Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Тажикстан: Жарандык согуш учурундагы "Кожо-колбашчы" 14 жылга кесилди


Хожо Каримовдун учурдагы жана жашыраак кези.
Хожо Каримовдун учурдагы жана жашыраак кези.

Тажикстанда 1990-жылдардагы жарандык согуш жылдарында «талаа колбашчысы» болгон учурда бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган Хожо Каримов (Хӯҷа Каримов) 14 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. Бул өкүм 2021-жылы февралда эле чыгарылган, бирок 19-мартта гана өкүм тууралуу "Азаттык" үналгысына ачыкталган.

«Азаттыктын» тажик кызматынын кабарлашынча, 61 жаштагы Каримов адам өлтүрүү, талап-тоноо, кишилерди барымтага алуу доолору боюнча айыптуу деп табылган.

Тасма. «Азаттыктын» тажик кызматынын сот жүрүмү тууралуу тажикче кабары. 2021-жылдын 19-марты.

Хожо Каримов 1992--1997-жылдардагы жарандык согушка чейин Тажикстандагы медициналык институтта окуп, фельдшер болуп иштечү.

Жаңжал башталганда ал өкмөттүк күчтөрдү колдогон Элдик майдандын катарында Бириккен тажик оппозициясына каршы согушкан. Анын "Кожо-колбашчы" ("Хӯҷа-командир") деген ылакап аты болгон.

Ар кайсы маалыматка караганда, алааматтуу жарандык согушта 20 миңден 100 миңге чейин кишинин өмүрү кыйылган. Жаатташкан тараптар тынчтык келишимине Москвада кол коюшкан.

Каримов 1995-жылы тажик парламентинин депутаттыгына шайланып, кийин өлкөнүн Футбол Федерациясынын башчысы болгон.

Ал эки депутатты өлтүрүүгө айыпталып, 2001-жылы Малайзияга чыгып кеткен. Каримов 2019-жылы тажик аялдарын БАЭдеги тымызын сойку жайларына ташыган кылмыш ишине да шектүү катары доого кабылган.

2019-жылы жайында Каримов Интерполдун өтүнүчү боюнча Дубайда кармалып, 2020-жылы 17-февралда Тажикстанга өткөрүлүп берилген.

2021-жылы февралдын башында ал Тажикстан улуттук коопсуздук комитетине караштуу тергөө абагында жаткан кезинде бир түрмө кызматкерин сабап койгондугу да кабардалган.

XS
SM
MD
LG