Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

“Атамбаев "Дос" түшүнүгүн саясий брендге айланткан”


“Атамбаев "Дос" түшүнүгүн саясий брендге айланткан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:54 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу саясий илимдеринин кандидаты, доцент Чолпонбек Сыдыкбаев менен эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы 2005-2010-2020-жылдардагы окуялардын себептери, жаңы келген бийликтердин легитимдүүлүгү, өлкө жетекчилери Акаев, Бакиев, Отунбаев, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаровдун саясий кадамдары ж.б. жөнүндө маек курдук.

- Чолпонбек мырза, сиз менен Кыргызстандын соңку 30 жылдык тарыхындагы бийликтин легитимдүүлүгү жөнүндө кеп кылсакпы деп турам. Алгач сөзүбүздү легитимдүүлүк деген эмне, аны кандай түшүнүшүбүз керек?

- Легитимдүүлүк түшүнүгү саясий илимде ири алдыда изилдөөнүн объектиси болуп саналат. Легитимдүүлүк – элдин бийликке карата ишеним даражасы, б.а. элдин бийликтин саясат жүргүзүүсүнө колдоосу. Легитимдүүлүктүн мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген түз мааниси бар. Легитимдүүлүк термини мамлекеттеги саясий режимге, ар кандай башка факторлорго көз каранды.


- Кыргызстанда 2005-2010 жана 2020-жылдары бийлик алмашуу болду, алардын баарында легитимдүүлүк маселеси көтөрүлүп келген. Ушул окуялардын ар бирине өзүнчө токтолсок. Кеп башынан болсун, 2005-жылы Акаевдин бийлиги кулап, Бакиев президент болгон. Бул бийлик алмашуу процесси канчалык деңгээлде легитимдүү болгон?

- Аскар Акаев 1990-жылы Кыргызстандагы демократиялык толкундоолордун аркасы менен бийликке келгени белгилүү. Ал башында демократ президент катары саналып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытканы да бар. Адистердин пикиринде Акаев өз бийлигинин алгачкы беш жылында ийгиликтүү иштеген. Эгер ал Конституцияга ылайык бийликте эки мөөнөт туруп, убагында өткөрүп бергенде Кыргызстандын тагдыры башкача болмок. Тилекке каршы, андай болбоду. Бийлик кумарына азгырылды. Үй-бүлөсү, айлана-чөйрөсү ишине кийлигишип келишти. Колдон келсе бийликтен кетпей, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине өткөрүп берүү аракети болду. Конституциялык сот Акаев дагы бир мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүгү бар деген бүтүмү элдин нааразычылыгын туудуруп, анын бийлигинин легитимдүүлүгүнө шек келтирген.

- Дүйнө өлкөлөрүнүн тарыхында атасы өлкө президенти, уул-кызы парламент депутаты болгон мисалдар барбы?

- Саясат таанууда саясий маданият деген түшүнүк бар. Чыгыш мамлекеттеринин, айрым батыш мамлекеттеринин тарыхында бийлик атадан балага калган учурлар бар. Анткени алардын саясий түзүлүшүндө ошондой мыйзамдуу жолдору бар. Бизде болсо таптакыр адат-салтта жок, жат көрүнүштөр орун алды. Акаевдин үй-бүлөсүнүн эки мүчөсүнүн (уулу Айдар, кызы Бермет) парламентке келиши “бийлик атадан балага же кызына өтүшү мүмкүн” деген ойду жаратууга түрткү берген.

- Акаев Москвага чыгып кеткенде Текебаев баштаган депутаттар барып, анын арызын алып келишкен, бул дагы легитимдүүлүккө карата жол десек болобу?

- Ооба, 2005-жылы 24-марттан кийин Акаев өлкөдөн чыгып кетип, мамлекет башчысы жок калган болчу. Бийликке келген саясий күчтөр укуктук талаага келиш үчүн парламент төрагасы Текебаев Москвага учуп барып, Акаевден арызды жаздырып алса, легитимдүүлүккө жол ачыларын жакшы түшүнүшкөн.

- Акаев бийликтен кеткенден кийин ордуна Бакиев президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Эмне үчүн анын талапкерлиги жактырылып, ал тандалган деп ойлойсуз?

- Бийликке оппозиция болгон күчтөр шарт болуп калса бийликке ким отурат, деген суроолорго жооп издешет. Бул жолу да саясий жүрүштөрдү, чарбаны уюштуруудагы тажрыйбасы, каржылык мүмкүнчүлүктөрү жана аймактык кызыкчылыктар (түндүк-түштүк фактору) менен эсептешүүлөр болгондо Бакиевдин мүмкүнчүлүгү жогору болгон. Ошол себептен аны талапкерлигин жактырышкан, колдошкон.

- 2010-жылы 7-апрелде Бакиев бийликтен кетип, анын ордуна 14 адамдан турган саясий топ өзүлөрүн “Убактылуу өкмөт” деп жарыялашты. Бул канчалык мыйзамдуу көрүнүш болгон десек болот?

- 7-апрель окуясынын өзгөчөлүгү бар, ал кан төгүү менен коштолду. Ал учурдагы парламент “шал болуп”, спикер Зайнидин Курмановду эч ким таппай жүрдү. Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн төртөөнүн (эркектер) президент болуу дымагы бар эле. Орун талашуу катуу болорун билишип, бири-бирине ыраа көрүшпөй, акыры Роза Отунбаеваны убактылуу президент кылып жылдырышкан. Отунбаеванын эл аралык кадыр-баркы бийликти эл аралык деңгээлде таанууга, легитимдештирүүгө жардам берет деп ойлошсо керек. Ушундай шартта өзүлөрүн Убактылуу өкмөт деп жарыялашып, чечимдерин “декреттер” аркылуу мыйзамдаштырууну (легитимдештирүүнү) көздөшкөн. Мамлекетти башкарууну өз жоопкерчилигине алышкан.

- 2017-жылы президент Атамбаев өзүнөн кийинки бийликтин “эки тизгин, бир чылбырын” досу Сооронбай Жээнбековго тапшырды. Жээнбеков президент болору менен достукка доо кетип, акыры ажырашты. Ага эмне себеп болгон деп ойлойсуз? Дегеле саясатта достуктун үзүрү болгон мисалдар барбы?

- Атамбаев президент болуп турганда “шоопурун угат экен, шайлоонун картасын да ошол чечет экен, кадрдык дайындооолор да анын колу менен жасалат экен” деп айтылган саясий ушактар кийин иш жүзүндө чындык экени далилденди. Кыскасы, Атамбаевдин айланасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмес, башка күчтөр таасирдүү болгон десек болот. Эмне үчүн Атамбаев Жээнбековду колдоду? Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтү бүтүп баратканда “аны батасы менен президенттикке аттансам” деген 3-4 саясатчы бар болчу. Сапар Исаков деген ысым ачык эле айтылып жаткан. Атамбаев акыры Жээнбековдун талапкерлигин ачык эле алып чыкты. Жээнбеков лоялдуу, жоош адам сырттан башкарууга оңой болот деп ойлогон. Экинчиден, чейрек кылым дос болуп жүргөн адам сатпайт деп үмүт кылган. Досун колдоп алып чыкты деп эл аралык коомчулук таң калып жатты. Эл аралык тажрыйбада досун бийликке алып келген учурду мен көрө элекмин. Мындай кадамы менен Атамбаев "Дос" түшүнүгүн саясий брендге айланткан. Анын аркасы менен көчөлөрдө “Эки дос” деген кафе-барлар, тез тамактануучу жайлар ачылып кетти ачылып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG