Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Каруу-күчкө толо элек кадр резерви


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн түзүлгөн улуттук кадр резервине 715 киши сынакка катышып, 34ү өттү. Анын ичинен үч гана киши жумуш менен камсыз болгон.

Улуттук кадр резервине административдик жана жогорку кызмат орундарына резерв түзүү боюнча конкурс 2017-жылдын декабрь айында жарыяланган. Документтер 2018-жылдын январь айына чейин кабыл алынып, сынак ушул жылдын март, апрель айларында өткөн.

Жобого ылайык кадрдык резервге кабыл алынгандардын жаш курагына чектөө коюлган эмес. Эң башкысы - жогорку билими жана иш тажрыйбасы бар адистер тандалып, тандоодон өткөндөр тест тапшырышат. 60 суроодон турган тестке негизинен мамлекеттик кызматка тиешелүү мыйзамдар боюнча суроолор киргизилген.

Тесттен өткөндөр президенттин, өкмөттүн аппаратынан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын оозеки сынагынан өтүшөт. Комиссия конкурсант менен анын жүрүм-туруму, адамдык сапаты, ой жүгүртүүсү, алдыга койгон максаттары боюнча маек жүргүзөт.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров сынактан өткөн 34 кишинин үчөө кызматка дайындалганын билдирди:

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

- Улуттук кадр резервине тандалып алынган эки киши жогорку кызмат орундарына ишке кирди. Бирөө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, экинчиси Финансылык чалгындоо кызматынын статс-катчылыгына дайындалды. Андан тышкары дагы бир жараныбыз Бишкек шаарын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болду. Биз президенттин, өкмөттүн аппаратына атайын дайындалуучу кызмат орундарына Улуттук резервден кишилерди тандоо боюнча сунуш даярдап жатабыз.

Резервден келген кадрлардын бири, Финансылык чалгындоо кызматынын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев тандоонун чоо-жайы тууралуу билгендерин айтып берди:

- Улуттук кадр резервине кирип, бир жолу сынактан өтүп койсо кийин жумушка тезирээк киргенге жардам берет. Анткени буга чейин тапшырган тесттерди кайрадан тапшырбайсың. Болгону маектешүүгө кирип, талапка жооп берсең жумушка алат.

Бирок Мадумаровдун айтымында улуттук кадр резервине тандалып алынган жарандар кайсы бир кызматка сунушталса кайрадан сынактан өтүүгө туура келген учурлар болууда. “Бул өксүктү толтуруш үчүн жаңы жобо даярдалып жатат” дейт Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы.

Мекеменин мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев кадр резерви боюнча иш жайбаракат жүрүп жатат” деп эсептейт.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

- Кадрларды тандоо ачык болуп, массалык маалымат каражаттарын, жарандык коомду катыштырыш керек, - деди ал. - Кадр резервине 34 кишинин тандалып алынышы, анын ичинен мамлекеттик кызматка үч эле кишинин орношушу аздык кылат. Бул улуттук кадр резервине көңүл бурулбай жатат деген кеп. Кадр резервин атайын түзгөндөн кийин мамлекеттик кызматка алууда биринчи кезекте кадр резервиндеги адамдарга көңүл бурулушу керек. Андан тышкары тандалып алынган адамды да жөн эле коюп койбой, бардык талаптарга жооп бергидей кылып окутуп, кесипкөйлүгүн арттырыш керек.

Мамлекеттик кызматтарга кадрлардын резервин даярдоого олуттуу маани берилип жатканын президент Сооронбай Жээнбеков да жаштар менен ноябрдын башындагы жолугушуусунда айткан.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Мамлекеттик кадр кызматы улуттук кадр резервин түзүп жатат. Ага адамдар катуу тартип менен тандалууда. Биз кесипкөй, чын эле “элге, мамлекетке иштейм” деген балдарды кадрдык резервке киргизебиз. Бул долбоордун алкагында аларды жумушка орноштуруу ишин баштадык, эми аны жандантабыз. Бирок ачык айтыш керек, Мамлекеттик кадр кызматынан өтүп, кийин министрликтерге баарлашуу үчүн келгенде жаш кадрлар өтпөй калып жатканын, телефон аркылуу кызматка дайындоо болуп жатканын да жакшы билебиз, - деген эле Сооронбай Жээнбеков.​

Адистер көп учурда парламенттеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар өкмөттөгү “майлуу-сүттүү” орундарга партиялаштарын орноштурарын айтышат. Андыктан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев ишти өздөштүрүп кете албаган адистер үчүн фракциялардын жоопкерчилигин да караш керек деген пикирде.

- Азыр фракциялар адистиги жок кишилерин кызматтарга коюп жатышат, - деди ал. - Бирок мамлекетке кесипкөй адамдар керек болуп жатат. Мисалы, Айыл чарба министрлигине курулуш жаатында иштеген жетекчини коюу туура эмес экенин алар да түшүнүшү зарыл. Андыктан фракциялар да “Кадр резервинде кайсы бир кызматка ылайыктуу адам барбы?” деп карап көрүшү керек.

Мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кадр резервин түзүү боюнча 2016-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Бирок иш 2017-аягында башталган.

Жобого ылайык Мамлекеттик кадр кызматы кадр резервин түзүүнүн биринчи баскычы жыйынтыкталганын, 2019-жылы анын экинчи баскычы башталарын маалымдады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 27 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Кадр кызматы быйыл жыл аягына чейин мамлекеттик кызматтарда 1200дөн 1500ге чейин орундар бошойт деп божомолдоп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG