Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

"Стратегиялык ката болгон". Армения Орусияга үмүт артканына өкүндү


ЖККУнун машыгуусу. Беларус. Август, 2023-жыл
ЖККУнун машыгуусу. Беларус. Август, 2023-жыл

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн "коопсуздугунун архитектурасы, анын ичинде курал-жарак жана ок-дары алуу 99,99 пайыз Орусияга байланганын", бул "стратегиялык ката" болгонун билдирди.

Премьердин 3-сентябрда италиялык La Repubblica гезитинде чыккан маегине Орусия нааразы болуп жатканын эртеси ТАСС агенттиги өз булагына таянып жазды.

Дипломатиялык булактын айтымында, Москва Пашинян “өз кемчиликтери менен каталары үчүн жоопкерчиликти Орусияга оодарууну максат кылат” деп эсептейт. Армения менен Азербайжан ушу тапта Тоолуу Карабактын айланасында жаңжалдашып, бири-бирин чагымга жана абалды курчутууга айыптап келет.

Кыргызстандай эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү болгон Армениянын коопсуздук маселелери, Еревандын Москва жана Батыш менен мамилелери тууралуу саясат таануучу, “Регионалдык демократия жана коопсуздук” борборунун жетекчиси Тигран Григорян менен маектештик.

- Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн "коопсуздугунун архитектурасын Орусияга гана байлоо "стратегиялык ката" болгонун моюнга алды. Сиз 2020-2021-жылдары Коопсуздук кеңешинин кеңсесинде иштегенсиз. Ошол архитектура кандай түзүлгөнүн айтып бересизби?

Тигран Григорян
Тигран Григорян

- Армения Орусия негизги ролду ойногон аскердик альянстардын мүчөсү болчу. Еревандын Москва менен коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу макулдашуулары, кол коюлган документтер бар. Акыркы 30 жылдан бери Орусия Армения жумуриятынын коопсуздугун кепилдеген, Түштүк Кавказ аймагындагы коопсуздукту камсыздаган өлкөгө айланган деп айтсак болот.

Бирок Тоолуу Карабактагы экинчи согуш (2020-жыл), Украинадагы уруш жагдайды өзгөрттү. Азыр Москва өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга даяр эмес болуп чыккандыктан, Армения коопсуздук жаатында кыйынчылыктарга кабылды. Соңку жылда эле Азербайжан бир нече жолу Армениянын суверендүү аймагына кол салды, оккупациялады. Орусия ак же көк деп, реакция билдирбей отурат. Андан тышкары курал-жарак менен камсыздоо тармагында маселелер чыгууда. Украинадагы согуш баштала электе Армения Орусиядан курал сатып алуу боюнча миллиондогон контрактка кол койгон. Жадакалса анын чоң бөлүгү, 400 миллион доллардай акча алдын ала төлөнгөнү менен, Москва өзүнө алган милдеттенмесин аткаруудан баш тартууда. Себеби, украин согушунан улам өздөрү курал маселесинде бир топ кыйынчылыкка дуушар болууда.

- Орусия баштаган аскердик альянска - Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон калган мамлекеттерде, мисалы, Кыргызстанда да коопсуздук чөйрөсүндө ушундай эле көйгөй бар деп айтса болобу?

- Мен ал өлкөлөр боюнча эксперт болбогондуктан бир нерсе деп айтуу кыйын. Бирок ал уюм Орусия менен эки тараптуу мамилелерди сактап турууга же тереңдетүүгө жол ачкан түзүм экенин түшүнүү зарыл. Армения менен Кыргызстандын орток кызыкчылыктары көп деп айта албайбыз. ЖККУ Орусия менен мамилелерди өнүктүрүүнүн кезектеги кошумча механизми катары түзүлгөн. Соңку жылдарда биз күбө болгон окуялар, мен айткандай, ал иш дагы азыр майнаптуу жүрбөгөнүн көргөзүүдө. Мисалы, мүчөлүк макамы Арменияга куралды арзаныраак сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берчү. Эми ал маселе да чечилбей жатканын, арзан тургай дегеле эч кандай курал албаганыбызды айта кетпедимби.

- ЖККУ тууралуу сөздү улантсак, Армения былтыр күзүндө уюмдун саммитинде биргелешкен документтерди ратификациялаган эмес. Пашиняндын айтымында, чечимдер компромис жолу менен кабыл алынгандыктан, ишке ашпай калган. Ереван мындан ары да документтерге кол коюудан баш тартса, бул эмнеге алып келет деп ойлойсуз?

ЖККУнун Еревандагы саммити. 23-ноябрь, 2023-жыл
ЖККУнун Еревандагы саммити. 23-ноябрь, 2023-жыл

- 2022-жылы сентябрда азери күчтөрү Армениянын суверендүү аймагына кирип келгенден кийинки окуялардан көп өтпөй Ереван ЖККУга мүчөлүгүн убактылуу токтотуп койду деп айтсак болот.

Расмий деңгээлде эч кандай чечимдер кабыл алынбай келет. Өлкө бир катар тобокелдиктерден улам уюмдан чыгуу аракетин көргөн жок. Армения Еревандагы саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүнө кол койбой койду, муну менен катар ЖККУнун катчысынын орун басарлыгына өз өкүлүн дайындоо квотасынан баш тартты, биргелешкен аскердик машыгууларга катышпай, өз аймагында машыгуу өткөрүүдөн баш тартты.

Консенсус жетишилмейинче, Еревандагы саммиттин чечимдерине кол коюлбайт. Тараптар позицияларды жакындатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтууда. Ереван Москвадан жана калган мүчө-мамлекеттерден аймактагы кырдаал, азери агрессиясы тууралуу так позицияны талап кылууда. Андай болбосо, армян бийлиги сөз болгон билдирүүгө кол койбой турганын, Москва аймакка жөнөтүүнү көздөп жаткан ЖККУнун мониторинг тобун кабыл албай турганын айтууда.

- ЖККУдан чыгуу чакырыктары көп айтылабы?

- Жарандык коом же саясий талаа жөнүндө сөз кылсак, андай үндөөлөр жаңырып келатканы, албетте, түшүнүктүү. Ушу тапта уюмдан кол үзүү сценарийи ишке ашуусу реалдуу эмес. Ооба, ЖККУнун Арменияга пайдасы тийбейт, ошол эле маалда Украинада согуш башталгандан бери эч кимдин Ереван кабылган кыйын абалды, Москва менен мамилелерди ого бетер татаалдаштыргысы, оорлоткусу келбейт. Уюмдан чыгуу чечими кабыл алынса, анда Москва кандай аракет көрөрү, кандай реакция кылары айдан ачык.

- Орусия кандай кадамдарга барышы ыктымал?

- Армения экономикалык жактан Орусияга көз каранды. Орусия жумурияттын бүтүндөй энергетикалык секторун көзөмөлдөйт деп айтсам жаңылышпайм. Ошол эле газ, азык-түлүктүн көбү ал өлкөдөн келет. Башка бир катар инструменттерди албаганда да, экономикалык рычагдары менен экономикага көп зыян келтириши мүмкүн. Андай алдын ала кадамдар буга чейин да жасалып келген. Орусия эскертүү иретинде товарлардын кээ бир түрүн Арменияга алып кирүүгө тыюу салган. Муну менен Ереван тарапка ишарат кылгысы келген.

- Ал эми катардагы армяндарчы? ЖККУга нааразылык көп айтылабы?

- Жарандык коомдогу маанай жалпы коомдун маанайын чагылдырат. Жалпысынан 2020-жылкы согуштан (Азербайжан менен Армениянын 44 күнгө созулган урушу. Тараптар жаңжал үчүн бири-бирин күнөөлөп келет - ред.) баштап Орусиянын рейтинги тез жана ырааттуу төмөндөп баратат. Эмне дегенде армяндар Москвага арткан үмүт акталбай калды. Кырдаал Азербайжандын 2021-2022-жылкы аракеттеринен кийин ого бетер курчуду. Орусия же ЖККУ суверендүү аймакка болгон кол салууга эч кандай реакция билдирген эмес.

Сурамжылоо көргөзгөндөй, мисалы, 2013-жылы респонденттердин 80 пайыздан ашууну Орусияны өнөктөш, союздаш мамлекет деп эсептегенин айткан. Азыр бул көрсөткүч 30 процентке чейин ылдыйлап кетти. Орусия өнөктөштөр арасында жадакалса биринчи же экинчи орунда эмес. Ушундай жагдайды ЖККУга да тиешелүү сурамжылоолордон байкаса болот. Адашпасам, уюмдан чыгуу маселесинде элдин пикири теңме тең бөлүнгөн. Менимче, тышкы саясатта чечкиндүү бир кадамдарды коштогон тобокелдиктерди эл деле түшүнөт. Жалпылап айтканда, имидж жана коомдук пикир жагынан Орусияга жана ЖККУга терс мамиле кылынгандай.

- Пашинян ошол эле интервьюсунда тышкы саясатты диверсификациялоо аракеттери жүрүп жатканын айтты. Орусия баштаган аскердик альянстын мүчөсү болуп туруп муну кантип ишке ашыруу мүмкүн?

Армениянын өкмөт башчысы менен Франциянын президенти. Кишинев, 1-июнь 2023-жыл
Армениянын өкмөт башчысы менен Франциянын президенти. Кишинев, 1-июнь 2023-жыл

- Ал мүмкүн, атүгүл бул багытта иштер жасалып келет. Мисалы, Армения Индия менен өз ара алака түзө алды.

Дели сентябрда кырдаал курчугандан кийин курал-жарак менен камсыздаган негизги өнөктөшкө айланды. Франция өңдүү мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Париж жана Батыштагы көптөгөн өнөктөштөр ЖККУга формалдуу мүчөлүк аскердик-саясий мамилелерге тоскоолдук кылбастыгын белгилешет. Албетте, кандайдыр бир чектөөлөр жок эмес. Алсак, алар технологиялык курал менен камсыздай албайт. Жалпысынан кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүн. Акыркы бир жылда биз күбө болуп келаткан окуяларды мен тышкы саясаттагы жана коопсуздук чөрөсүндөгү багытты өзгөртүү аракети эмес, сиз айткандай, диверсификациялоо кадамдары деп мүнөздөйт элем.

- Украинадагы согушка байланыштуу Батыш Орусияга салган санкциялардын кесепетинен Ереван канчалык чочулайт? Европа Биримдиги, АКШ армениялык компанияларды “кара тизмеге” киргизгени тууралуу маалыматтар чыгып жүрбөйбү.

- Ереван бул маселени кызыл сызык деп билет. Орусиянын расмий өкүлдөрү менен кездешүүлөрдө муну жашырбайт, ачык эле айтышат. Армения экономикасы санкцияларга кабылбашы үчүн бар аракетин жумшап келет. Андайга жеткирбөө зарыл. Өлкө бийлиги, Финансы министрлиги, Борбордук банк бул чөйрөдө эл аралык институттар, Батыш түзүмдөрү менен кызматташууда.

Евразия экономикалык биримдигиндей ири мейкиндикте менчик компаниялардын бардыгын көзөмөлдөө мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Анын үстүнө көзөмөл жүргүзүүнүн мыйзамдуу инструменттери аз болуп жатпайбы. Еревандын өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерине токтолсок, менимче, армян бийлигине эч кандай доомат жок болушу керек.

“Кара тизмеге” илинген айрым компаниялар Арменияда катталган орусиялык фирмалар экенин да эстен чыгарбоо зарыл. Бул дагы бир топ көйгөй жараткан маселе, мындай абалга жеткирбөө үчүн катаал процедураларды киргизүү, аларды сактоону көзөмөлдөө багытында бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.

- Британиянын чалгын кызматы Армения менен Казакстанда Украинадагы урушта орус тарапта согушуу үчүн жалдоо аракети көрүлгөнү, онлайн жарыялар жайгаштырылганын маалымдаган. Дегеле Армения бул согушта ким тарапта?

- Өлкө жетекчилиги, айрыкча өкмөт башчы эки айдай мурун украин согушу маселесинде Армения Орусиянын союздашы эмес экенин так билдирди. Бул анын сөздөрүнө шилтеме.

Карапайым элди алсак, алардын өз көйгөйлөрү, түйшүгү чачтан көп. Чынын айтсам, бардыгы эле украин согушун ойлоп отурган жок. Армения кошуна өлкөсү менен согуш абалында экенин, кырдаал улам курчуганын унутпоо керек. Тоолуу Карабактагы блокада уланууда. Ал жакта 120 миңдей мекендешибиз курчоодо, наны жок ачка калды.

Мындайда башка жерлердеги жаңжалдарга эч ким башын оорутпайт. Ал эми саясий кадамдарга кайрылсак, Ереван Москванын урушун колдоо катары сыпаттоого мүмкүн болгон аракетин көргөн жок. Тескерисинче, эл аралык уюмдардагы добуш берүүлөрдө нейтралдуу позицияны карманып келет.

Орусиядан ушунчалык көз каранды өлкө үчүн башка, алыскы мамлекеттерге караганда бул да абдан татаал чечим. Менимче, Батыш деле муну жакшы түшүнөт. Арменияга бул жагынан доомат жок болушу керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG