илгеркидей газ анализатор менен текшербейт.

Дагы бир коркунучтуу көрүнүш - шаар көчөлөрү кээ бир өлкөлөрдөгүдөй шампунь менен эмес, суу менен да жуулбаганы. Өткөн машиненин артынан кадимкидей чаң-туман асманга көөнү, асфальтты, таш-кумду, дөңгөлөктүн резина күкүмдөрүн, уулу газдар кошулган оор металлдардын аба катмарына көтөрөт. Булар биригип шаардын абасын булгайт.

Коронавирустан Кыргызстан кудай буюрса кутулат. Бул эпидемия адамдарды тез ууландырат, ал эми шаардын абасы анча билинбей жай ууландырылат. Болгон айырмасы ушул. Бишкек шаарынын абасын нормага келтирүү шаардын мэринин колунан келе турган иш экендигин айта кетели. Эгерде шаар жетекчиси төмөнкү иштерди аткарса, коронавирус кеткенден кийин Бишкектин абасын жок дегенде 40% тазалай алат деген ишенимдебиз.

Аларга төмөнкү колдон келчү иш-чаралар кирет:

1. Шаар көчөлөрүн пландуу түрдө чаң менен булганыч заттардан жууп туруу;

2. Жөө жүргүнчүлөрдүн өткөөлдөрүнө анча кымбат эмес, жөнөкөй конструкциялар менен асма жолдорду куруу;

3. Жолдогу жатма бөгөттөрдү жоготуу;

4. Автоунаалардан чыккан газдарды нормага келтириш үчүн газ анализаторлору аркылуу дайыма текшерип, атайын талондорду берүү;

5. Мүмкүнчүлүк жетсе дизел бусиктердин шаарда жүрүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу;

6. Шаардын ичинде абанын табигый циркуляциясы жүрүшү үчүн шаар курулуштарына архитектуралык көзөмөл жүргүзүү.

Коронавирус учурунда шаардын абасы кыйла тазара түштү. Андан кийин да шаардын жашоосу уланат. Ошондуктан Бишкектин мэри шаардыктардын ден соолугуна кам көрөт деген ишенимдебиз.

Философия илимдеринин доктору, профессор Кытайбек Үтүров жана Салмоорбек Абдыраев

(Авторлордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG