Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ооганстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды


Ооганстанга келген коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы.
Ооганстанга келген коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы.

Ооганстанда кандуу чабуулдар күч алган маалда коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө, медкызматкерлерге жана журналисттерге вакцина сайылат.

Ай башында согуштан башын көтөрө албай келаткан мамлекет "AstraZeneca" компаниясынын 500 миң доза вакцинасын алган.

«Мен ооган элин коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн башталышы менен куттуктайм. Бул ооганстандыктар үчүн чоң мүмкүнчүлүк», - деди Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Расмий маалыматтарга караганда, Ооганстанда коронавирус 55 миң кишиден аныкталып, 2,5 миңдейи көз жумган. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги өз иликтөөсүнө таянып, 10 миллиондой адам коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарган.

Жакыр мамлекеттерди вакцина менен камсыздоого багытталган COVAX эл аралык программасы Ооганстандын 38 миллион калкынын 20% эмдөөгө жетчү препарат берерин билдирген.

Дээрлик жыйырма жылдан бери токтобогон согуштун айынан Ооганстанда шал оорусуна каршы эмдөө өнөктүгү да үзгүлтүккө учурап келет.

XS
SM
MD
LG