Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:51

Аксы: Киши өмүрүн алган жаңжал тынчый элек


Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.
Аксы району, Кербен. Интернетте тараган сүрөт. 7-октябрь, 2020-жыл.

Быйыл 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулгандардын кандуу окуя менен аяктаган жаңжалына чекит коюла элек.

Жаатташкандардын бир тарабы – Ак-Дөбө айылынын тургундары 23-ноябрда Кербен шаарында митинг өткөрүшүп, экинчи тарапты "бир жактуу маалымат таратып жатат" деп айыптап чыгышты.

Кыргызстанда октябрдагы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардын эпкини Аксыга да тийип, район борбору Кербен шаарындагы калайман мушташта бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.

Акимди кызматтан кетирүү талабы менен чыккандардын ортосундагы калайман мушташта катуу жаракат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов жыйырма күндөн кийин каза болгон. Анын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткандардын тарапкерлери, Ак-Дөбө айылынын тургундары 23-ноябрда митингге чыгышты.

Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Анын бир тууганы Гүлмира Шадыбекова иниси негизсиз камалганын айтып, нааразылык билдирүүдө:

«Менин бир тууганымды милиция камап койду. Ал ошол күнү урушуп жаткандарды ажыраткан болчу. Күнөөлүүлөрдү кармабастан, алы жеткенин камап жатат. Үйдө балдары менен келинчеги ыйлап олтурат. Бизде мыйзам, чындык барбы?”

Аксы райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Абдыкайым Өмүрбеков да иш мыйзамдуу каралбай жатканын айтты:

“Жаңжалды бир тараптуу караганга болбойт. Ошондуктан милиция күнөөлүүлөрдү аныктап, камашы керек. Ал эми эл ынтымакта болуп, мындан кийинки мамилелерди оңдоп алалы. Биз бир жердин элибиз, мазарыбыз, базарыбыз бир”.

Нааразылык билдирип, митингге чыккандар менен Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев жолукту. Алардын талабы каралат деп ишендирди:

“ Мен сиздер коюп жаткан талаптарды тийиштүү тармактарга жеткиргенге аракет кылам. Ал эми бул ишке сот чекит коет. Биз мыйзам чегинде карап беришин талап кылалы”.

Каза болгон Уланбек Жаманкуловдун апасы, бир тууганы жана келинчеги өткөн аптада Жалал-Абад шаарында басма сөз жыйын өткөрүшкөн. Алар милиция күнөөлүүлөрдү тез арада камакка алышын талап кылышкан.

Маркумдун апасы Айзуура Кочкорова уулун ур-токмокко алгандардын бирөө гана кармалып, уюштуруучулары баш болгон бир нече адам эркиндикте жүрөт деп нааразы. Ал милицияга тополоң тартылган видеоматериалдар берилгени менен, иш алдыга жылбай жатканын маалымдады:

“Баламдын артында келиним жана төрт неберем калды. Бул окуяны жаап-жашыруу аракеттери болуп жатат. Милиция бир баланы камап коюп отурат. Калгандары эркиндикте жүрүшөт. Ошондуктан баламдын өлүмүнө катышы бар бардык балдардын жазага тартылышын талап кылам”.

Негизи, чырдашып жаткандар райондогу Кербен шаарынын жана Ак-Дөбө айылынын айрым жашоочулары.

Аларды атайын топ кагылышууга тукуруп, Аксыдагы райондук бийликти басып алууга чакырганы айтылганы менен алардын ким экени коомчулукка азырынча маалым эмес.

Киши өлүмү менен аяктаган 7-октябрдагы кандуу окуяда митингге чыккандар аким Эсеналы Ормоналиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.

Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматы маркумдун жакындары милицияга ишенбестик көрсөтүп, прокуратура ишти УКМКнын кароосуна өткөрүү маселесин караштырып жатканын билдирди. Атайын кызмат бул иш боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы тарап 5-октябрда акцияга чыгышкан. 6-октябрга караган түнү каршылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган.

Бул окуялардан кийин өлкөдөгү бир катар район-шаарларда аким менен мэрлерди алмаштырууну талап кылгандар көбөйгөн, айрымдар кен иштеткен ишканаларды басып алууга чейин барышкан.

Аксыда 7-октябрда акимдин кызматтан кетишин талап кылып чыккан митингде калайман мушташ болуп, андан алты киши жаракат алган. Алардын бири кийинчерээк ооруканада кайтыш болгон.

Жараланган жаштар, үзүлө элек үмүт
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:07 0:00

XS
SM
MD
LG