Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Немцов маршына 20 миңден ашуун адам келди


Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.
Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.

Немцов өлтүрүлгөн күндү белгилеген маршка миңдеген адам чыкты.

Москвада миңдеген адамдар катышкан каршылык маршы болуп өттү, Орусиянын башка шаарларында да саясий акциялар уюштурулду. Белгилүү орус саясатчысы Борис Немцов беш жыл мурда Кремлге жакын жерде атып өлтүрүлгөн.

29-февралда өткөн демонстрациялар Орусияда былтыр жайдан бери уюштурулган эң ири саясий акция болуп калды. Анда Москва шаардык кеңешине шайлоо өнөктүгүнө кыжырданган эл көчөгө чыккан эле.

Азыркы каршылык акциялары орус мыйзамчылары жана Кремлдеги жетекчилер президент Путин жарыялаган конституциялык өзгөртүүлөрдү бүткүл элдик добушка алып чыгууга камданып жаткан чакка туш келди.

Ишембиде Немцовдун элесине арналган маршка чыккандар "Путин ууру", "Путинсиз Орусия", "Кадыров - Орусиянын шермендеси" жана башка ураандарды кыйкырып жатышты. Демонстранттар Орусиянын жана маркум Немцов өкүлү болгон Парнас партиясынын желектерин көтөрүп чыгышты. Борис Немцовдун сүрөтүн, "Пропаганда өлтүрөт", "Конституция өзгөртүүлөргө жок де" деген жазууларды кармагандар да көп болду.

Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.
Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.


Маршка чыккандар арасында алты жылдан бери Украинанын чыгышындагы согушту айыптап, "Украина, биз силер мененбиз" деген плакат көтөрүп чыккандар да жүрдү.

“Биз жеке адамга сыйынуудан тажадык, бизге чыныгы лидер керек, Биздикиндей аймагы абдан чоң мамлекекетте нормалдуу иштей турган экономикага муктажбыз. Билим берүү, илим, социалдык коргоо жагынан дүйнөлүк рейтингдерде өтө төмөн жакта калдык. Бул таптакыр кабыл алгыс көрүнүш”, - деген пикирлерин айтып жатышты катышуучулар саясий акцияны чагылдырганы барган журналисттерге.


Коомдук уюмдар, "Ак каршылык" аттуу бейөкмөт уюм, Немцовду эскерүү маршына 21 миңдей адам катышканын эсептеп чыкты, бул акцияга Москва шаардык бийликтери уруксат беришкен.

Кремлдин өкүлдөрү азырынча акцияга карата пикирин билдире элек.

Ушул эле күнү Санкт-Петербург, Новосибирск жана башка ондогон шаарларда Немцовдун элесине арналган саясий акциялар уюштурулду. Владивосток шаарында Немцовдун сүрөтүн көтөрүп борбордук көчөгө чыккан бир нече адамды полиция кармап кеткени кабарланды. Санкт-Петербургда беш киши абакка жеткирилгени маалым болду.

Немцовдун айрым колдоочулары бул күнү акцияга конституциялык өзгөртүүлөргө каршылык билдирүү максатында кошулганын айтып жатышты. Азыркы президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктай турган Путин бул өзгөртүүлөр аркылуу андан ары да бийликти колдон чыгарбоого умтулуп жатканын белгилешет байкоочулар.

Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.
Борис Немцовду эскерүү маршы. 29-февраль, 2020-жыл.

22-апрелде бүткүл элдик референдумга алып чыгуу белгиленген бул план ишке ашып калса, Орусиянын Баш мыйзамына 1992-жылдан берки кирген эң ири өзгөртүү болуп калмакчы.

​Ишембидеги акциянын демилгечилеринин бири, оппозициячыл активист Алексей Навальный Кремль бүгүнкү акцияга канча киши чыкканын жакшылап көңүлгө алышы керектигин айтты.


​Маркум Борис Ельцин президент болуп турганда, вице-премьерлик кызматка чейин көтөрүлгөн Борис Немцов Путин бийликке келгенден кийин анын башкы сынчысына айланган. Эл арасында популярдуу, жылдыздуу саясатчыга айланган Немцовду 2015-жылдын 27-февралында Кремлге жакын жерде жөө бараткан жеринен атып кетишкен.

Эки жылдан кийин Орусиянын соту мурдагы чечен командири баш болгон беш чечен улутундагы адамды Немцовду өлтүргөн деп күнөөлөп, 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыраткан.

​Немцовдун тарапкерлери булар жөн гана аткаруучулар болушу мүмкүн, кылмышка буйрук бергендер кармалган жок, алар президент Путинге жакын адамдар, же Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун жакын чөйрөсү болушу ыктымал деп эсептешет.

Борис Немцовдун киши колдуу болушу Орусиянын тарыхындагы трагедия болуп калары шексиз. Орусиялык укук коргоочулардын баамында, бул окуя өлкөдөгү жалпы саясий климатты өзгөртүп, коркуу, куугунтук сезимдери үстөмдүк кылган жагдайдын түзүлүшүнө түрткү болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG