Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Армян-азери чек арасындагы атышууда набыт болгондор бар


Азербайжандык аскер. 29-апрель, 2016-жыл. Архивдеги сүрөт.
Азербайжандык аскер. 29-апрель, 2016-жыл. Архивдеги сүрөт.

Армян-азери чек арасында 1-сентябрдын таңында башталган "катуу атышууда" курман болгондор бар экени кабарланды. Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Сотк районуна жакын жайгашкан чек ара тилкесиндеги атышууда эки армян жоокери мүрт кетип, бир аскери жаракат алган.

Ал эми расмий Баку армян күчтөрүн ок атышууну баштаганы үчүн айыптап, азери армиясы жооп кайтарууга аргасыз болгонун, үч жоокери жаракат алганын кабарлады.

Ушул сааттарда атышуу уланып жатканы маалым болду.

Армения менен Азербайжан ондогон жылдардан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келет.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Соңку бир айдан бери Ереван Бакуну Армения менен жикчил Тоолуу Карабакты байланыштырган Лачын коридорун жабуу менен "Тоолуу Карабакта гуманитардык кризис жаратып жатат" деп айыптап келет. Баку бул дооматтарды четке кагууда.

АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн Азербайжан бийлигин коридорду ачууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG