Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Ооганстанда бомба жарылып, эки киши набыт кетти


Ооган аскерлеринин парады. Кабул. 2021-жылдын 27-февралы.
Ооган аскерлеринин парады. Кабул. 2021-жылдын 27-февралы.


Ооган бийликтеринин айтымында, өлкөдө ар башка жерлердеги жардыруудан кеминде эки киши өлүп, бир нече киши жаракат алды. Кабул полициясынын өкүлү Фердавс Фарамарздын 27-февралда билдиргенине караганда, баш калаанын четинде жайгашкан Баграм районунда унаага жабыштырылган бомба жарылып, бир киши набыт болуп, дагы экөө жаракат алды.

Акыркы айларда Кабулда унаалардын астына жабыштырылган жана аралыктан же убакытка байлап жардырылчу "жабыштырылма" бомбалар колдонулган бир нече кол салуулар болду.

Максаттуу киши өлтүрүүлөр коопсуздук күчтөрүнөн кызматкерлерин, аткаминерлерди, сотторду, жарандык өкүлдөрдү жана журналисттерди бутага алышты.

Ошол эле учурда, Чыгыштагы Нангархар вилайетинин кеңешинин мүчөсү Абдул Кахар Кадыр аймак борбору Жалалабадда жолго коюлган бомбаны унаасы тебелеп, жарылуудан жаракат алган. Бул жардыруудан жанында турган киши курман болгон. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок.

Талип жоочулары менен Ооган өкмөтүнүн ортосунда ондогон жылдарга созулган согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө карабастан, акыркы он айда талиптердин жана аларга баш ийбеген жоочулардын кол салуулары күч алып келет.

XS
SM
MD
LG