Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Конгресс Немцовдун өлүмүн эл аралык иликтөөгө алууга үндөдү


Борис Немцов.
Борис Немцов.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы орусиялык оппозициялык лидер Борис Немцовдун киши колдуу болушун эл аралык иликтөөгө алуу жана саясатчынын өлтүрүлүшүнө тиешеси барларга санкция киргизүү жөнүндө резолюция кабыл алды. Документти 416 киши колдоп, бирөө каршы добуш берди.

Резолюциянын тексти Орусиянын президенти Владимир Путинди жана анын өкмөтүн саясий оппоненттерине чабуул койгону үчүн айыптайт. Ал 2015-жылы киши колдуу болгон Немцовдун өлүмүнүн анык себептерин жаап-жашырганы үчүн Кремлди сындайт.

Ошондой эле, резолюцияга ылайык, мамлекеттик катчы Майк Помпео Улуттук чалгын мекемесинин башчысы Дэн Коутс менен бирге Конгресске Немцовдун өлүмүнүн жагдайлары боюнча баяндама даярдап келиши керек. Резолюция сунуштама гана мүнөзүндө жана аны Сенат бекитиши зарыл.

Борис Немцов мындан төрт жыл мурун 27-февралдын кечинде Москванын чак ортосунда бир нече ок тийип каза тапкан. Саясатчыны «өлтүрүүгө айыптуу» деп Чеченстандын беш тургуну жазага тартылган.

XS
SM
MD
LG