Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Азербайжанда шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кармалды


Анар Мамедли.
Анар Мамедли.

Азербайжанда Шайлоолорго мониторинг жана демократияга үйрөтүү борборунун (EMDTM) жетекчиси Анар Мамедли кармалып, анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү.

"Азаттыктын" азери кызматынын 30-апрелдеги маалыматына караганда, өлкөнүн Ички иштер министрлиги Мамедли кармалганын тастыктап, ага карата териштирүү жүрүп жатканын билдирди, бирок кандай айып тагылганын айткан жок.

Мамедлинин адвокаты Эльчин Садыговдун пикиринде, ал AbzasMedia көз каранды эмес иликтөөлөр сайтынын иши боюнча тергөөгө байланыштуу күбө катары кармалган болушу ыктымал.

Соңку бир нече айда Азербайжанда 20 чакты журналист жана жарандык активист кармалды, аларга аткезчилик боюнча айыптар тагылууда. Кармалгандар арасында AbzasMedia басылмасынын жетекчилиги жана бир нече кызматкери да бар. Алар бийлик таккан айыптар негизсиз экенин, журналисттик иши үчүн куугунтукка алынып жатканын айтууда.

АКШнын Азербайжандагы элчилиги Анар Мамедлинин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, азери бийлигин "негизсиз камалып отургандардын баарын тез арада бошотууга" чакырды.

Анар Мамедли 2013-жылдын соңунда да кармалып, "салык төлөгөн эмес" деген жана башка бир катар айып боюнча 5,6 жылга соттолгон. Өзү мындай айыптоону четке каккан. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп жарыялашкан. Абактан ал 2016-жылы мунапыс боюнча бошонуп чыккан. Мамедли жетектеген уюм Азербайжандагы шайлоолорго мониторинг жүргүзөт, адатта анын корутундуларында бийлик сынга алынат. Бийлик ар бир шайлоо өнөктүгү таза жана акыйкат өтүп келатат деп эсептейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG