Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:03

Кабулдагы жардыруу индус диний азчылыгынын мүчөлөрүн жарадар кылды


Кабул шаарынын бир өңүрү. 2021-жылдын 5-февралы. Жалпы сүрөт.
Кабул шаарынын бир өңүрү. 2021-жылдын 5-февралы. Жалпы сүрөт.


Ооган полициясынын билдиришинче, баш калаа Кабулдагы жардыруудан кеминде алты жаран, анын ичинде ооганстандык индус жамаатынын үч мүчөсү жаракат алды.

Жардыруу Кабулдун Баг-и-Кази аймагындагы дүкөндүн ичинде 6-февралда эртең менен болгон, деп полиция өкүлү Фердоус Фарамарз билдирди.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бар делген жоочулар узак жылдар бою жарандык согуштан жана террорлук чабуулдардан азап чегип келген бул мамлекеттеги диний азчылыкты түзгөн индус жана сикх жамааттарына каршы уюштурулган бир канча террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алган болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG