Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

БШК Шайлообек Атазовду депутаттык мандаттан ажыратты


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 7-майдагы отурумунда Шайлообек Атазовду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты деп таануу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Боршайком мындай бүтүмгө соттордун чечимдерин аткаруу максатында келгени белгиленди.

Жогорку сот 30-апрелде Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы соттук коллегия андан тышкары БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген.

Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылат.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, мандатты Абдурахманхажи Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлообек Атазов Жогорку сотко кассациялык арыз берген. Ал коомчулукта камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду ачык колдогон адам катары таанымал. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG