Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Чыгыш классиктеринин чырагын жандырган кыргыз котормочу


Кубанычбек Басылбеков.
Кубанычбек Басылбеков.

Чыгыш адабиятынын берметтерин кыргыз тилинде устаттык менен сүйлөткөн заманбап котормочу Кубанычбек Шарше уулу Басылбековдун чыгармачыл торпосунда жарыкка чыга элек даяр котормо эмгектер арбын. Жазуучу Мирзохалим Каримовдун блогу.

Чыгыш адабиятынын фарсы-тажик поэзиясынын башатындагы Абу Абдулла Рудакиден тартып - XVIII кылымдын чыгаан акыны Мырза Бедилге чейинки элүүгө жакын классик акындардын чыгармаларын кырк жылдан бери кыргыз тилине которуп келаткан Кубанычбек Басылбеков Сары-Өзөн Чүйдүн Быстровка (азыркы Кемин) айылында туулуп өскөн.

Орус тилинде окуткан орто мектепти бүткөндөн кийин, жогорку окуу жайында окуган эмес. Адабиятка ышкы түшүп калгандыктан, адегенде кыргыз жана орус тилдеринде ыр жазып жүргөн. Кийинчерээк котормочулук ишке, болгондо да Чыгыш классиктеринин залкар чыгармаларын которууга бел байлап, өтө чоӊ эмгек жасаган.

Советтер Биримдиги доорунда алгачкы котормолорун өзүнчө китеп кылып чыгаруу ал үчүн да кыйын болгон. Анткени китеп чыгаруу жагынан улуу муундагы акын-жазуучулардан жана жеӊ ичинен сүйлөшүп алгандардан таланттуу жаштарга кезек тийиши же китепти планга киргизүү абдан татаал эле.

Мамлекеттик басмалардагы “кол ийрисине тартуу” адаты жаш котормочу Кубанычбек Басылбековдун эле эмес, башка көптөгөн жаш калемдердин да канатын кыркып, илхамын муунтуп турган. Ошол өкүмчүл системанын айынан К.Басылбеков Кыргызстан Жазуучулар союзундагы котормо бөлүмүнүн талкуусунда жакшы баага татыган алгачкы котормо китебинин басылып чыгышын он жылдан ашуун зарыгып күткөн.

Эмгегинин жарыкка чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жүргөн ошол көӊүлсүз күндөрдүн биринде экөөбүз жолугушуп калдык. Мен ал кезде Иран Ислам Республикасынын Эл аралык “Альхода” басмасынын Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүндө иштейт элем.

Котормо китебинин тытылып бүтөйүн деп калган кол жазмасын алып, бир сыйра окуп чыккандан кийин, Өкүлчүлүктүн деректирине сунуш кылдым. Каражат дегенде чалкасынан кете турган деректир бул саам кудай жалгап, китепти басып чыгарууга дароо эле макул болду. Бирок “бардыгына өзүӊүз жоопкер болосуз, редакторлук милдетти мойнуӊузга алып, текстти тезинен даярдаӊыз” деди.

Ошентип, К.Басылбековдун Абулкасым Фирдоуси, Омор Хайям (Умар Хаём), Муслихиддин Саади, Закони, каршылык Саидо Насафинин чыгармалары топтоштурулган биринчи котормо китеби 1998-жылы “Чыгыш берметтери” деген аталышта Ирандын Тегеран шаарындагы басмадан жарык көрдү.

Көктөн тилегени жерден табылгансып канат байлаган К.Басылбеков андан кийинки жылдары тажик-иран, уйгур, кытай акындарынын чыгармаларынын ондон ашуун жыйнактарын которуп чыгарды.

Жалаладдин Руминин “Дил сыры”, Рудакинин “Ырлар жана поэмалары”, Ирандын даанышман акындарынын чыгармаларын камтыган “Акыл кенчи”, Омор Хайямдын “Рубаилер”, Саади Ширазинин “Гүлстан”, Тан жана Сун доорлорундагы жети акындын чыгармалары киргизилген “Байыркы Кытай поэзиясы”, Индия акындарынын “Өмүр боёктору” ж.б. котормо китептер - ошол баалуу эмгектеринин тизмеси. Андан башка көптөгөн котормолору каражаттын жоктугунан алигиче Кукебиздин сандыгында “камалып” турат.

Кыргызстан Жазуучулар союзунун котормо бөлүмүн жетектеген профессионал котормочу, ыраматылык акын Эрнис Турсунов Кубанычбек Басылбековго камкордук кылып, эмгектерин зерикпей окуп, жогору баа берген.

Руминин котормо китебине Э.Турсунов “Чоӊ өнөргө – чоӊ зергер” деген баш сөз жазып, анда мындай пикир айтыптыр: “Материалдык жактан жарыбай, чоӊ өнөргө чоӊ зергер болом деп, бул өнөргө өзүн курман чалып жүргөн акын-тилмечтердин бири – Басылбеков Кубанычбек Шарше уулу. Анын көп машакаттар менен жарык көргөн 10 басма табак көлөмүндөгү “Чыгыш берметтери” деген котормо китебине ак тилек, жакшы үмүттөрдү каалап, талкуудан кийин баш сөз жазып берген эмгеги коомчулукка жакшы пикир туудурган. Ж.Руминин “Дил сыры” китеби да талкуудан өтүп, “Кыргызстан” басмасына тапшырылган, бирок бир кыйла жыл кыймылсыз жатып, эми гана Иран Элчилиги менен “Альхода” басмасынын каражаты менен жарык көрүп отурат”.

Санаалаш калемгерлердин дагы бири Мамат Болот “Акыл кенчи” деген котормо китебине жазган баш сөзүндө котормочунун чыгармачылык чеберчилиги тууралуу төмөндөгүдөй ойлорун ортого салган:

“Эки тилде жазат жана которот. Бөтөнчө Чыгыш адабиятына жан-дили менен берилип, залкар акындардын чыгармаларын 1974-жылдан бери которуп келет. Чыгыштын көөнөрбөс мурастарына Мажнун болуп, баарын кечип таштап бир гана поэзия менен жашап, өмүрүн ошол туу максатка арнаган. Ошонун айынан турмуштун далай кыйынчылыктарын баштан өткөрүп, көрбөгөндү көрүп келет. Котормолорунун сапаттуулугуна, жүрөккө жугумдуулугуна бир эле мисал келтирейин. Саади Ширазинин БУУнун имаратынын бет маӊдайындагы дүйнө элдеринин бардык тилдеринде жазылган төмөндөгү алты сап ырын ал жогорку чеберчиликте которгону кашкайып турат:

Орусчасы:

Одно сынов Адама естество,

Ведь все они от корня одного.

Постигнет одного в делах растройство,

Всех остальных охватит беспокойство.

Тебя, не сострадающий другим,

Мы человека им не дадим.

Шираздык айтылуу Саади акын.
Шираздык айтылуу Саади акын.

Кыргызчасы:

Табияты бирдей болуп жаралган,

Бүт адамзат бир атадан таралган.

Бирин эле мүшкүл басса, башкалар,

Туюп аны, тынчсыздануу башталар,

Мерез болсоӊ, боор оорубас, кейигис,

Акыбыз жок адам дешке сени биз”.

Мирзохалим КАРИМОВ,

жазуучу.

XS
SM
MD
LG