Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Айтматовго бата берген Турсунзаде


Тажик акыны Мырза Турсунзаде (1911--1977). Мааракелик сүрөт. 2011.
Тажик акыны Мырза Турсунзаде (1911--1977). Мааракелик сүрөт. 2011.

Тажиктин залкар акыны Мырза Турсунзаде менен анын кичүү замандашы, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өз ара жылуу мамилеси тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримовдун блогу.

Бул макаланы жазууга түбөлүк сыймыгыбыз Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылык дүйнөсүнө кызыгып, көптөгөн адабий жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келаткан тажикстандык аалым Зебуниссо Бобоалиеванын «Мозаика» деп аталган көркөм жыйнакта жарыяланган «Адабий таасир: «Мирзо Турсунзода жана Чыӊгыз Айтматов» макаласы түрткү болду.

Тажикстанда Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовдун (1928––2008) чыгармачыл мурасын мыкты билишет. Ал эми Тажикстан эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Тажикстан ИАсынын академиги Мырза Турсунзаде (орусча: Мирзо Турсун-заде; тажикче: Мирзо Турсунзода; 1911 — 1977) тууралуу Кыргызстанда совет доорунда туулуп-өскөн улуу муундар кеңири кабардар.

Мырза Турсунзаде «Москвалык келин» (1945), «Индия балладасы» (1947-48; Экинчи даражадагы Сиалиндик сыйлыкка 1948-жылы татыган), «Мен эркин Чыгыштанмын» (1950) ыр түрмөктөрүн, «Хасан арабакеч» (1954), «Азия үнү» (1956; экөө тең 1960-жылы Лениндик сыйлыкка татыган), «Түбөлүк нур» (1957) поэмаларын ж.б. чыгармаларды жараткан. Көрүнүктүү тажик акынынын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, алардын ичинен кыргыз тилине да (Темиркул Үмөталиев, Сүйүнбай Эралиев, Санжы Егиналиев, Абзий Кыдыров ж.б. тарабынан) которулган. 2001-жылы ага (өлгөндөн кийин) “Тажикстандын Баатыры” наамы ыйгарылган.

З. Бобоалиева айым дүйнөлүк атактуу эки калемгердин нукура инсандык жана чыгармачылык байланышы, бири-бирине болгон тереӊ урмат-сыйы, адабий татаал түйшүктөн тышкары акыркы демге чейин арыдым-чарчадым дебей аткарган коомдук жана мамлекеттик иштери, адамгерчилик жагындагы өзгөлөргө өрнөк боло турган бийик сапаттары тууралуу абдан таасирдүү, ынанымдуу ой-пикирлерин ортого салган.

Зебуниссо Бобоалиеванын жогоруда аталган макаласындагы маалыматтарга караганда, атак даӊкы дүйнөгө тараган эки улуу калемгердин ортосунда инсандык нукура урмат-сый, чыгармачылык байланыш, чындыгында деле, тыгыз болгон экен.

Буга улуу акын Мырза Турсунзаденин 70 жылдыгына карата Тажикстандагы «Садои Шарк» («Чыгыш авазы») журналына тажик тилинде жарыяланган Чыӊгыз Айтматовдун «Жүрөктөрдү бириктирүүчү» деп аталган көлөмдүү макаласы жана анда сөз кылынган тарыхый маанилүү эскерүүлөр далил боло алат. Бул макалада дүйнө жүзүнө тынчтыктын, тилектештиктин жана достуктун үрөнүн сээп келаткан данакер акын Мырза Турсунзаденин инсандык асыл сапаттары, чыгармачылык бийик деӊгээли, чарчоо дегенди билбей тынымсыз жүргүзгөн ар тараптуу ишмердиги, ошондой эле баарыбыз биле бербеген тарыхый көп маалыматтар тизмектелген.

Бир нече жыл илгери Өзбекст андын борбору Ташкент шаарында өзбек элинин таанымал акыны Гафур Гуламдын үйүндө болуп өткөн унутулгус кечени эскерүү менен башталган бул макалада ошо кездеги жаш жазуучу Чыӊгыз Айтматов советтик атактуу жазуучуларды, анын ичинде таланттуу акын Мырза Турсунзадени ошол кечеде көрүп, абдан таасирленгени баяндалган.

Мырза Турсунзаде менен Чыңгыз Айтматов.
Мырза Турсунзаде менен Чыңгыз Айтматов.

Мирзо Турсунзода ал учурда тажик элинен чыккан көптөгөн жаш акын-жазуучулардын чыгармачылыгына аталык камкордук кылуу жагынан баа жеткис иштерди жасап жүргөндүктөн, чыгаан калемгерлер катышып олтурган ошо эстен кеткис кечеде кыргызстандык жаш жазуучунун келечегинен чоӊ үмүт кылып, күч-кубат бере турган асыл сөздөрүн айтыптыр.

Аны Ч.Айтматов мындайча эскерген: «Эсимде, Мырза Турсунзаде ошол кечеде мага бир нече жолу көӊүл бургандан кийин, арабызда жаш жазуучу катышып олтурат, биздин чоӊ үмүтүбүздү аткарууну тапшырабыз ага деп айткан».

Көрсө, Мырза Турсунзаде келечекте дүйнө жүзүнө тааныла турган жаш жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун чагылгандай атак-даӊк дүбүртүн ошо кезде эле даанышмандык менен сезип, канат байлаган ушундай жылуу сөздөрүн чын дилинен багыштаган экен.

Чоӊ таланттын бүлбүлдөп жана баштаган чырагынын билигин өйдө көтөргөн ошол кечеден кийин бул эки калемгердин бири-бирине болгон урмат-сыйы, чыгармачылык жана коомдук ишмердик жаатындагы алакалары улам бекемделип турган. Кийинчерээк алар адабият тармагындагы Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетте чогуу иштеп да калышыптыр.

Чыӊгыз Айтматов өзүнөн кыйла улуу акын агасынын ички дүйнөсүнүн оргуштаган булактай тунуктугун, адамгерчилик сапаттарынын бийиктигин, ашкере чынчылдыгын, кара кылды как жарган калыстыгын чогуу иштешип жүргөн ошо кезде байкап, урмат-сыйы ого бетер ашып-ташат.

Тажик тилинде жарыяланган макаласында Ч.Айтматов ошол учурду мындайча эскериптир: « Мырза Турсунзаде бул Комитетте абдан чоӊ урмат-сыйга ээ болуп иштеп жүргөн. Бирок ал өзүнүн ушундай абройлуу абалынан эч качан кыянаттык менен пайдаланган эмес жана жеке ой-пикирин башкаларга таӊуулабоого аракеттенген. Өз пикирин айтуу, кандайдыр оӊдоо киргизүү, тигил же бул чыгарманы баалоо талап кылынганда, анын сөзү чечүүчү сөз болгон».

Көрүнүктүү коомдук ишмер Мырза Турсунзаде өз кезегинде СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин төрагасы болгон. Ал 1946-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Тажикстан Жазуучулар Биримдигин жетектеген.

Акындык үнү далай жерге, далай элге угулган Мирзо Турсунзоданын «Достук мыйзамы», «Индия балладасы», «Гангдан Кремлге чейин» ырлар жана поэмалар жыйнактары Кубаныч Акаев, Темиркул Үмөталиев, Санжы Егиналиевдер тарабынан кыргыз тилине которулган.

Ал эми улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун «Жамийла», «Ак кеме», «Кылым карытар бир күн», «Кош бол, Гүлсары!», «Чыӊгызхандын ак булуту», «Биринчи мугалим» деп аталган залкар чыгармалары Фазлиддин Мухаммадиев, Хабиби Ахрори, Сорбон, Хикмат Рахмат, Бахтиёр Муртазаев, Тайтөрө Батыркулов, Низом Косим, Барот Абдурахманов, Шамси Собир, Истад Косим, Уктам Холиков, Шароф Шараф, Жанибек Кувноков, Муртазо Зайнидинов, Рустам Вахоб, Жамшид Рахматов сыяктуу мыкты калемгерлер тарабынан тажик тилине которулган.

Дүйнөлүк адабий казынанын баюусуна зор салым кошкон чыгаан акын Мырза Турсунзаде 1977-жылы 66 жаш курагында Тажикстандын ордо шаары Дүйшөмбүдө каза болгон.

Кыргыз жана тажик элдерине данакер болгон бул эки залкардын чыгармачылыгын ар бир элдин жаңы муундарына таанытуу аркылуу алардын жаркын элесин ого бетер чөлкөмдүк деңгээлде ажарланта алабыз. Эки элдин котормочуларына, ошондой эле, Зебуниссо Пирмуродовна Бобоалиева сыяктуу адистерге да инсан таануу өңүтүндөгү эмгектери үчүн терең ыраазычылык билдиргибиз келет.

Мирзохалим Каримов. 25.12.2012.
Мирзохалим Каримов. 25.12.2012.

Мирзохалим КАРИМОВ,

жазуучу.

Кошумча библиографиялык маалымат.

Зебуниссо Пирмуродовна Бобоалиеванын айтматов таануу жаатындагы айрым макалалары:

Бобоалиева З.П. Мирзо Турсунзаде и Чингиз Айтматов в системе таджикской и киргизской литературной связи // Вестник Института языков. –– Душанбе: Таджикский государственный институт языков им. Сотима Улугзода, 2013. –– Том 2. –– № 2. –– Б. 47–51. – ISSN: 2226-9355. –– Шилтеме: https://www.elibrary.ru/item.asp?id=20213060

Бобоалиева З.П. Чингиз Айтматов глазами таджикских писателей и исследователей // Вестник ТГУПБП. – 2014. – № 5. –– Б. 249–256. –– Шилтеме: http://www.hum.vestnik.tj/ru/arhiv/arhiv2014/item/boboalieva-zebunisso-pirmurodovna.html

Бобоалиева, З. Зиндагии ў идома дорад: Фаъолияти публитсистӣ ва осори адиби шоистаи Чингиз Айтматов // Адабиёт ва санъат. – 2013. – 13 июн.

Бобоалиева, З. Чингиз Айтматов ва арзишҳои умумибашарӣ: Аз фаъолияти осори адабии Чингиз Айтматов // Адабиёт ва санъат. – 2014. – 10 июл.

Бобоалиева, З. Бозтоби симои зан дар осори Чингиз Айтматов: Аз эҷодиёти нависандаи бузурги қирғиз Чингиз Айтматов // Адабиёт ва санъат. – 2014. – 6 март.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG