Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Миңдеген орусиялыктар Кремлдин сынчысы Немцовду эскерип жатышат


Большой Москворецкий көпүрөсүндөгү маркум Борис Немцовду эскерүү жөрөлгөсү. Москва шаары. 2021-жылдын 27-февралы.
Большой Москворецкий көпүрөсүндөгү маркум Борис Немцовду эскерүү жөрөлгөсү. Москва шаары. 2021-жылдын 27-февралы.


Бир нече миңдеген кишилер Москва шаарынын борборунда орусиялык оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмүнүн алты жылдыгын эскеришти.

Коомчулук өкүлдөрү жана оппозициянын тарапкерлери 2015-жылдын 27-февралында Немцов атып өлтүрүлгөн жайда – Кремлден бир аз обочорооктогу Большой Москворецкий көпүрөсүндө маркумду эскерип гүл коюшту. Немцов Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечкиндүү сынчысы болгон.

Борис Немцов Сочиде да эскерилди. 2021-жылдын 27-февралы.
Борис Немцов Сочиде да эскерилди. 2021-жылдын 27-февралы.


Эскерүү жөрөлгөсүнө катышкандардын катарында АКШ жана Улуу Британия баш болгон бир нече Батыш өлкөлөрүнүн элчилери да болду.

Эскерүү чаралары адатта борбордук Москва аркылуу жөө жүрүш менен белгиленчү. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ар кандай жамааттын чогулуштарын өткөрүүгө чектөөлөр коюлгандыктан, коомчулук өкүлдөрү жана оппозициячыл жарандар көпүрөдөгү убактылуу эстелик жайга гана чогулушту.
Элдик митингдерге катышууну көзөмөлдөгөн “Белый счётчик” уюму билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.30га карата 4600дөй киши катышты.


Орусиянын мурдагы премьер-министри жана оппозициячыл саясатчы Михаил Касьянов “Франс Пресс” агенттигине 27-февралда көпүрөдөгү эскерүү жайында курган маегинде:

"Биз жыл сайын ушул күнү ушул жерге чогулуп, бийликке анын элесин унуткарбагандыгыбызды жана унутпай тургандыгыбызды көрсөтүп келебиз", – деп айтты.

АКШ элчилигинин басма сөз өкүлү Ребекка Росс айым “Твиттердеги” баракчасына АКШнын элчиси Жон Салливан Немцовдун "мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүн" эскергендигин белгилеп, маркумду "өз өлкөсүнүн жаркын келечегин көздөп” жашаган инсан катары баалады.

Эскерүү чараларынын уюштуруучулары бул иш-чара төрт саат ичинде алиги көпүрөдөгү маркум саясатчы атылып кеткен жерге гүл коюу түрүндө жана эч кандай ураандар чакырылбастан, коронавирустун жайылышынын алдын алууга байланыштуу коомдук аралыкты сактоо эрежелерин аткаруу менен өткөрүлөт, деп Москва шаарынын акимияты менен бейрасмий макулдашкан. Бул тууралуу "Настоящее время" каналы билдирди.

Борис Немцовду эскерүү чарасы Татарстанда да өттү. Казан. 2021-жылдын 27-февралы.
Борис Немцовду эскерүү чарасы Татарстанда да өттү. Казан. 2021-жылдын 27-февралы.


Маркум Немцовду эскерүү иш-чаралары оболу Омск, Түмөн, Новосибирск жана Иркутск шаарларында өттү. Иш-чаралар эми Сыктывкар, Архангельск, Санкт-Петербург шаарларында да өтүүдө. Бийликтер Сочи, Псков, Челябинск жана Краснодарда эскерүү чараларын өткөрүүгө тыюу салган. Ошого карабастан, Псков шаарында жекече демилгелүүлөр бир катар пикеттерди өткөрүштү.

Ал эми Алтай чөлкөмүнүн борбору Барнаул шаарындагылар Сибирдеги бийликтер уруксат кылган бирден-бир нааразылык жыйынын жекшембиде, 28-февралда өткөрүшмөкчү. (TT)

XS
SM
MD
LG