Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Евробиримдиктин лидерлери Украинага байланыштуу Орусияга каршы экономикалык чектөөлөрдү улантууну жактырышты


Польшанын премьери Матеуш Моравецки (солдо) Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен Евробиримдиктин саммити маалында баарлашууда. Брюссел. 2020-жылдын 10-декабры.
Польшанын премьери Матеуш Моравецки (солдо) Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен Евробиримдиктин саммити маалында баарлашууда. Брюссел. 2020-жылдын 10-декабры.

Европа Биримдигинин лидерлери 10-декабрда Орусиянын Украинадагы кырдаалдагы ролуна байланыштуу расмий Кремлге каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартууну колдоп добуш беришти.

Француз президенти Эммануэл Макрон жана немис канцлери Ангела Меркел Брюсселдеги Евробиримдиктин саммити жүрүп жатканда Евробиримдиктин мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларына «Нормандия форматындагы сүйлөшүүлөрдүн» акыбалы тууралуу кыскача маалымат беришти. Алар Крым менен Донбасстагы кырдаал боюнча эч жылыш болбогонун белгилеп, Орусияга карата экономикалык чектөө саясатын улантууну сунуш кылышкан.

«Нормандия форматы» – бул Украина, Орусия, Германия жана Францияны камтып, Украинанын чыгышындагы Орусия колдоого алып жаткан жикчил түзүлүштөр менен расмий Киевдин ортосундагы жаңжалды чечүү мүдөөсүн аркалайт. 2019-жылдын декабрынан бери иш жүзүндө «Нормандия форматындагы» саммит өткөрүлө элек.

Евробиримдик алгачкы жолу Орусияга каршы санкцияларды пост-советтик эгемен Украинага таандык Крым жарым аралын Орусиянын 2014-жылы мыйзамсыз түрдө убактылуу басып алышына жана Украинанын чыгышындагы жикчилерди аскердик жактан колдоого алышына каршы экономикалык жазалоо чарасы катары алгачкы жолу 2014-жылдын июлунда киргизген болчу. Ошондон бери Украинанын чыгышындагы согуш жаңжалынын айынан 13,200дөн ашуун киши өмүрүнөн айрылды.

Евробиримдиктин чектөөлөрү ошол мезгиден бери улам алты айга узартылып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG