Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Октябрь окуясынын кызматтан кеткен каармандары


Бишкектин Ала-Тоо аянты. Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги. 5-октябрь, 2020-жыл. Ортодо Сыймык Жапыкеев.
Бишкектин Ала-Тоо аянты. Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги. 5-октябрь, 2020-жыл. Ортодо Сыймык Жапыкеев.

Кыргызстандагы былтыр октябрдагы элдик толкундоонун активдүү катышуучуларынын акыркылары кызматтан алынды. Алар муну бийликтин саясий чечими катары баалап жатышат.

Эки облустун башчысы алмашты

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекитилген Мирбек Мияров 10-мартта премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен кызматтан алынды.

Ал «башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу иштен бошотулганы» кабарланганы менен кайсы кызматка бара турганын азырынча өзү да билбейт.

«Биз жумушка киргенде көп нерсени өзгөртөлү дегенбиз. Мамлекеттик чоң системада Садыр Нургожоевич менен чогуу турабыз деп ойлодук. Саясий чечим деген менен бизге да анча-мынча түшүнүксүз болуп калды. Чоң-чоң долбоорлор да ишке ашпай токтоп турат. Негизи жаңыча көз караш менен ишке киришкенбиз», - деди Мияров.

Мирбек Мияров былтыр парламенттик шайлоого «Ордо» партиясын жетектеп барган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болуп Бишкекте митинг уюштургандардын бири.

Анын ордуна бир нече компания жана фирмалардын, Канттагы медициналык окуу жайдын негиздөөчүсү Эркин Тентишев Чүйгө башчы болду.

Ал быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровду колдогону айтылган. Канттагы өзүнө таандык медициналык институттун студенттерин Жапаровго добуш берүүгө чакырганы тууралуу видеосу интернетте тараган.

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров (ортодо). Жогорку Кеңеш. 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү болгон тополоң.
«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров (ортодо). Жогорку Кеңеш. 2020-жылдын 6-октябрга караган түнү болгон тополоң.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов да 5-мартта кызматтан кетти. Мурдагы облус башчысы муну саясий чечим катары баалап, иштен бошогонун Жерүй кени боюнча позициясына байланыштырды.

Ал кайра мамлекеттик РСК-банктын директорлор кеңешинин курамына кирди.

Бузурманкулов буга чейин Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө каршы экенин билдирип, 2015-жылы кенди иштетүү үчүн лицензияны сатууда мыйзам бузулгандыгы тууралуу жергиликтүү элдин доосун калыс иликтөө талабын коюп келген.

Жарандык активист катары таанылган Бузурманкулов өкмөттүн өкүлү болуп 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин дайындалган.

Ал элдик толкундоо учурунда абактан эркиндикке чыгып, быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровду активдүү колдогон.

Талас облусундагы өкмөттүн жаңы өкүлү болуп былтыр парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Бакытбек Нарбеков дайындалды.


Эки облустун мурдагы башчылары 2020-жылдагы октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин кызматка келип, кайра иштен алынгандардын акыркылары болуп калды.

Убактылуу кызмат алгандар

Октябрь окуяларында Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурган партиялардын бир нече өкүлдөрү буга чейин да кызматка барып кайра алынды.

Алардын бири - шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан Тилек Токтогазиев.

Ал парламенттик шайлоодон кийинки саясий иш-чаралардын чордонунда жүрдү. Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Айыл чарба министрлигин октябрь айынын аягынан 2021-жылдын февраль айынын башына чейин башкарды. Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн курамына кошулган жок.

Тилек Токтогазиев Садыр Жапаров бийлигин бекемдеп алгандан кийин бир катар кадрлардан кол үзгөнүн айтты.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Садыр Жапаров «Чогуу бир команда болуп иштейли. Бөлүнгөндү токтотуп, эл үчүн кызмат кылалы» деген. Президенттик шайлоодон кийин бийлик толугу менен колуна өткөндө кайра эле эски кишилерди алып келе баштады. Өзүңөр деле анализ кылып көрсөңөр коррупцияга аралашкан адамдар кызматка келип жатат».

Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамына «Чоң Казат» партиясынын лидери Максат Мамытканов, «Ата Мекен» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан экс-депутат Элвира Сурабалдиева да кирген.

Экөө тең вице-премьер-министр кызматын аркалады. Февралдын башында өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, министрликтердин саны кыскаргандан кийин вице-премьерлердин орду жоюлуп, октябрь окуяларынын катышуучулары Мамытканов менен Сурабалдиева да кызматтан алынды.

Мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов бул тууралуу алдын ала эле билгенин айтып, «Азаттык» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди.

«Биз баарыбыз чакан өкмөт курап, бюджетти үнөмдөй турган мамлекеттик системаны түзүү боюнча убада бергенбиз. Октябрь окуяларынан кийин өзүбүз өкмөткө келген соң ошол реформаларды ишке ашыруу керек болду. Бири-бирин кайталаган мекемелерди, коррупцияга аралашкан органдарды кыскартуу тууралуу оюбузду билдирдик, комиссия иштеди. Андан кийин өкмөттүн жаңы курамы Садыр Нургожоевичке сунушталды. Биз колубузга алган күбөлүктө иштей турган мөөнөтүбүз 31-мартка чейин деп ачык эле жазылган».

Өкмөттүн курамындагы мекемелер 48ден 16га азайтылган. Анын ичинен октябрь айындагы митингде модераторлордун бири болгон Сыймык Жапыкеев жетектеген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жоюлуп кетти. Ал бул орунга октябрь окуяларынан кийин келген.

Өкмөт Финпол ишин жакшы аткарбай жатканын, ишкерликке мыйзамсыз кийлигишип, жемкорлукка өзү да жол бергенин жүйө кылып 5-мартта жоюп жиберген. Бирок андан бир күн мурун, 4-мартта Садыр Жапаров Сыймык Жапыкеевге Каржы полициясынын генерал-майору деген наам бергени 12-мартта гана белгилүү болду. Бул үчүн ал президентке ыраазычылык билдирди.

«Жоопкерчилик Жапаровдо»

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов элдик толкундоонун арты менен кызматка келип кайра жумуштан кол жууган адамдар тууралуу пикири менен бөлүштү.

«Революцияны фанаттар жасайт. Анын үзүрүн Кудай кимге буйруса ошолор көрөт. Чынында эле ошол кезде бир топ партия митингге чыгып бийлик алмашты. Анан кызматка келишти. Бирок ошондо эле «Азыр кызматка келгендер иштеп өзүн көрсөтсө ишин улантат. Кемчилик кетирип жыйынтык көрсөтпөсө маселеси каралат» деп айтышкан. Максат ал адамдарды кызматтан бошотуп, өзүнүн адамдарын кызматка коюш эмес. Эң негизгиси бийликтин алдында экономиканы көтөрүү, социалдык маселелерди чечүү, инвестиция тартуу боюнча көп иш турат. Ал үчүн ишти мыкты билген адистерди кызматка алып келүү – бул убакыттын талабы. Ал эми кызматтан алынгандар буга таарынбаганы оң. Алар бүгүнкү күндүн талабын туура түшүнүшү керек. Антпесе элге берилген убадалар аткарылбай калат».

Президент Садыр Жапаров мындан ары Кыргызстанда кадрлар сынактын негизинде тандаларын бир нече жолу кайталаган. Ал кайсы гана бийликтин тушунда иштеген адам болбосун натыйжа көрсөткөн адамдарды жумушка алуу керектигин билдирип келет.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов октябрь окуяларында митингге чыккан саясатчылар Жапаровдун бийлигин бекемдөө үчүн курал болуп калды деген пикирде.

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

«Негизи кандай гана мамлекетте революция, төңкөрүш болгондо анын катышуучуларын убактылуу болсо да кызматка коюп сооротот. Кыргызстанда октябрдагы окуяларга абдан көп адам катышты. Аларга кызмат берип бийлигин күчтөгүчө кармап туруу бийликтин максаты болгон. Президенттик шайлоону, референдумду өткөрүп, Конституциянын долбоорун парламенттен кабыл алдырып алгандан кийин алардын кереги жок болуп калды. Тескерисинче жакын адамдарын алып келип жатышат. Эми мындан ары кандай гана адам кызматка дайындалбасын аны Садыр Жапаровдун адамы деп билишибиз керек. «Кеңешчиси жана башка адам чечип коюптур» деген шылтоолор суу кечпейт. Бүгүн мамлекет үчүн жооп бере турган бир эле адам бар – ал Садыр Жапаров».

Былтыр Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон ондон ашык саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен аяктаган жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

XS
SM
MD
LG