Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Аксыдагы октябрь окуясынын кандуу эпкини


Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.
Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда былтыр октябрда бир адамдын өмүрү кыйылган, алты адам жараат алган тоз-тополоңдун чуусу басыла элек.

41 жаштагы Уланбек Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу үч адамга айып коюлган жана сот жараяны эки ай мурда башталган. Калайман тополоңдон улам дагы бир кылмыш ишин Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат.

Былтыр парламенттик шайлоодон кийин Бишкекте калайман каршылык күчөп, бийлик күч менен алмашканда Аксы районунда дагы жүздөгөн адам акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, 7-октябрда Уланбек Жаманкулов аттуу жаран ооруканага түшүп, 23-октябрда үзүлгөн.

Мурдагы жана азыркы милиция кызматкерлери абакта

Бул фактыга байланыштуу үч адамга - мурдагы милиция кызматкери Кутман Шадыбековго, Жылдызбек Шадыбеков менен анын ошол кезде райондук ички иштер бөлүмүндө иштеген уулу Тургунбекке айып тагылган.

Ушул учурда Кутман жана Тургунбек Шадыбековдор абакта. Тергөө материалдарында алар Уланбек Жаманкуловду ур-токмокко алганы, ал эми Жылдызбек Шадыбеков калайман башаламандыкты уюштурганы жазылган.


Маркум Уланбек Жаманкуловдун жубайы Нургүл Аргенбаева күйөөсү катуу сабалганын, башынан оор жараат алып, алгач Аксыдагы ооруканага түшкөнүн, ошол эле күнү Жалал-Абад шаарына жеткирилгенин, кийин Ошко которулуп, андан соң Бишкекке алып келишкенин айтып берди.

"Күйөөмдү 7-октябрда Жалал-Абадга Шадыбековдордон коркуп, өмүрүнө коркунуч келет дегенин алып келгенбиз. Жолдо кан басымы түшүп, ийне сайып, дем ала албай жатканда улам-улам токтоп кыйналганбыз. Жалал-Абадга келгенде деле мен бул жактын врачтарына ишенген жокмун. Бул жакта томографияга тартканга дагы мүмкүн болбоду, себеби күйөөмдүн салмагы туура келбеди. Анан Бишкекке алып кеттик. Дарыгерлер дагы эки күн кармасаңар кеч болуп калмак экен дешти. Томографиянын жыйынтыгы чыкканда дарыгер карап туруп эле башында жарака бар экенин айтты. Баш сөөгү сынып, бири-бирине минишип, кан уюп калган экен. Операция жасалды. Дарыгерлер эки айдан кийин дагы операция кыла турганын айтышты. Сынган жерине пластмасса коебуз деген".

Жабырлануучу тарап Жаманкуловдун өлүмүнө байланыштуу ата-бала Жылдызбек менен Тургунбек Шадыбековду, алардын айылдашы Кутман Шадыбековду күнөөлөп келет.

Жылдызбек жана Тургунбек Шадыбековдордун адвокаты Кубат Шадыбеков колундагы медициналык документтерге таянып, Жаманкуловдун жарааты олуттуу болбогонун айтууда.

"Ооруканага алгач түшкөндө дарыгерлер "акыл-эси тунук, башы айланган жок, бардыгы жайында" деп жазып жатышат. Анан туугандары эки сааттан кийин эле Жалал-Абад облустук ооруканасына алып кетишкен. Мен сизге документтер менен көрсөтүп берейин, ал жерге барганда"акыл-эси тунук, баары жакшы" деп айтышкан. 13-октябрга чейин дарыланган. 9-октябрда башын рентгенге тартканда таза экенин жазып атышат. Анан эле 13дө мурдагы саламаттык сактоо министринин көрсөтмөсү аркылуу санавиация менен Бишкекке алып барып неврологияга жаткырышкан. Ал жерде дагы башын рентгенге тартышканда "эч нерсе жок" деп чыгып жатат. Бирок Уландын аялы операция кылууга макулдук берип жатпайбы. Уландын башына 15де операция жасалгандан кийин гана дарыгерлер "башында жарака бар, мээси жабыркаган" деп жазып жатат. Ага чейин эки жолу рентгенге, МРТга тартканда эч нерсе жок болчу да. Эгер Уландын башына операция жасалбаса, ал өлбөйт болчу".


Маркумдун жесири Нургүл Аргенбаева Шадыбековдордун мындай билдирүүлөрүн айыптады.

"Жакшынакай эле турган башты кантип операция кылмак элек? Анан калса биз операцияга кирип жатканда "жолдошуңардын салмагы 166 килограмм экен, биз ага наркозду көбүрөөк беребиз, аны адамдын жүрөгү көтөрүшү кыйын, ошондуктан кепилдик бере албайбыз" деген. Биз ошондой тобокелдикке барып операцияга киргизгенбиз. Башын жөндөн-жөн ачтыргыдай адамдын өмүрү оюнчук бекен? Шадыбековдор жоопкерчиликтен качуу максатында ар түрдүү нерселерди айтып жатышат. Операциядан кийин катуу жөтөлө баштады. Коронавируска тест тапшырганда таза чыккан. Өпкөсүн тарттырганда пневмония бар деп пульмонологияга которушту. Ал жакта үч күн жатты, үч күндөн кийин эле "жолдошуңуз өтүп кетти" деген кабар келди. Ошол жерден моргодо экспертиза кылган, ал жерде баш сөөгү кандай болуп сынганы баары жазылып турат. Аны эксперттер оюнан чыгарып жазып койбойт да. Дарыгерлер ойноп башын кескендей жаныбар бекен?!".

Жабырлануучу тарап Шадыбековдор райондогу кадр саясатына кийлигишип, ар кандай чагымдарды уюштуруп келгенин, октябрда Бишкектеги башаламандыктан пайдаланып акимди кетирип, өз кишисин коюу максатында элди чогултканын айтууда.

Таалай Сейдалиев Жаманкуловдун туугандарынын адвокаты. Анын ырасташынча, маркумду жоон топ адам токмоктогон.

"Улан көлөмдүү, чоң жигит эле. Денесинен оор жараат алган. Бардыгы аныкталып, далилденип турат. Аны көп адам токмоктогон, темир, арматура менен башка чабышкан. Уруштун башталышы, негизги максаты бийлик талаш болуп жатпайбы. Күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен Кутман Шадыбеков менен Тургунбек Шадыбеков кармалып жатат. Ал эми Жылдызбек уюштуруучу катары, кылмышка катыштыгы бар деп кармалган".

"Азаттык" айыпталуучулардын бири Жылдызбек Шадыбеков менен байланышты. Ал өзүнүн дагы, уулунун дагы күнөөсү жоктугун учкай айтып, жабырлануучу тараптын арыз-дооматы негизсиз экенин билдирди.

"Бизге жалган айып коюп атышат. Эл чогулганда биз дагы барганбыз. Тополоң болуп кеткенде араздашкандарды ажыратканбыз, аны элдин баары көргөн. Ал жерде Аксы райондук милициясынын кызматкерлеринин баары эле болгон. Уулум дагы алардын катарында турган".


Бул ишке байланыштуу кезектеги соттук жараян Жалал-Абад шаарында 14-майда болот.

Аксыдагы октябрдагы тоз-тополоңго байланыштуу экинчи кылмыш иши тергелип бүтө элек. Анда Айбек Мунарбек уулу аттуу жаран Алтынбек Козуевди "бычак сайды" деп айыптап арыз жазган.

Эки айыпталуучунун адвокаты Кубат Шадыбеков Кыргызстанда бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардын "бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, сотко өткөнүн сынга алды. Тополоңдун башталышына Алтынбек Козуев менен анын шериктерин күнөөлөдү.

"Булардын ичинен Козуев Алтынбек, Нусу, Самарбек, анан дагы бирөө бар. Булар ошол эл чогулган жерде төрт балага бычак сайган. Ошон үчүн мушташ чыккан. Эгерде бычак шилтебегенде андай болбойт болчу. Тигилер чынында күнөөсү жок эле отурат. Болгон күнөөсү эл чогулган жерге барганы. Ал жерге элдин баары эле барган да. 5-6-7-октябрда Кыргызстан боюнча эл эски бийликти алмаштыруу үчүн чыкпадыбы. Эми азыр буларды эски бийлик эмес, жаңы бийлик соттоп жатат. Мен жакында баш прокурорго кайрылуу жаздым. Эгер бейбаштык болсо ошол көчөгө чыккан 500 адамды соттош керек эле да. Бийлик бейбаштык болгондо алмаштыбы? Кыргызстан боюнча эл толкуду, Аксыда деле эл эски бийликти кетириш керек деп толкуду. Бул жактан "эскини кетирип, жаңыны алып келиши керек деген чакырык болду да. Азыр буларга калайман башаламандыкты уюштуруу, бейбаштык боюнча иш козгоп жатышат. Булардын айыбы дагы туура эмес".

Алтынбек Козуев тополоңдо өзү токмок жегенин айтып, "бычак шилтеген" деген дооматты четке какты:

"Мен Бишкектен Аксыга 7-октябрда эртең менен 8дерде келип, акимчиликке саат 10дордо баргам. Балдар чогулуп туруптур. Ал жакка барган себебим - мага райондук милициянын башчысы "басып алганы жатышат, талап-тоноо болуп кетпесин, элдик кошуун керек" деп чалган. Аким Алтын-Казыктын жанында чогулуш өткөргөн. Чогулуш жарым саат болду окшойт, мен ага катышкан эмесмин. Инилерим дагы бар эле, кетебиз деп жатсак бир милиция кызматкери келип "начальник кетпей турсун деп атат, азыр элдик кошуундун формасын беребиз" деп токтотуп калат. Ошол жерден эле тополоң башталып кетти. Мен 30-40тай баланын ортосунда калгам. Милицияда иштеген Тургунбек Шадыбеков мени темир же арматура менен урган. Мени "бычак сайды" деп айыптап жаткан Айбек Мунарбек уулун тааныбайм. Көргөн дагы эмесмин. Мен муну сотто дагы айттым, эгер ошол учурда менин колумдан тал же чырпык көрсө, далилдесин. Менде андай болгон эмес. Мен тополоңго чыккандарды ажыратып жаткам, мунун баары видеодо бар. Анан калса видеону өздөрү тартып жаткан".


Адвокат Майрамбек Жумабеков Алтынбек Козуевге каршы арыз окуя болгондон кийин 49 күндөн кийин жазылганына токтолду жана буга байланыштуу Шадыбековдордун атын атады.

"Булар, Жылдызбек Шадыбеков ошол учурдан пайдаланып акимди кызматтан алып, өзүбүздүн кишибизди аким кылабыз деген. Ошондой үмүт менен барышкан. Ошондо мен жактап жаткан Алтынбек Козуев милиция башчынын суранычы менен "аларды киргизбейли" деген. Тополоң болуп 200дөй киши келген, 20дай атчан болгон. Милиция кызматкерлеринин арасында Жылдызбектин Тургунбек деген баласы дагы болгон. Биз үчөөнү шаардык сот аркылуу камакка алдырганбыз. Жылдызбек Шадыбеков облустук соттон үй камагына чыгып кеткен. Анын бөгөт чарасы өзгөргөндөн кийин Алтынбек Козуевге каршы жанагындай иштер башталды. Башында "Козуев 50 миң сом талап кылды" деген арызга байланыштуу бир иш бар болчу. Бирок аны Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүмү кыскарткан. Экинчи ишти "бычак сайды" деген арызга байланыштуу козгошту. Арыз окуя болгондон кийин 49 күндөн кийин жазылып жатат. Мен тергөөчүлөргө дагы бул логикага туура келбей турганын айттым. Ал кайдан бычак саймак эле? Ал жерде адамдар көп болчу, Козуев "бычак саям" десе аны ошол жерден эле ат менен тебелеп кетишмек. Козуев ошол жердеги экинчи өлүк болмок. Бул жалган көрсөтмө".

Адвокат Жумабеков бул ишти тергөөнү Бишкекке которуу тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органга кайрылган. Ал ишке байланыштуу облустун прокурору Уланбек Ибраим уулун айыптады.

"Жалал-Абад облусунун прокурору Уланбек Ибраим уулу жеке кызыкчылыгын көздөп жатат. Анткени ал Жылдызбек Шадыбековдон акча алып койгон деген маалыматтар бар. Ошон үчүн ал ишти кыскартууга каршы чыгып, Алтынбек Козуев соттолсун деп жатат. Мунун баарын ачык эле айттым. Биз азыр облустук прокуратурага ишенбейбиз деп айтып жатабыз. Биз ишти УКМКнын облустагы бөлүмүнөн алып атайын кызматтын же Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратына берилсин деп жатабыз. Иш жеңил, "бейбаштык" беренеси менен козголгон. Ал жерде адам өлүп атат, калайман тополоң уюштурулуп, бийликти басып алуу болуп жатат. Мына ушул үч берене коюлушу керек. Биз УКМКга сегизби же онбу, ушунча адамды күбө катары сураттырганбыз. Эки дискке жазылган видео бергенбиз. Ал видеолорду биз тарткан эмеспиз, тигилер тартышыптыр. "Ютубга" тушүп калганда биз ошол жактан көчүрүп алганбыз.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "тергөө аяктай элек" деген жүйө менен бул ишке байланыштуу комментарий берген жок.

Облус прокурору Уланбек Ибраим уулу "жеке кызыкчылыгы бар" деген дооматтарды четке кагууда.

"Бул айтылгандар чындыкка дал келбейт. Иш тергелип жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде болот баары. Арыз 49 күндөн кийин жазылды деген маселелер, жазган арыздары дагы тергөөдө эске алынат. Сотко Уланбек Жаманкуловдун өлүмү, анын денесине оор жараат келтирилгени боюнча иш өткөн. Үч адам кармалган. Бирөө үй камагына чыгарылган. Козуев азыр кылмышка шектүү, жоопко тартыла элек. Айбек Мунарбек уулунун алган жаракаты боюнча иш козголгон. Аны ким жасаганы азырынча тергөөдө аныкталып жатат".

Былтыр октябрдагы тоз-тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган. Бир катар аймактарда дагы жергиликтүү бийликти алмаштыруу аракет болуп, айрым жерлерде жаңжал, мушташ менен коштолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG