Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

БАЭ мурдагы тажик командирин мекенине өткөрүп берди


Хужа Каримов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Хужа Каримов (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Бириккен Араб Эмираттары мурдагы тажик командири, жарандык согушта «Элдик фронтту» жетектеген Хужа Каримовду Тажикстанга өткөрүп берди. Ал өз мекенинде адам өлтүрүүгө, талап-тоноого, адам уурдоого жана башка кылмыштарга байланыштуу айыпталган.

17-февралда Тажикстандын Ички иштер министрлиги беш жылдык жарандык согушта өкмөттүк күчтөрдүн командири болгон Каримов Дүйшөмбүгө экстрадицияланганын билдирди.

Экс-командирди Интерпол былтыр жайында Дубай шаарында Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен кармаган.

Тажикстанда жарандык согуш 1992-жылы башталып, 1997-жылы басылган. Согушта демократиялык реформаларды жактаган козголоңчул күчтөр менен диний топтор Москва колдогон тажик өкмөтүнө каршы чыккан. Ар кайсы маалыматка караганда, 20 миңден 100 миңге чейин кишинин өмүрү кыйылган. Жаатташкан тараптар тынчтык келишимине Москвада кол коюшкан.

«Командир Хужа» («Колбашчы Кожо») деген ат менен таанылган Каримов өзүнүн мыкаачылыгы менен айырмаланган.

Согуштан кийин Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын бригадасынын башчысы жана өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти болгон.

2005-жылы Каримов тажик бийлиги кылмыш ишин козгогондон кийин Малайзияга качып кеткен.

XS
SM
MD
LG