Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Кыргыз бийлиги акимдерди сындан өткөрөт


Кыргыз бийлиги аким жана орун басарларынын кесипкөйлүгүн текшерип, иргөө үчүн аттестациядан өткөргөнү турат. Атайын комиссиясынын сынагынан өтпөй калган район башчылары кызматынан кол жууйт.

Район жетекчилерин кайра баалоо 11-мартта Нарын облусунан башталат. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган комиссия акимдер жана анын орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милициядан, атайын кызматтан жана жарандык коомдон алынган маалыматтар менен таанышып, маектешүү өткөрөт. Ага чейин акимдер район жетекчилерине тиешелүү мыйзамдар камтылган тест тапшырат.

Комиссиянын жетекчиси Маматалиев сынак ачык-айкын өткөрүлөт деп ишендирүүдө.

«Тесттин суроолору эч кимге берилбейт. Тест башталаар алдында Бишкектен компьютер аркылуу жөнөтүлөт. “Кимдир бирөөлөргө алдын ала сатат экен” деген болбогон сөздөр. Илгери болгондур, эми андай эмес. Акимдер арасында билими жоктор бар. Ошолорду электен өткөрөбүз».

Атайын комиссия район башчыларынын билим деңгээлин жеринде барып баалайт. Комиссиянын курамына президенттин, өкмөт аппаратынын жана тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү кирген. Маматалиев тест онлайн форматында өтөөрүн жана сынактын жүрүшүнө каалагандар күбө боло аларын кошумчалады.

Комиссия сынактан кийин аким жана орун басарлары жөнүндө үч чечим чыгарууга укугу бар. Биринчи чечим “өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар” деп кадрлар резервине киргизилет. Экинчиси - өз кызматында калат. Үчүнчүсү - “ээлеген кызматына ылайык эмес” деген чечим менен жумуштан бошотулат.

Акимдер иргелеби же коррупцияга жол ачабы?

Өкмөттүн акимдерди электен өткөрүү демилгесин сындагандар четтен табылды. Айрымдар акимдер ишин реалдуу бааланышынан шек санап, коррупциялык көрүнүштөр орун алышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Алардын бири парламент депутаты Жанарбек Акаев кайра баалоо шылтоосу менен жергиликтүү бийлик орундары үчүн жең ичинен акча сунуштоо башталганын айтты.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биринчиден, бул 20 жылга артка кетүү дегенди түшүндүрөт. Экинчиден, коррупциялык системага жол ачылды деген сөз. Анткени “аттестациядан өтөт” дегенден бери акимдер топурап Бишкекте жүрөт. Жанымдагы депутаттарга жолугуп кетип жатышат. “Жардам бергиле, сүйлөшүп бергиле” деп жүрүшөт. Эми аттестациядан кимдер өтөт? Министрдин кудасы, депутаттын кудасы деген сыяктуулар. Азыр кала берсе акимдик орундун баасы белгилүү болуп калды».

“Азаттык” радиосу ар кайсы аймактагы он чактыдай аким жана алардын орун басарлары менен баарлашып көрдү. Алардын кайра баалоо жөнүндө ойлору бир кылка эмес. Айрымдары кооптонуп турса, кээ бири муну бийликтин адаттагы кожо көрсүн саясаты катары кабылдап жатышкандай. Бирок көпчүлүгү пикирин ачык айтып берүүгө көнгөн жок. Аты-жөнүн жашыруун калтырууну каалаган район башчыларынын бири буларды айтты:

«Азыр алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын. Теорияны билген адистер өтүп кетиши мүмкүн. Бирок районду башкаруу үчүн практика керек. Мыкты башкаруучулар өтпөй калса кандай болот?».

Жапаровдун кадр тандоо саясаты

Садыр Жапаров талапкер кезинде мамлекеттик кызмат орундары тааныш-билиш эмес, сынак аркылуу тандалат деп убада кылган. Президент болгондон кийин 29-январда Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлык чыгарган. Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул жарлыкты мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатында деп түшүндүргөн. Марипов кайрылуусунда сынак акыйкат өткөрүлөрүн белгилеген.

«Аттестациялоо иштери жакынкы күндөрү башталат, таза, ачык-айкын, акыйкат жана бирдей шарттарда өткөрүлөт. Бардык иштер жаап-жашырылбастан элдин көз алдында, коомчулуктун катышуусунда өтөт. Президенттин жарлыгынын алкагында жана менин тапшырмамдын негизинде аттестациялык комиссиянын курамы түзүлүүдө. Ага район жана облустардын мурдагы абройлуу жетекчилери, ар түрдүү региондон мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери кирет».

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев кайра баалоонун мыйзамдык жагына токтолду.

Депутаттын пикиринде саясий кызмат орду деп эсептелген акимдерди сынактан өткөрүү натуура.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Акимдер премьер-министр тандаган, анын буйругу менен дайындалган саясий кызмат орду. Башкача айтканда башка мамлекеттик кызматкерлердей сынактан өтүп барбайт. Кайра баалоодон жетекчилик касиети жок бир кадр өтүп кетет. Мыйзамдарды, Конституцияны жаттап алгандардын баары эле районду өнүктүрүп жибербейт. Мен бул аттестацияны түшүнгөн жокмун», - деди депутат.

Административдик-аймактык реформа демилгеси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев учурда акимдердин бюджети, аймактардагы ар кандай маселелерди чечүүдө укугу чектелүү экенин белгилеп, жергиликтүү башкаруу системасын реформа кылгандан кийин гана аттестациялоо натыйжалуу болорун сунуштады.

«Биринчи кезекте административдик-аймактык реформа жүргүзүлүшү керек. Бүгүнкү күндө акимдин колунда эч нерсе жок. РЭС сыяктуу мекеме жетекчилерин акимден сурабай эле коюп коёт. Бирок алардын кемчилиги үчүн аким жооп берет. Өкмөт акимдерди “инвестиция тарт” дешет. Акимдин колунда бюджет же жери болбосо кантип тартат? Акимдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү эмес, анын ролун такташыбыз керек».

Өлкөдө жети облуста кырк район акими бар. 2016-жылы өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, акимдерди тандоо, дайындоо, кызматтан алуу өкмөт башчыга берилген. Алардын ишмердүүлүгү райондогу салык, инвестиция тартуу, кылмыштуулукту алдын алуу сыяктуу бир жылдык пландардын аткарылышы боюнча бааланат. Өлкөдө бир канча жылдан бери эле административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт деп айтылганы менен, райондорду ирилештирүү, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүн жоюу ишке ашпай келет.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев президенттин жарлыгын негизинде акимдер гана эмес, келечекте бардык жогорку кызмат адамдары сынактан өткөрүлөрүн маалымдады.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG