Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Орусияда оппозициялык саясатчы Немцовду эскерүү жүрүшү өтүп жатат


Новосибирск. 29-февраль, 2020-жыл.
Новосибирск. 29-февраль, 2020-жыл.

Москвада оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү жөө жүрүшү өтүп жатат. Маркум 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде киши колдуу болуп өлгөн.

Ушундай эле жүрүштөр жана пикеттер Орусиянын ондогон шаарларында да болду. Владивосток шаарында полиция пикетке чыккан бир нече кишини кармап кайра коё бергени кабарланды. Новосибирскиде 30 чакты активист бийлик менен макулдашылбаган жүрүш уюштурушту. Бул шаарда кармоолор болгон жок.

Ал эми Санкт-Петербург шаарында жергиликтүү бийликтин уруксаты менен уюштурулган иш-чарага миңден 2000ге чейин киши катышты.

Борис Ельциндин тушунда вице-премьерлик кызматты аркалаган Немцов Орусиянын азыркы лидери Путиндин саясатын ачык сындап келгендердин бири болчу. Аны 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда, Кремлге жакын жерде атып кетишкен.

Сот кылмышты аткарган деп Заур Дадаев, Анзор жана Шадид Губашевдерди, Темирлан Эскерхановду, Хамзат Бахаевди 11 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыраткан. Бирок ким буйрук бергени азыркыга чейин аныктала элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG