Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Израилдин президенти өкмөт түзүү тапшырмасын сотто жооп берип жаткан Нетаняхуга берди


Израилдин премьери Б.Нетаняхунун жемкорлукка айыпталып жатышына байланыштуу сот жүрүмү маалындагы нааразылык жыйыны. Иерусалим. 2021-жылдын 5-апрели.
Израилдин премьери Б.Нетаняхунун жемкорлукка айыпталып жатышына байланыштуу сот жүрүмү маалындагы нааразылык жыйыны. Иерусалим. 2021-жылдын 5-апрели.

Израилдин президенти Реувен Ривлин өлкөнүн премьер-министри Бинямин Нетаняхуга жаңы коалициялык өкмөттү түзүү милдетин ташырды. Бул – өлкөдө акыркы эки жыл ичиндеги төртүнчү шайлоодон кийин да ит жыгылыш кырдаал түзүлгөн учурда тапшырылган милдет болуп калды.

Ривлин мырзанын парламенттик шайлоодон эки апта өткөндөн кийин, 6-апрелде Иерусалимде жарыялаган билдирүүсү Нетаняху мырза жемкорлукка шектелип соттолуп жаткан учурга туш келди.

Ошентсе да, Ривлин Нетаняху мырза шайлоодон кийинки сүйлөшүүлөрдө парламенттеги 13 топтун ичинен эң көп колдоо алганын айтты.

"Бир дагы талапкер Кнессеттин ишенимине ээ боло тургандай өкмөт түзүүгө реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болбой турат", деди Ривлин. Бирок, ал кошумчалагандай, Нетаняхунун тандалышы "моралдык жана этикалык негизден алганда оңой чечим" болбогондугуна карабастан, анын коалициялык өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү атаандаштарыныкынан бир аз жогору болууда.


Нетаняхунун Ликуд партиясы шайлоодо эң көп добушту алып, 30 депутаттык орунга ээ болду. Анын негизги атаандашы – Атид партиясы экинчи орунда келди жана 17 орунга ээ болду. Бул партия Ликуд менен коалицияны түзүү идеясын таптакыр четке какты.

Эскичил диний көз карашты туткан жөөттөрдүн “Шас» партиясы тогуз мандат менен үчүнчү орунду ээледи.

Нетаняху Израилдин парламентиндеги Кнессетте көпчүлүктү түзүш үчүн өзүнө кеминде 61 депутаттын колдоосун камсыздашы керек.

Израилдин эң узак премьер-министри болуп иштеп келген Нетаняху өзүнө коюлуп жаткан бардык доолорду четке кагып келет. Анын айтымында, прокурорлор шайлоочулардын ниетине шек келтирип, аны кызматтан биротоло кетирүүгө далаалат кылып жатышат.

Нетаняху мырзага эми алты аптага чейин жаңы коалициялык өкмөттү түзүү милдети тагылды. Ушул эле учурда ага каршы сот жүрүмү көз карандысыз улантыла бермекчи. (TT)

XS
SM
MD
LG